Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-октябры № 496-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Япониянын Патенттик ведомствосунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) менен Япониянын Патенттик ведомствосу (мындан ары - ЯПВ),
инновацияларда экономикалык инвестицияларды, ошондой эле ишкердик маанайды колдоочу улуттук жана дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгүн таанып,
үзгүлтүксүз маалымат, тажрыйба алмашуу, окутууну жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн механизмдерди түзүү аркылуу интеллектуалдык менчиктин колдонуудагы системаларын күчөтүү үчүн Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
ушул Кызматташтык жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) кол коюуга макулдашты.
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана өз ара пайданын жана теңдиктин негизинде инновациялык ишти өнүктүрүү жаатында кызматташуусу үчүн негиз болуп саналат.
2. Ушул Макулдашуунун алкагындагы иш Кыргызпатент менен ЯПВнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүгө, интеллектуалдык менчикти башкаруу системасын жакшыртууга, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулукка интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө маалымат берүүнү жогорулатууга, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында маалымат алмашуу жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
3. Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан бирге иштөөнүн төмөнкүдөй багыттарын аныкташты:
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана инновациялык ишти өнүктүрүү жаатында маалымат алмашуу;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш жаатында адистерди кесиптик даярдоону уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
- семинарларды, тегерек столдорду жана конференцияларды биргелешип өткөрүү;
- тааныштыруу визиттерин уюштуруу;
- колдонулуудагы милдеттенмелер үчүн зыянсыз кызматташтыктын башка өз ара макулдашылган формалары.
4. Ушул Макулдашуу Тараптардын ыйгарым укуктарына ылайык интеллектуалдык менчикке укуктарды алуу, пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтык үчүн чекти аныктайт.
5. Ушул Макулдашуунун алкагында иш-чараларды ишке ашыруу каражаттар жана ресурстар болгон учурда, ошондой эле ар бир Тараптын бюджеттик артыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
6. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар өз ара макулдашуу боюнча кызматташтык жөнүндө ар жылдык пландарга кол коюшат.
7. Тараптар эгер ушул Макулдашуу узартылбаса, ал боюнча башталган долбоорлорду бүтүрүү үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшашат.
8. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан кандай пикир келишпестиктер жана талаш-тартыштар болбосун сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу чечилет.
9. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул берененин 10-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10. Ушул Макулдашуу ага кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Анын колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламайынча, кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат. Мындай учурда Макулдашуу аталган кабарламаны экинчи Тарап алган датадан отуз (30) күн өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
11. _________________ шаарында 2015-жылдын "___"____________, эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, англис жана япон тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы үчүн |
| Япониянын Патенттик ведомствосу үчүн |
|
|
|
Марат Назарбеков Төрага |
| Хитоши Ито Комиссар |