Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 541-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен Монголиянын Өкмөтүнүн Минералдык ресурстар боюнча аткаруучу агенттигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен Монголиянын Өкмөтүнүн Минералдык ресурстар боюнча аткаруучу агенттиги, мындан ары "Тараптар" деп аталышып,
Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы салттуу байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү зарыл деп ишенишип,
геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуудан улам,
мындай кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүп жана чыңдоого көмөк көрсөтө тургандыгын таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Меморандумдун максаты геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында Тараптардын ортосунда эки тараптуу илимий, техникалык жана укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.
1. Ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн Тараптар төмөндөгү багыттар боюнча кызматташууга ниеттенишет:
а) минералдык ресурстар жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө мыйзамдуулук жана институционалдык өнүктүрүүнүн маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
б) геология жана кен казуу өнөр жайы жана тоо профилиндеги кооптуу өндүрүштүк объектилерди коопсуз пайдалануу чөйрөсүндөгү билим берүүнүн мамлекеттик системасы жагынан тажрыйба жана билимдер менен алмашуу;
в) жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү өткөрүү.
2. Ушул берененин 1-пунктунда каралган багыттардын алкаганда биргелешкен иштерди, аларды аткарууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен жүргүзүү Тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
1. Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй негизги форматтарда ишке ашырылат:
а) пайдалуу казылма кендерге баруу менен тажрыйба жана билим алмашуу;
б) биргелешкен программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
в) биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде конференцияларды, форумдарды, симпозиумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
г) геологиялык жана кен казуу тармагынын адистеринин кесипкөйлүгүнүн жана билимдеринин деңгээлин жогорулатуу максатында өз ара окутуу;
д) геологияга жана кен казуу тармагына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү тажрыйбаны алмашуу;
е) ушул Меморандумдун шарттарын аткаруу процессинде Тараптар макулдаша ала турган кызматташтыктын бардык башка формалары.
2. Тараптардын ар бири ушул Меморандумга кол коюлган учурдан тартып 2 (эки) айдын ичинде ушул Меморандумда көрсөтүлгөн кызматташтыктын багыттары боюнча Тараптар ишке ашыруучу милдеттерди координациялоого жана аткарууга жооптуу болгон өздөрүнүн өкүлдөрүн дайындашат жана бул тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлайт.
3. Өз ара макулдашуу боюнча Тараптар жумушчу топторду жана биргелешкен коллегиалдуу, анын ичинде тийиштүү чечимдерди иштеп чыгуучу, Тараптар макулдашкан долбоорлорду даярдоо жана аткарылышын камсыз кылуучу органдарды түзө алышат.
4. Ушул Меморандумдун негизинде жана эки Тарап менен сүйлөшүлгөн конкреттүү багыттар боюнча кызматташтыкты ишке ашыруу максатында кошумча тиешелүү макулдашуулар жана келишимдер түзүлүшү мүмкүн.
5. Ушул Меморандумду аткарууда Тараптар Тараптардын ар биринен алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттенишет.
6. Ушул Меморандумдун алкагында Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы түзүлгөн эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга бирдей таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алышат жана тең укуктуулук, ачыктык жана ак ниеттүүлүк принциптеринде өз ара аракеттенүүнү ишке ашырышат.
Тараптардын өз ара макулдашуусу менен ушул Меморандумга ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдарынын колу коюлган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Меморандумду чечмелөө, колдонуу же ишке ашыруу боюнча Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар пайда болгон учурда Тараптар өз ара алгылыктуу пикирге жетишүү максатында өз ара консультацияларды өткөрүшөт.
1. Ушул Меморандум Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум 2 (эки) жылга түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка Меморандумдун күчүн токтотуу жөнүндө ниетин тийиштүү мөөнөт бүткөнгө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбей, жазуу жүзүндө кабарлабаса бул мезгил аяктагандан кийин анын күчү андан кийинки эки жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Жогоруда баяндалгандарды тастыктап ушул Меморандумга ______________ шаарында 2015-жылдын "__" ______________ кыргыз, монгол, орус жана англис тилдеринде, бирдей юридикалык күчкө ээ, эки түп нускада кол коюлду. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда негиз үчүн англис тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик үчүн | Монголия Өкмөтүнүн Минералдык ресурстар боюнча аткаруучу агенттиги үчүн |