Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 605-б
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар мамлекетинин Юстиция министрлиги, эки мамлекеттин ортосундагы ар кандай жааттагы өз ара кызматташтыкты тереңдетүү жана улантуу максатында,
улуттук да, ошондой эле эл аралык да деңгээлдерде укук жана юстиция жаатындагы мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ролунун маанилүүлүгүнө ынанып,
укуктун өнүгүү динамикасын жана табиятынын жыйындысын эске алып, жана
укуктук маселелер боюнча билимди жана тажрыйбаларды алмашуу жана илимий жолугушууларды жана тренингдерди уюштуруу чөйрөсүндө иштөө менен,
эл аралык милдеттенмелерди, мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жана Тараптардын компетенциясын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
Тараптар төмөнкүдөй тармактарда кызматташышат:
a) өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн укуктук маселелер боюнча маалыматтарды алмашуу;
b) Тараптардын ар биринин укуктук системасы боюнча маалыматтарды, ошондой эле административдик башкаруу боюнча маалыматтарды алмашуу;
c) укукту ишке ашыруунун ченемдерин жана механизмдерин өркүндөтүү жаатындагы тажрыйбаларды алмашуу;
d) Тараптардын ар биринин жана алардын компетенттүү органдарынын иши боюнча тажрыйба алмашуу;
е) соттук экспертиза жаатындагы маалыматтарды жана тажрыйбаларды алмашуу;
f) тиешелүү мекемелердин алкагында, Юстиция министрлигинин системасында иштеген кызматкерлерди даярдоо жаатындагы кызматташтык;
g) Тараптар үчүн өз ара кызыкчылыкты билдирген укуктук маселелер боюнча кызматташтык.
Тараптардын мыйзамдары менен байланышкан ар кандай темалар жана маселелер боюнча симпозиумдарды, конференцияларды жана биргелешкен окутуучу курстарды өткөрүүнү жана уюштурууну, анын иш жүзүндө колдонулушун Тараптар колдошот. Бирок Тараптар айтылган иш-чараларды өткөрүүнүн жана катышуунун жыйынтыктары боюнча жетишилген эң эле маанилүү натыйжаларды жана сунуштамаларды бири-бирине беришет.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен байланышкан, өзгөчө эки мамлекеттин юстиция министрликтеринин компетенциясына тиешелүү жаңылыктардын жыйындыларын, юридикалык журналдарды, жарыялоолорду жана изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз алмашып турушат.
Тараптар эки мамлекеттин юстиция министрликтеринин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн иши менен таанышуу үчүн Тараптардын делегацияларынын бири-бирине визиттерин уюштурушат.
Тараптар Тараптар уюштурган курстарга жана семинарларга катышуунун жана өз ара тажрыйба алмашуунун негизинде өздөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу чөйрөсүндө тыгыз кызматташышат.
Тараптар улуттук маалыматтык укуктук система чөйрөсүндө иштеген адистерди жана тажрыйбаларды алмашышат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашырууга көмөктөшүү үчүн Тараптар өздөрүнүн кызматкерлеринин ичинен жумушчу топту түзүшөт.
Жумушчу топ Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын программаларын жана багыттарын аныктоо үчүн Тараптардын эки мамлекетинин биринде жыл сайын кезек менен чогулушат, мында бул багыттагы финансылык мүмкүнчүлүктөр жана кызматташтык боюнча мүмкүн болуучу иш-чаралар эске алынат.
Тараптардын ар бири ушул Макулдашуудан келип чыккан өз ара аракеттенүү менен байланышкан өздөрүнүн чыгымдарын жабууга милдеттенишет, мында Тараптардын макулдашуусу боюнча башка чечим кабыл алынбаган учурлар кошулбайт.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын бири катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде каралган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болбойт.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу маселелери боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштар Тараптардын ортосундагы консультациялар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жылга чейин колдонулат. Эгерде Тараптардын эч бири Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү бүтөөрдөн кеминде 6 (алты) ай мурда анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү башка Тарапка жөнөтпөсө, бул Макулдашуунун колдонулушу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
_____________ шаарында 201__-жылдын _________/________/ эки түп нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
| Катар мамлекетинин Юстиция министрлиги үчүн |