Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-сентябры № 471-б
Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-сентябрында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоорго (Р151102) карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Атаджанов Сабир Садыкжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары; |
Абытов Алмасбек Ахунжанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Жакыпов Кылычбек Жумагулович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Мукашев Болотбек Бейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Апасов Рысбек Тунгучбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Шаршенов Болот Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин бөлүмүнүн начальниги; |
Жумалиев Токтоболот Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Аалыев Тынчтыкбек Кудайбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
Беккулова Джыпаркуль Эшимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын начальниги; |
Ормонов Адылбек Осконбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаментинин директору; |
Салыкмамбетова Баглан Нурстановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги; |
Чомоев Жоомарт Борубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин финансы жана аудит бөлүмүнүн начальниги. |