Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-октябры № 497-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасынын № 21 жана № 31 мекемелеринде кургак учукка каршы сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу кургак учукка каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин миссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасынын № 21 жана № 31 мекемелеринде кургак учукка каршы сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу кургак учукка каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Киришүү
Түрмөлөрдө кургак учукка каршы күрөшүү программасы боюнча эл аралык стандарттарды көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) жетекчилиги № 31 мекеменин базасында кургак учукка каршы мекемелерди бириктирүүнү чечти. Кургак учукка каршы мекемелерди бириктирүү 2014-жылы аяктаган.
Кургак учукка каршы дарылоо мекемелерин бир мекемеге бириктирүүнүн максаты камактагы адамдарды аларга өкүм чыгарылган кармоо режимине карабастан кургак учуктун бардык түрү менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо жаатында алдыңкы тажрыйбалуу борборду түзүү, ошондой эле чектелген ресурстарды оптималдаштыруу болуп эсептелет. Ошентип, № 31 мекеме кургак учукту дарылоочу атайын мекемеге айланды. Кургак учук менен оорубаган, азыркы учурда ушул мекемедеги камактагылар, башка түзөтүү мекемелерине которулат. Андан тышкары, кургак учукту дарылоо үчүн бул мекеме бардык камалган эркектер үчүн аларга өкүм чыгарылган кармоо режимине карабастан жеткиликтүү болот.
2011-жылдын башынан пенитенциардык системада кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ЖАМКнын Медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынан (мындан ары - МСКУБ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун, "Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" гуманитардык уюмунун жана Эл аралык Кызыл Крест комитети (мындан ары - ЭККК) миссиясынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ № 31 мекеменин базасында ЖАМКнын 2011-жылдын 6-октябрындагы № 438 буйругу менен бекитилген ЖАМКнын кургак учукка каршы мекемелерин бириктирүү боюнча жол картасын иштеп чыгышкан. Жогоруда аталган жол картасында каралган негизги багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
- оорулууларды алардын ден-соолугуна, жуктуруу коркунуч даражасына, ошондой эле камакта кармоо режимине ылайык талаптагыдай бөлүштүрүүнү камсыздоо максатында № 31 мекемедеги эски имараттарды оңдоп, жаңы имараттарды куруу;
- мындай татаал инфратүзүмдүн иштешин жана чектелген ресурстарды оптималдуу пайдаланууну камсыздоо максатында медициналык персоналды, ошондой эле мекеменин катардагы жана жетекчи курамын толук комплекттөө;
- талаптагыдай инфекциялык контролду жана жалпы тартипти камсыздоо;
- кургак учуктун бардык формаларында, коштоочу ооруларда жана бейтапка багытталган ыкма моделинин негизинде психоактивдүү заттарды колдонууда ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүү;
- дарт аныктоо кызматтарын жакшыртуу.
№ 31 мекеменин базасында кургак учукка каршы мекемелерди бириктирүүнүн биринчи фазасында бул мекемеде көптөгөн дарыга туруктуу кургак учук менен ооруп, дарыланып жаткан бейтаптарды № 21 мекемеден № 31 мекемеге которуу үчүн зарыл инфратүзүмдөр менен камсыздоого көңүл бурулат.
ЭККК жогоруда аталган пландын биринчи фазасын дарыланып жаткан бациллярдык жана бациллярдык эмес кургак учук менен ооругандарды, ошондой эле инфекциялык контролдоонун талаптарына ылайык кургак учуктун сезгич жана дарыга туруктуу формасы менен ооругандарды катуу тартипте бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн тийиштүү инфратүзүмдү түзүү максатында каржылоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алды.
Жол картасынын экинчи жана үчүнчү фазасы ЖАМКнын № 31 мекемесинин обочолонгон жана айрым имараттарын төмөнкүдөй максаттар үчүн ыңгайлаштырууну карайт:
- бациллярдык эмес оорулууларды кармоо;
- хоспис түзүү;
- кургак учуктан дарыланып жаткан, өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынган адамдарды жайгаштыруу;
- алдын ала камалган жана кургак учуктан дарылануудан өткөн адамдарды жайгаштыруу.
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясы,
Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасында кургак учуктун алдын алуу, дарт аныктоо жана оорулууларды дарылоо жаатындагы максаттарга, жетүү үчүн биргелешип кызматташуунун зарылдыгын таанып,
төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарда кызматташуу жөнүндө макулдашты:
1) кургак учук менен ооругандарды жайгаштыруу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу;
2) оңдолгон объектилерди жана жабдууларды талаптагыдай абалда кармоо;
3) камактагы оорулууларды сапаттуу дарт аныктоо, дарылоо жана социалдык пакет менен камсыздоо;
4) маалыматтарды сапаттуу жыйноону камсыздоо;
5) мониторинг жана баалоо;
6) камактан бошотулгандарды андан кийин дарыгердик байкоо.
1. Меморандумдун максаты
Тараптар ушул Меморандумду жалпы коом алуучу кызмат көрсөтүүлөргө эквиваленттүү, ошондой эле улуттук саясатка жана эл аралык стандарттарга ылайык пенитенциардык медициналык бөлүмдөрдүн кургак учуктун, ВИЧ/СПИДдин жана башка коштоочу оорулардын алдын алуу, дартын аныктоо жана дарылоо жаатында кургак учукка каршы жана медициналык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу аркылуу камактагылардын ден соолугунун абалын жакшыртуу максатында кабыл алышты.
Ушул Меморандум № 21 жана № 31 мекемелерде кургак учукка каршы ишти камсыздоонун сапатына өзгөчө көңүл буруу менен Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасында кургак учук ооруларынын алдын алуу, аны менен ооругандардын дартын аныктоо жана дарылоо жаатында артыкчылыктуу багыттарды белгилейт.
2. Меморандумдун милдеттери
Меморандумдун милдеттери төмөнкүлөр:
1. № 31 мекемеде камалгандарды кармоонун шарттарын жана кызматкерлердин иш орундарын инфекциялык контролдоонун талаптарына ылайык жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу менен инфратүзүмүн жакшыртуу.
2. Дисциплиналар аралык ыкманы пайдалануу менен бейтапка багытталган медициналык жардамдын моделин түзүү.
3. Кургак учук менен ооругандарды дарылоону, ошондой эле инфекциялык контролдоону андан ары өркүндөтүү жана чыңдоо.
4. Эсепке алуу жана отчёттуулук системасын чыңдоо аркылуу кургак учукка каршы күрөшүү программасын аткарууга мониторинг жүргүзүүнү колдоо.
5. Медициналык кызматкерлер тарабынан № 31 мекемеде кургак учук менен ооругандарга жана зарылдыкка жараша № 21 мекемеде эксперттик консультацияларды жана иштеген жери боюнча окутуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү.
6. Медициналык кызматкерлерге иштөө үчүн тийиштүү инструменттерди жана материалдарды берүү.
7. Мекеменин катардагы жана жетекчи курамын жана медицина персоналдарын, ошондой эле камалгандарды жана аларга келүүчү үй-бүлө мүчөлөрүн инфекциялык контролдоо, көп дарыга туруктуу кургак учукту (мындан ары - КДГ-КУ) жана кеңири дарыларга туруктуу кургак учук (мындан ары - КеДТ-КУ) жана башка маанилүү коштоочу ооруларды дарылоо боюнча чаралар жөнүндө дайыма кабардар кылуу үчүн маалыматтык, билим берүүчүлүк жана коммуникациялык иш-чараларды күчөтүү.
3. Өнөктөштүк принциптери
Тараптар өз ара урмат-сыйдын, түшүнүшүүнүн жана ушул Меморандумга байланыштуу жеке жана жамааттык түрдө аткарган иштерин таануунун негизинде иштөөгө милдеттенишет. Кызматташтык ачык-айкындуулукка, отчеттуулукка, өсүп-өнүгүүгө умтулууга, ресурстарды зарылдыгына жараша бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга, бирок белгиленген максаттарга жетүү үчүн гана таянууга тийиш.
Өнөктөштүк Тараптар жактан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле камактагыларга мамиле кылуу боюнча эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык, кодулоого жол бербестен, Кыргыз Республикасындагы ЭККК статусун урматтоо менен жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт.
3.1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын инфекциялык контролдоо чараларын сактоо үчүн жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги (мындан ары - ССМ) жана ЖАМК инфекциялык контролдоо боюнча чаралардын бекем сакталышы үчүн толук жоопкерчиликти алат. Кургак учукту инфекциялык контролдоо боюнча негизги талаптар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) кургак учук менен ооруган адамдар, алардын бактериологиялык статусуна ылайык бири-биринен обочолонушу жана бөлүнүшү керек;
2) дарыланбаган кургак учук менен ооругандар, дарыланып жаткан оорулар менен бирге кайчылаш жана кайра жугузбоо үчүн бирге кармалбашы керек;
3) камактагы ВИЧ/СПИД менен ооруган, бирок кургак учук менен оорубагандар № 31 мекемеде эч кандай жагдайда кармалбашы керек;
4) № 21 мекемеде кайтаруудагы кургак учук менен ооруган камактагылар максималдуу мүмкүнчүлүк менен № 31 мекемеге которулууга тийиш;
5) кургак учук менен оорубаган, чарбалык тейлөө үчүн калтырылган камактагылар коргоонун толук комплектин алууга жана жугузуу коркунучу минумумга жеткирилген иштөө графигине ээ болушу керек.
Бийлик органдары № 31 мекемеге же андан бир жакка которгондо кабыл алуунун тиешелүү критерийлерин контролдоо жана аткаруу үчүн бир жагынан, ошондой эле экинчи жагынан инфекциялык контролдун талаптары толук сакталганда мекемени башкаруу үчүн толук жоопкерчиликти тартат.
4. Өнөктөштөрдүн ролу жана жоопкерчилиги
4.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
ЖАМК кызматташуу боюнча өнөктөштөр менен координациялоодо активдүү жана алдыңкы ролду аткарат жана пенитенциардык системада кургак учукка каршы күрөшүү боюнча программага байланышкан иш-чаралардын баарына, анын ичинде жетекчилик, контролдоо, мониторинг жана аны ишке ашырууну баалоо, ошондой эле түзүлгөн жагдайга ылайык ага зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн толук жоопкерчиликти тартат.
№ 21 мекеменин жана № 31 мекеменин базасында кургак учукка каршы мекемелерди бириктирүүдө ЖАМК төмөнкү аспекттер боюнча жоопкерчиликте болот:
Кадрдык камсыздоо/персонал
Бир жагынан сезгич жана дарыга туруктуу кургак учукту адекваттуу дарылоо жана контролдоону камсыз кылууну талаптагыдай ишке ашыруу максатында жана коштоочу ооруларды жана психоактивдүү заттарды кыянат колдонууну дарылоону, ошондой эле экинчи жагынан психологиялык колдоо көрсөтүүнү камтыган медициналык жардам көрсөтүүнүн пациентке багытталган моделинин бардык компоненттерин камсыз кылуу максатында № 21 жана № 31 мекемелерде квалификациялуу персоналдын жетиштүү санынын (анын ичинде дарыгерлер, медайымдар, лаборанттар жана № 31 мекеменин базасында ЖАМКнын кургак учукка каршы кызматтарын бириктирүү боюнча жол картасында (ЖАМКнын 2011-жылдын 6-октябрындагы № 438 буйругу менен бекитилген) болушун камсыздоо.
Керек болгон учурда ЖАМКнын же ССМдин түзүмдөрүнөн керектүү штаттан тышкаркы медициналык адистерди-консультанттарды, контракттык негизде жана иштеп жаткан кызматкерлеринин болушун камсыздоо.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун (мындан ары - УФБ) персоналдарынын квартал сайын контролдук текшерүү, ошондой эле микроскопиянын сапатын тыштан баалоо үчүн камакта кармоочу жайлардын тийиштүү жерлерине тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо.
Инфекциялык контролдоонун талаптарына ылайык пациенттерди бөлүштүрүү, ошондой эле жалпы жана медициналык дисциплинаны колдоо үчүн катардагы жана жетекчи курамдын жетиштүү санынын болушун камсыздоо.
Медициналык жабдуу
СПИД, кургак учук, жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттарын башкаруу тобунун (мындан ары - СКБГФ ГБТ) жана башка донор уюмдарынын колдоосу менен кургак учукка каршы дарылар менен өз учурунда жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо.
Кургак учукка каршы дарылардын кыйыр таасирлерин дарылоо үчүн жашоого маанилүү дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы предметтери менен өз учурунда жана үзгүлтүксүз камсыздоо.
Пациенттерди кароодо бардык тарабын камтыган ыкманы ишке ашыруу үчүн зарыл болгон дарылар менен, анын ичинде, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун колдоосу менен опиат-алмаштыруучу жана антиретровирустук терапия дарыларын пайдаланып ССМдин Республикалык наркология борбору жана ССМдин Республикалык "СПИД" борбору аркылуу өз учурунда жана үзгүлтүксүз камсыздоо.
СКБГФ ГБТнын колдоосу же ЖАМКнын өз булактары менен лабораториялык жана башка дарт аныктоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдоочу материалдар менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо.
Инфратүзүм
ЭККК тарабынан оңдолуп же курулган № 31 мекемедеги имараттарды жана инфратүзүмдөрдү оң абалда кармоо үчүн туруктуу техникалык тейлөө механизмин киргизүү, ошондой эле бюджеттин конкреттүү беренелери менен техникалык тейлөө боюнча квалификациялуу команданы бөлүү.
№ 31 мекеме үчүн мурда сатылып алынган же жаңы сатылып алынган жабдуулардын иштешин камсыз кылуу максатында үзгүлтүксүз техникалык тейлөөнүн жана сервистин механизмдерин киргизүү.
Инфекциялык контролдоонун талаптарын эске алуу менен тиешелүү турак жай аянттарын берүү жана № 21 жана № 31 мекемелерде пациенттер болгон учурда тийиштүү эмерек, төшөнчүлөр жана кийим-кече менен камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелердин имараттарында санитардык-гигиеналык шарттарды камсыздоо. Бул максатта камалгандардын жеке гигиеналык каражаттарын, ошондой эле имараттар жана курулмалар үчүн тазалоочу материалдарды сатып алууну кароо зарыл.
№ 21 жана № 31 мекемелерди коммуналдык кызматтар менен (суу, электр, жылытуу каражаттары) камсыздоо.
Тамак-аш
№ 21 жана № 31 мекемелерде камалгандарды стандарттарга жана өзгөчө талаптарга ылайык тамак-аш менен (сапаты жана саны) камсыздоо.
СКБГФ ГБТнын ресурстарын же өздүк булактарды пайдалануу менен № 31 жана № 21 мекемелерде кургак учуктан дарыланып жаткан жана/же тамак-аштын жетишсиздик белгилери бар бардык камалгандар үчүн кошумча тамак-аш берүү.
Учурларды аныктоо
Кургак учуктун учурларын аныктоо системасы менен ЖАМКнын бардык мекемелерин толук камтууну камсыздоо. № 21 мекемеге келип түшкөндө срининг жүргүзүү.
Кургак учук менен ооругандар аныкталганда тиешелүү дарылоо мекемелерине өз учурунда которууну камсыздоо.
Медициналык жардам
№ 21 жана № 31 мекемелерге бардык жаңыдан которулган кургак учук менен ооругандар үчүн бардык керектүү медициналык жана лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү аткаруу жана аларды кургак учукка каршы дарылар менен үзгүлтүксүз камсыздоо шартында диагнозу тастыкталгандан кийин (дарыга туруктуу учурлар үчүн Улуттук консилиум бекиткенден кийин) эки жуманын ичинде дарылоо программасына киргизүү.
№ 21 жана № 31 мекемелердин медициналык персоналдары тарабынан кургак учук менен ооруган бардык оорулууларды кароонун максималдуу мүмкүн болгон деңгээлин, ишти ички уюштурууну жакшыртуу жана улуттук деңгээлде жана ЖАМК деңгээлинде иштелип чыккан стандарттуу операциялык жол-жоболорго ылайык медициналык персоналдын пациенттер менен болуу убактысын көбөйтүү жолу менен камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелердин пациенттерине көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы жана антиретровирустук дарылоону түздөн-түз 100 пайыздык байкоону камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелерде камалган оорулуулардын кургак учуктан дарыланууга боло тургандыгына ишенимди иштеп чыгуу максатында пациенттерге билим берүүчүлүк, мотивациялык консультация, психологиялык жана психиатриялык медициналык кызматтарды көрсөтүү.
Кургак учуктун көп жана кеңири дарыларга туруктуулугун жана башка коштоочу ооруларды дарылоонун кыйыр таасирлерин четтетүү боюнча дарыгер-адистердин консультацияларын уюштуруу. Керек болгон учурда - ЖАМКнын медициналык мекемелерине же жарандык сектордун ооруканаларына пациенттерди өз учурунда которууну ишке ашыруу.
Кургак учук, ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү боюнча, опиоиддик алмаштыруучу терапия жана башка санитардык-гигиеналык тематикаларга бардык камалгандар жана № 21 жана № 31 мекемелердин кызматкерлери үчүн алардын муктаждыктарына жана профилдерине ылайык санитардык агартуу сессияларын туруктуу өткөрүү.
Дарылоонун кургак учукка каршы программасына кошулбаган кургак учук менен ооругандар үчүн медициналык жана/же паллиативдик жардамды (мисалы, дарылоону үзгүлтүккө учураткан, аягы жагымсыз бүтө турган оорулуулар) көрсөтүү.
№ 31 мекеменин айыптык изоляторундагы кургак учук менен ооругандар үчүн үзгүлтүксүз жана контролдоочу дарылоону, ошондой эле тиешелүү камалгандар үчүн саламаттык сактоонун жалпы талаптарына жооп берген шарттарды камсыздоо зарыл.
ССМдин жана СКБГФ ГБТнын колдоосунда - кургак учукка каршы дарылар менен үзгүлтүксүз жабдууну, кургак учуктун бардык формасын тиешелүү дарылоо жана № 2, 10, 14 түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасындагы бардык тергөө изоляторлорунда кургак учуктун пациенттерин ар тараптуу колдоону жана мониторинг уюштурууну камсыздоо.
Пациенттерди дарылоого ар тараптуу ыкмаларды колдонуу
№ 31 мекемеде пациенттерди дарылоого опиоиддик алмаштыруучу терапиянын элементтерин, ВИЧ/СПИДди жана башка коштоочу ооруларды дарылоонун элементтерин, ошондой эле психо-социалдык колдоо жана санитардык агартууну кошкондо, ар тараптуу ыкмаларды колдонуу.
Инфекциялык контроль
№ 21 жана № 31 мекемелер үчүн инфекциялык контролдоо планын иштеп чыгуу жана аны кынтыксыз аткарылышын камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелерде кургак учук менен ооруган бардык оорулууларды алардын бактериологиялык статусуна ылайык катуу тартипте административдик бөлүштүрүүнү камсыздоо.
Инфекциялык контролдоонун жекече чараларын сактоону (мисалы, кургак учуктан коргонуу үчүн респираторлорду пайдалануу) камсыздоо.
Бошотулган бейтаптар
Кургак учук менен ооруган камактагыларга эркиндигинен ажыратылган жайлардан бошотулганга чейин төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүнү камсыздоо:
- кургак учукту дарылоону үзгүлтүккө учуратуунун кооптуулугу, ошондой эле жарандык сектордо дарыланууну улантуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдоо;
- өздүгүн күбөлөндүргөн тийиштүү документтер (паспорт же инсандыгын же аны алмаштыруучу өздүк күбөлүк) жана медициналык документация (жолдомо кат, кургак учукту дарылоо картасы) менен камсыздоо;
- өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосунда жеткиликтүү социалдык жардам берүү (мисалы - ташуу, кийим);
- ага ылайык жана туура келген кургак учукка каршы жарандык мекемелерди тандоого катышуу жана пайдалуу кызматтарды жана колдоолорду көрсөткөн жарандык социалдык кызматтар жана коомдук уюмдар жөнүндө маалымдоо.
Мындан тышкары, төмөнкүлөрдү камсыздоо зарыл:
- кургак учук менен ооруган соттолгон/бошотулган оорулуу үчүн туура келген жана ылайыктуу болуп идентификацияланган кургак учукка каршы ар бир жарандык мекеме керектүү медициналык документтерди алып жана иш жүзүндө пациентти кабыл алууга макулдук берүүсүн;
- кызмат көрсөтүү жана/же колдоо көрсөтүү үчүн талап кылынуучу бардык жарандык социалдык кызматтар жана жарандык коомдун уюмдары кургак учук менен ооруган соттолгондор/бошотулгандар тууралуу кабардар болушун.
Ташуу
Кургак учукка каршы иш-чараларга байланышкан оорулууларды, медициналык персоналдарды, дары-дармектерди, лабораториялык үлгүлөрдү жана медициналык документтерди өз убагында ташуунун зарылдыгына жараша камсыздоо, ошондой эле санитардык автомобилди күйүүчү май менен жана аны иштеген абалда кармоону камсыздоо.
Эсепке алуу жана отчёттуулук
Кургак учук оорусун дарылап жаткан ЖАМКнын бардык мекемелеринде кургак учук менен ооругандарды өз учурунда каттоо максатында ЖАМК үчүн кургак учук боюнча маалыматтардын бирдиктүү электрондук базасын түзүүнү жана үзгүлтүксүз жаңыртып турууну камсыздоо.
УФБнын мониторинг бөлүмүнө кургак учук боюнча стандарттуу отчеттук формаларды өз учурунда тапшырууну камсыздоо.
4.2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ССМ, кургак учук жаатындагы Улуттук фтизиатрия борбору кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны жетектейт жана республика боюнча кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ишке, анын ичинде пенитенциардык системага жалпы жетекчилик кылат. ССМ медициналык жардамдын улуттук стандарттарына ылайык республиканын пенитенциардык системасына кургак учукка каршы күрөшүү боюнча консилиумдар жана координаторлор аркылуу эксперттик колдоо көрсөтөт.
№ 21 жана № 31 мекемелер үчүн ССМ төмөндөгүдөй колдоо көрсөтөт.
Техникалык жетекчилик
УФБ кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук пландарды, клиникалык колдонмону жана протоколдорду, ошондой эле стандарттуу операциялык жол-жоболорду иштеп чыгат. Муну ошондой эле. пенитенциардык системага керек болгон учурда тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөр менен колдонууга болот.
Биргелешкен иштер жана уюштуруу
Кургак учукка каршы күрөшүүнүн облустук борборунун алдындагы Ош облустар аралык референс-лабораториясы Ош шаарындагы № 25 мекемеде жана Жалал-Абад шаарындагы № 10 мекемеде кармалган камактагылар үчүн жоопкерчилик тартат жана дарт аныктоо кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу абалда.
УФБге караштуу улуттук референс-лаборатория № 31 мекемени жана кургак учук менен ооруган оорулууларды дарылоочу ЖАМКнын башка мекемелерин, өлкөнүн түндүк аймактарында культуралык анализ жана дарыга сезгичтикке тест өткөрүү боюнча кызматтарды акысыз, өз убагында жана жарандык секторго көрсөтүлүүчү кызматтын баасында көрсөтүү менен тейлөөнү камсыздайт.
УФБнин кызматкерлери мониторинг жана контроль жүргүзүү максатындагы текшерүү учурунда пенитенциардык системанын бардык лабораторияларын камтыйт, ошондой эле микроскопия ыкмасынын сапатына тышкы баалоону жүргүзөт.
Каржылоо/камсыздандыруу
ССМ ЖАМКнын карамагындагы камалгандарды саламаттык сактоонун жарандык секторундагылар сыяктуу эле медициналык кызматтарга бирдей жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн камсыздандыруунун мамлекеттик системасы менен жабдууну камсыздоого акырындык менен даярданууда.
Жеткирүүлөр
Донордук жардамды негизги алуучу катары УФБ ЖАМКнын МСКУБу менен пропорционалдык негизде кургак учукка каршы бардык дарылар менен, кыйыр таасирлерди дарылоо үчүн дарылоочу каражаттар менен, лабораториялык материалдар менен жана инфекциялык контролдоо үчүн товарларды жеткирүү жана кургак учукка каршы күрөшүүнүн максаттары үчүн алуучу башка товарлар менен бөлүшөт. СКБГФ ГБТ, ЖАМК менен ЭКККнын ортосундагы келишимге ылайык СКБГФ ГБТ жеткирүүчү кургак учуктун көп дарыларга туруктуулугу менен дары-дармектерди бардыгынын 15%ы пенитенциардык системага бөлүнөт.
Адам ресурстары
ССМ УФБнын алдындагы Улуттук референс-лаборатория жана Ош облустар аралык референс-лаборатория пенитенциардык сектордон пациенттердин лабораториялык муктаждыктарын жабууну улантуу үчүн жетиштүү сандагы адам ресурстарын бөлөт.
Тренингдер
ССМ, УФБ жана Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту (мындан ары - КМККЖМИ) кургак учукка каршы күрөшүү жана ушул тематикага тиешелүү башка маселелер боюнча заманбап жергиликтүү жана эл аралык тренингдердин жардамы менен ЖАМКнын дарыгерлерине жана орто медициналык кызматкерлерине өз убагында жана акысыз окутууларды жүргүзөт.
КМККЖМИ пенитенциардык системанын кызматкерлеринин окуусу үчүн белгилүү сандагы орундарды карайт.
Мониторинг/баалоо
УФБ ЖАМКнын кургак учукка каршы баардык мекемелеринин мониторингин/баалоосун жеке планына кошот жана системалык окуулар каралган жерлерде үзгүлтүксүз контролдук текшерүүлөрдү жүргүзөт.
УФБ ЖАМКнын отчётторун отчеттуулуктун улуттук системасына жана маалыматтардын улуттук базасына киргизет, ошондой эле ЖАМКнын кургак учукка каршы кызматтарына аналитикалык колдоо көрсөтүүсүн камсыздайт.
Тышкы консультациялар
УФБ ЖАМКнын кургак учукка каршы мекемелерине өз учурунда жана бекер консультация берүүнү камсыздайт.
ССМ ЖАМКнын кургак учукка каршы мекемелерин башка патологиялар боюнча алдыңкы адистердин өз убагындагы жана акысыз консультациялары менен камсыздайт жана оорулууларды дарыланууга жөнөтүүдө көмөктөшөт.
Кургак учук менен ооруп бошотулгандар
Кургак учукка каршы жарандык мекемелер эркиндигинен ажыратылган жайдан бошотулган кургак учук менен ооруган оорулууларды дарылоону үзгүлтүккө учуратпастан, аларды бирдей кароону камсыз кылышат жана аларды тиешелүү жарандык социалдык кызматтар жана жарандык коомдун уюмдары менен байланыштыруу үчүн көмөк көрсөтүшөт.
4.3. Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин миссиясы
ЭККК төмөнкү жааттарда техникалык жана материалдык колдоо көрсөтөт:
ЖАМКнын № 31 мекемесинде реконструкция (анын ичинде кээ бир курулуш иштерин аткаруу) жана имараттарды жана жабдууларды техникалык тейлөө.
№ 31 мекемеде дарылануудагы кургак учук менен ооругандардын бардыгынын дарыга сезгичтигин жана бактериологиялык статусунун профили боюнча жайгаштыруу жана бөлүштүрүү үчүн керектүү инфратүзүмдүн болушун камсыздоо максатында ЭККК төмөнкүдөй колдоолорду көрсөтөт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн курчалган бир имарат куруу, ошондой эле бул имаратты эмеректер менен жабдуу;
2) кургак учуктун сезгич формасы менен ооруган оорулуулар үчүн колдонуудагы ооруканаларды реконструкциялоо;
3) энергия жана суу менен камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү, ошондой эле бул имараттарда канализация, жуунуучу блокторду жана башка объектилерди түзүү;
4) № 31 мекеменин имараттарын жана курулмаларын тиешелүү түрдө кармоого багытталган колдоо көрсөтүү;
5) № 21 мекемедеги кургак учукка скринингди жакшыртуу үчүн инфекциялык контроль боюнча минималдуу чараларды камсыздоо максатында керектүү жайларга реконструкция жүргүзүү.
Дарт аныктоону жана андан кийинки терапевттик кызматтарды жакшыртуу
УФБнын алдындагы Улуттук референс-лаборатория натыйжалардын (сезгичтиги, өзгөчөлүгү жана Борстель шаарында жүргүзүлгөн дарыларга сезгичтикти тестирлөөнүн натыйжалары менен макулдугу) тактыгын алууга жөндөмдүү болгонго чейин Бостель шаарындагы (Германия Федеративдик Республикасы) референс-лабораторияда посевди жана дарыларга сезгичтикти так жана өз убагында Эл аралык Кызыл Крест комитети тарабынан төлөнүүчү тестирлөөнү уюштуруу.
№ 21 жана № 31 мекемелеринин лабораторияларынын персоналдарын тиешелүү даярдоого көмөк көрсөтүү.
№ 21 жана № 31 мекемелердин лабораторияларынын персоналдарын окутуунун сапатын контролдоону камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелердин лабораториялары үчүн керектүү лабораториялык реактивдерди/чыгымдалуучу материалдарды берүү.
№ 21 жана № 31 мекемелерде жабдууларды тиешелүү абалда кармоого жардам көрсөтүү.
№ 21 жана № 31 мекемелердин лабораторияларында стандарттуу операциялык жол-жоболордун болушун, ошондой эле стандарттуу каттоо журналын жана ар айлык отчётторду түзүүнү камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелерде кургак учук менен ооругандарды дарылоо жана кароо жана бошотулган оорулууларды тиешелүү түрдө өткөрүп берүү
КДТ-КУ жана КеКТ-КУ дарылоо программасына киргизүү үчүн оорулууларды тандоодо жана даярдоодо техникалык жардам көрсөтүү.
Оорулуулардын дарылануусу жана дарылануу режимин сактоого жүйөөлөрүн жогорулатууга түздөн-түз байкоо жүргүзүү туруктуу техникалык көзөмөлдү жана практикалык жардамдарды көрсөтүүнү камсыздоо.
Туруктуу эксперттик колдоону жана КДТ-КУ жана КеКТ-КУ менен ооругандар үчүн рецептураны тандоодо практикалык жардам көрсөтүүнү камсыздоо.
Кургак учукту дарылоонун кыйыр натыйжаларын четтетүүдө туруктуу техникалык колдоону жана практикалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу.
ВИЧ-жугузган оорулуулардын антиретровирустук терапияга карата ниеттенгендигин арттыруу боюнча иштерди уюштуруу.
Опиоиддик алмаштыруучу терапия программасына оорулууларды киргизүүгө жардам көрсөтүү.
Оорулуулар үчүн дагы, пенитенциардык мекемелердин кызматкерлери үчүн дагы санитардык-агартуучу сессияларды өткөрүү.
Айрым оорулуулар жана дарыланууга ниеттенүүгө көңүл бурган топтор үчүн психологиялык сабактарды өткөрүү.
Дарылануунун режимин сактоо максатында КДТ-КУ жана КеКТ-КУ менен ооругандар үчүн азык-түлүк жана гигиеналык пакеттерди берүү.
Керектүү кеңсе товарларын жана кир жуугуч каражаттарды сатып алуу.
№ 21 жана № 31 мекемелерде инфекциялык контролдоо чараларын колдоодо туруктуу техникалык көзөмөлдү жана практикалык жардамды камсыздоо. Коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча жабдууларды (ультра кызгылт-көк лампаларды, медициналык калдыктарды коопсуз утилдештирүү үчүн жабдуулар) берүү жана жекече коргоо каражаттарын (кургак учуктун коргонуучу респираторлорду, медициналык униформаларды, коопсуздукту камсыздоо максатында жабдууларды тестирлөө үчүн приборлорду) жеткирүү.
Кыйыр реакцияларды дарылоо үчүн дары-дармектер менен камсыздоо (буга ЭКККда бул каражаттар болгондо).
КДТ-КУ жана КеКТ-КУ менен ооруган оорулуулар үчүн тышкы консультацияларды (хирург, эндокринолог, офтальмолог ж.б.) камсыздоо максатында финансылык жана логистикалык колдоо көрсөтүү, бул үчүн ЭКККда буга каражаттар болгондо.
№ 21 жана № 31 мекемелерде узакка дарылоо процессинин убагында физиологиялык, психологиялык жана социалдык бүтүндүктү колдоо үчүн кошумча материалдарды жана жабдууларды (гигиена предметтери, ич кийимдер, спорттук буюмдар, китептер, оюндар ж.б.) берүү.
ЖАМКнын кызматкерлерине бошотуу алдында оорулууларды даярдоого, тиешелүү медициналык документтерди тариздөөнү, оорулууларды жарандык мекемелерге берүүнү, аларды ташууну кошкондо, ошондой эле мамлекеттик кызматтар менен жана социалдык колдоону камсыздаган жарандык коомдун уюмдары менен байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.
Кадрдык ресурстарды өнүктүрүү
Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ЭККК командасынын мүчөлөрү тарабынан № 21 жана № 31 мекемелердин медициналык персоналдарын техникалык жактан колдоо жана күндөлүк практикалык жардам көрсөтүү, атап айтканда кургак учук дартын аныктоо жана дарылоо, пациентке-багытталган кароо, социалдык жана психологиялык колдоо, мониторинг жана баалоо, ошондой эле инфекциялык контролдоо боюнча чараларды ишке ашыруу маселелерин камсыздоо.
№ 21 жана № 31 мекемелерде медициналык башкаруучу персоналдарды алардын кесиптик көндүмдөрүн жакшыртууда, анын ичинде КДТ-КУ жана КеКТ-КУ менен ооругандарды дарылоо жана кароо боюнча иш-аракеттердин кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын иштеп чыгуу, дарылоону жүргүзүү, оорулууларды окутуу, эсепке алуу жана отчеттуулук, лабораториялык иш-чараларды, инфекциялык контролдоону жана социалдык колдоо көрсөтүүнү колдоо.
Бардык персоналдар үчүн ЖАМКнын окутуу планын ишке ашырууга көмөктөшүү.
ЖАМКнын жаны кабыл алынган № 31 мекемеге дайындалган фтизиатрларын, аларды КМККЖМИда фтизиатрия курстарында окутууда колдоо.
Кургак учукту эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасы
Эсеп жана отчеттук документтерди туура жана өз убагында жүргүзүүгө ар күндүк негизде эксперттик колдоо жана практикалык жардам көрсөтүүнү камсыздоо.
ЖАМК үчүн кургак учук боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү жана жер-жерлерде окутууну камсыздоо.
ЖАМКнын кургак учукка каршы мекемелерин УФБнын мониторинг жана баалоо системасы менен мониторинг жүргүзүү визиттерин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында, ошондой эле лабораториялык иштерди кошкондо, УФБ алдында өз учурунда жана тиешелүү отчетторду берүү максатында камтууну камсыздоо. Андан ары УФБ байкоого алат.
Тиешелүү маалымат-техникалык жабдууларды талаптагыдай абалда кармоого көмөк көрсөтүү.
5. Мониторинг жана баалоо
Тараптар зарылдыкка жараша ушул өнөктөштүк жана долбоордун өнөктөштөрү менен байланышкан маалыматтарды берип турууга макул.
Тараптар начар жактарды аныктоо жана сунуштамаларды берүү үчүн өнөктөштүктүн максаттарына, милдеттерине жана күтүлгөн натыйжаларына жетишүүдөгү жалпы прогрессти кароо үчүн жылына экиден кем эмес жолугушуу өткөрүүгө тийиш.
Тараптар № 21 жана № 31 мекемелерде мониторинг жана баалоо боюнча биргелешкен бири-бирин колдоочу контролдук текшерүүлөрдү жана үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүүгө макул.
6. Интеллектуалдык менчик укугу/автордук/купуялуулук
Ушул Меморандум автордук материалдарды (логотиптерди кошкондо) пайдаланууга же купуя маалыматты Тараптардын атайын алдын ала уруксатысыз үчүнчү жактарга берүүгө жол бербейт.
Тараптар ар кандай маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү, аларды ачуу купуялуулуктун бузулушуна алып келиши же калктын кайсы бир максаттуу тобунун коопсуздугун коркунучка алып келиши мүмкүн.
7. Чыр-чатактарды чечүү
Тараптар ар кандай пикир келишпестиктерди же талаш-тартыштарды биринчи кезекте сүйлөшүү жолу менен жана өз алдынча чечүүгө аракет кылат.
8. Өнөктөштүктүн токтошу
Меморандум күчүндө болгон мезгилде Тараптардын ар бири башка Тараптын жетекчилигине үч ай мурда жазуу жүзүндө кабарлоону жөнөтүп, анын ишин токтото алат.
Форс-мажордук кырдаалдар жаралган учурда Тараптардын макулдашууларын аткаруу мындай кырдаалдардын аракеттери бүткөнгө чейин токтотулат.
9. Күчүнө кирүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
Ушул Меморандум кайсы бир Тарапты же алардын кызматкерлерин кандайдыр-бир финансылык же башка жоопкерчиликке расмий документтерсиз милдеттендирбейт.
Ушул Меморандум Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана 2017-жылга чейин күчүндө болот.
Ушул Меморандум күчүнө киргенден кийин бул Меморандумдун катышуучу-Тараптардын көпчүлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 2015-жылдын "___" _________________, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдериндеги үч түпнускада түзүлдү, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ жана Тараптардын архивдеринде сакталат. Меморандумдун версияларынын ортосунда ажырым түшүнүктөр болгондо, англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үчүн |
| ______________________________ |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| ______________________________ |
|
|
|
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин миссиясы үчүн |
| ______________________________ |