Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 607-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып);
алардын ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жана атап айтканда Макулдашуучу тараптардын биринин инвесторлору тарабынан инвестицияларды ишке ашыруу үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап;
инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо ишкердик демилгени алга жылдырууга жана Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жыргалчылыгын жогорулатууга көмөк көрсөтө тургандыгын таанып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттарында:
1. "Инвестициялар" термини Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагында активдердин жана укуктардын бардык түрлөрүн билдирет жана төмөнкүлөрдөн турган активдерди же укуктарды камтыйт:
а) үлүштөш салымдарды, акцияларды жана капиталга катышуунун башка формаларын, облигацияларды, карыздык тил каттарды жана компаниянын карыздык милдеттенмелериндеги карыздык катышуунун башка формаларын, ошондой эле Макулдашуучу тараптын бир мамлекетинин инвестору чыгарган башка карыздарды, ссудаларды жана баалуу кагаздарды;
б) акчалай талаптарды же контракт боюнча активдердин ар кандай башка түрлөрүнө талаптарды же экономикалык баалуулукка ээ болгон милдеттенмелерди аткарууну;
в) мүлктүк эмес укуктарды (анын ичинде интеллектуалдык менчикке карата укукту, анын ичинде ишкердик кадыр-баркты, автордук укуктарды, патенттерди, соода белгилерин, өнөр-жай дизайнын жана моделдерди, технологиялык процесстерди, ноу-хауну, коммерциялык сырларды, соода аталыштарын жана гудвилди);
г) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары, Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык берилген же кандайдыр бир лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн негизиндеги келишимдерди, анын ичинде жаратылыш ресурстарын чалгындоо, изилдөө, казып алуу же пайдалануу укуктарын;
д) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ар кандай башка укуктарын жана ижара, ипотека, мүлктү, күрөөнү, кепилдик жана башкалар сыяктуу менчикке карата ар кандай байланыштуу укуктарды;
е) кайра инвестициялоо максатындагы бөлүштүрүлбөгөн кирешелерди жана жоюудан алынган акча каражаттарын.
Активдерде же инвестицияланган же кайра инвестицияланган укуктардагы ар кандай формаларды өзгөртүү инвестициялар сапатындагы алардын мүнөзүнө таасир бербөөгө тийиш.
2. "Инвестор" термини Макулдашуучу тараптарга карата төмөнкүлөрдү билдирет:
а) Макулдашуучу тараптар;
б) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин анын улуттук мыйзамдарына ылайык жарандыгына ээ болгон жеке жак;
в) Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык пайда алуу максатына карабастан уюштурулган же түзүлгөн, ошондой эле Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттин юрисдикциясында турган жекече же менчиктин мамлекеттик формасы же менчикте турган же Макулдашуучу тараптардын бир мамлекетинин инвесторунун менчигинде же натыйжалуу контролунда, реалдуу башкаруу борбору Макулдашуучу тараптардын кабыл алуучу мамлекетинде турган ар кандай юридикалык жак.
3. "Киреше" термини жумшалган формасына карабастан инвестициялардан алынган каражаттарды билдирет, бирок атап айтканда пайданы, пайыздарды, капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерди, дивиденддерди, роялтини жана башкаруучу төлөмдөрдү, техникалык жардамды же төлөмдөрдүн же жыйындардын башка түрлөрүн, ошондой эле алардын түрлөрүнө карабастан накталай формадагы төлөмдөрдү билдирет.
4. "Аймак" термини төмөнкүлөрдү билдирет:
а) Кыргыз Республикасына карата: Кыргыз Республикасынын аймагын, анын ичинде жерлерин, ички сууларын жана алардын алдындагы аба мейкиндиктерин, анын ичинде Кыргыз Республикасы эл аралык укуктарга жана мыйзамдарга ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын ишке ашырган анын жер казынасын;
б) Кувейт мамлекетине карата: Кувейт мамлекетинин аймагын, анын ичинде анын эл аралык укукка ылайык анын аймактык сууларынын чегинен тышкаркы ар кандай аймактары, Кувейт мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык Кувейт мамлекети эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын ишке ашырган аймак.
5. "Кечиктирилгис" термини төлөмдөрдү которуу үчүн зарыл болгон формалдуулуктарды аяктоо талап кылынган мезгилди билдирет. Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил төлөмдөрдү которууга суроо-талап берилген күндөн тартып башталат жана бир (1) айдан ашпайт.
2-берене. Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын бир мамлекетинин инвесторлорунун Макулдашуучу тараптын экинчи мамлекетинин аймагында күчүнө кирген же андан кийин ишке ашырылган бардык инвестицияларга карата колдонулат.
3-берене .Инвестицияны таануу, колдоо жана коргоо
1. Макулдашуучу тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлорунун капиталдык салымдары үчүн ыңгайлуу шарт түзөт жана Макулдашуучу тараптын өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу укугун эске алуу менен тааныйт, колдойт жана коргойт.
2. Макулдашуучу тараптардын бир мамлекетинин инвесторлорунун инвестицияларына Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын жалпы таанылган принциптерине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында адилеттүү жана тең укуктуу режим, толук коргоо жана коопсуздук берилет.
3. Макулдашуучу тараптын бири дагы негизсиз же экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында инвесторлордун инвестицияларын башкарууну, коштоону, пайдаланууну, ээ болууну же жайгаштырууну басмырлоочу чаралар менен начарлатпоого тийиш.
4. Макулдашуучу тараптардын биринде ишке ашырылган учурдан тартып мамлекеттин инвесторлорунун инвестицияларына карата алардын жашоосуна зыян келтириши мүмкүн болгон же аларды пайдаланууга, башкарууга, коштоого, эксплуатациялоого, кеңейтүүгө, сатууга же башкача жайгаштырууга терс таасир берүүчү кошумча талаптар коюлбоого тийиш.
4-берене. Улуттук режим
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин инвесторлоруна ушундай жагдайларда ал өзүнүн инвесторлоруна экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында инвесторлор тарабынан инвестицияларын түзүүгө, ээ болууга, кеңейтүүгө, башкарууга, коштоого, эксплуатациялоого, сатууга же башка жайгаштырууга берген жагымдуу жагдайлардан кем эмес шартты түзөт.
2. Макулдашуучу тараптардын ар бири Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык инвестицияларын түзүүгө, ээ болууга, кеңейтүүгө, башкарууга, коштоого, эксплуатациялоого, сатууга же башка жайгаштырууга карата өзүнүн инвесторлорунун инвестицияларына ушундай жагдайларда бергенден кем эмес жагымдуу режим түзөт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык режимди Макулдашуучу тараптардын бири Макулдашуучу тараптардын мамлекетинин улуттук мыйзамдарынын алкагында уюштурулган жеке жана юридикалык жактарга карата колдонот.
5-берене. Кыйла жагымдуу режим
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлоруна өзүнүн аймагында инвестицияларды түзүүгө, ээ болууга, кеңейтүүгө, башкарууга, коштоого, эксплуатациялоого, сатууга же башка жайгаштырууга карата ушундай жагдайларда өзүнүн инвесторлоруна жана үчүнчү тараптын инвесторлоруна берген жагымдуу жагдайлардын кем эмес режимди берүүгө тийиш.
2. Макулдашуучу тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында инвестицияларды түзүүгө, сатып алууга, кеңейтүүгө, башкарууга, коштоп жүрүүгө, пайдаланууга жана сатууга же инвестициясын алып коюуга карата үчүнчү тараптын мамлекетинин инвесторлоруна түзүлүүчү режимден кем эмес жагымдуу режимди берет.
3. Ошол эле учурда бул берененин жоболору Макулдашуучу тараптардын биринин экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна же инвестицияларына төмөнкүлөрдөн келип чыккан кандайдыр бир режимди, жеңилдиктерди же артыкчылыктарды берүү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
а) ар кандай бажы союзунан, экономикалык союздан, эркин соода зонасынан, валюта союзунан же болбосо ар кандай башка региондук экономикалык макулдашуудан, же болбосо Макулдашуучу тараптардын ар бири катышуучусу болуп саналган же санала турган ошол сыяктуу эл аралык макулдашуудан, же
б) ар кандай эл аралык же региондук макулдашуулар, же болбосо башка ушул сыяктуу макулдашуудан, ошондой эле ар кандай улуттук мыйзамдардан салык салууга толук же жарым-жартылай таандык болгондордон.
6-берене. Зыян тартууларды компенсациялоо
1. 8-беренеде баяндалган учурларды кошпогондо, Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин инвесторлору ишке ашырган инвестициялар согуштан же башка куралдуу чыр-чатактардан, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдан, көтөрүлүштөн, жарандык толкундоолордон, козголоңдон же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы ошол сыяктуу окуялардан зыян тартса, кийинки Макулдашуучу тарапка ошол Макулдашуу тарап өзүнүн инвесторлоруна же ар кандай үчүнчү тараптын мамлекетинин инвесторлоруна берген жагымдуу шарттардан кем эмес реституция, ордун толтуруу, компенсациялоо же башка жөнгө салууга карата андан кем эмес режимди түзүп берет, андай режим инвестор үчүн эң жагымдуу болуп саналат.
2. Зыянсыз ушул берененин 1-пунктунда каралган, Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин инвесторлору ушул пунктта көрсөтүлгөн ар кандай окуялардан улам келип чыккан зыян тартуу же чыгашага экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында төмөнкүлөрдүн натыйжасында учурашат:
а) инвестицияларды алып коюу же болбосо алардын бөлүктөрүн куралдуу күчтөрдүн же Макулдашуучу тараптын мамлекетинин бийликтеринин алып коюшу;
б) инвестицияларды жок кылуу же болбосо алардын бөлүктөрүн куралдуу күчтөрдүн же Макулдашуучу тараптардын бийликтеринин жок кылышы, алар согуштук аракеттерден пайда болгон эмес же мындай жагдайда адилеттүү, талаптагыдай же натыйжалуу калыбына келтирилет же тарткан зыяндын же чыгашанын орду төлөнөт. Акыркы төлөөлөр эркин конвертациялоочу валютада ишке ашырылат.
7-берене. Экспроприация
1. (а) Макулдашуучу тараптын ар кандай мамлекетинин инвесторлору экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ишке ашырган инвестициялары мамлекеттештирилүүгө же экспроприацияланууга (мындан ары - "экспроприация" деп аталуучу) же экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекеттештирүүгө же экспроприациялоого эквиваленттүү түз чараларына, коомдук кызыкчылыктарда чара көрүүлөрдү кошпогондо кабылышы мүмкүн эмес, буга Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык кечиктирилгис, адилеттүү жана талаптагыдай компенсация берүүлөрү кирбейт.
(б) Компенсациянын өлчөмү экспроприацияланган инвестициялардын иш жүзүндөгү наркына ылайык келүүгө тийиш, экспроприацияланган инвестициялар экспроприациялоонун алдындагы адилеттүү рыноктук наркын баалоонун эл аралык таанылган принциптерине ылайык же алдыдагы экспроприациялоо жөнүндө маалымат коомго белгилүү болгон учурда мурда болуп өткөнгө (мындан ары "баалоо датасы" деп аталат) таянуу менен аныкталат жана эсептелет. Компенсация эркин конвертациялануучу валюта боюнча бааланган датасына карата бул валютанын рыноктук курсун инвестордун тандап алуусуна жараша төлөнөт жана рыноктук негизде белгиленген ставканын коммерциялык курсу боюнча пайыздарды камтыйт, бирок акыркы эсепте төлөө датасына чейинки экспроприациялоо датасынан тартып "Либор" пайыздык ставкасынын негизинен кем эмес.
2. Так аныктоо үчүн экспроприация Макулдашуучу тараптар экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык уюштурулган же түзүлгөн анын аймагында иштеп жаткан юридикалык жактын активдерин экспроприациялаган кырдаалды камтыйт, экинчи Макулдашуучу тараптын инвестору инвестицияларды ишке ашырат, анын ичинде үлүштөргө, акцияларга, облигацияларга же укуктарга жана пайыздарга ээ болот.
3. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "экспроприация" термини экспроприациялык де-факто натыйжасына ээ болгон Макулдашуучу тараптардын ар кандай кийлигишүүсүн же жөнгө салуучу чараларын билдирет, андай чаралардын учурунда алардын иш-аракеттери иш жүзүндө инвесторду анын менчигинен ажыратат, анын инвестицияларына карата контролдон же олуттуу пайдадан ажыратат же инвестицияларда токтотуу же блок коюу, сот чыгымдарын же инвестициялоодо кошумча салыктарды өндүрүү, инвестициялардын бардыгын же бөлүктөрүн милдеттүү сатуу же ошол сыяктуу чараларды көрүп, инвестициялардын экономикалык баалуулугуна зыян келтириши же чыгашага учуратышы мүмкүн.
8-берене. Которуулар
1. Макулдашуучу тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлоруна инвестицияларга байланышкан инвестицияларды жана төлөмдөрдү Макулдашуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аймакка же анын чегинен тышкарыга эркин которууну кепилдейт.
2. 1-пунктка ылайык төлөмдөрдү которуу накталай формадагы төлөөлөрдү кошпогондо эркин конвертациялануучу валютада кечиктирилбестен же чектелбестен ишке ашырылат. Которууларды ишке ашыруу кечиктирилген учурда зыян тарткан инвестор мындай кечиктирилген мезгил үчүн пайыздарды алуу укугуна ээ болот.
9-берене. Суброгация
1. Эгерде Макулдашуучу тарап же ал дайындаган орган ("Ордун толтуруучу тарап") зыяндын ордун толтуруу тартибинде төлөөнү жүргүзөт же экинчи Макулдашуучу тараптын ("Кабыл алуучу мамлекет") мамлекетинин аймагында инвестицияларга карата кепилдиктерди өзүнө алат. Кабыл алуучу мамлекет төмөнкүлөрдү тааныйт:
(а) Ордун толтуруучу тарапка мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык же бул инвестициялардан келип чыккан бардык укуктардын жана талаптардын укуктук бүтүмдөрүн берет.
(б) Ордун толтуруучу тараптын укугу бардык укуктарды ишке ашыруу жана талаптарды коюу, ошондой эле инвестицияларга таандык болгон бардык милдеттенмелерди суброгация күчүндө өзүнө алуу.
2. Ордун толтуруучу тарап бардык жагдайларда төмөнкүлөргө карата ушундай эле укуктарга ээ:
а) жогоруда көрсөтүлгөн 1-пунктта айтылган укуктарды өткөрүп берүү күчүндө өзүнө кабыл алынган укуктар жана дооматтар;
б) бул укуктарга жана талаптарга ылайык алынган ар кандай төлөмдөргө, анткени баштапкы инвестор бул инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун негизинде ушундай укуктарга ээ болгон.
10-берене. Макулдашуучу тараптар менен инвесторлордун ортосундагы талаштарды чечүү
1. Макулдашуучу тараптар менен экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы инвестициялар жагындагы пайда болгон талаштар мүмкүнчүлүккө жараша сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилүүгө тийиш.
2. Эгер мындай талаштар алты (6) айдын ичинде чечилбесе Тараптардын бири талашты экинчи Тарапка кат жүзүндө маалымдоо жөнөтүү жолу менен тынчтык чечүүнү талап кылган датадан тартып талаш инвестор тараптын тандап алуусу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу чечүү үчүн берилүүгө тийиш:
а) талашты чечүү боюнча мурда макулдашылган жол-жоболорду ар кандай колдонууга ылайык;
б) талаш пайда болгон Макулдашуучу тараптын мамлекетинин компетенттүү сотунда;
в) ушул берененин төмөнкү пункттарына ылайык эл аралык арбитражда.
3. Эгерде инвестор талашты чечүү үчүн эл аралык арбитражга кайрылган учурда инвестор талашты органдардын бирине берүү жөнүндө кат жүзүндөгү арызын берүүгө тийиш:
а) (1) 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган, мамлекеттер менен башка мамлекеттердин жарандарынын ортосунда пайда болгон инвестициялык талаштарды чечүү боюнча конвенцияга ("Вашингтон Конвенциясы") ылайык түзүлгөн Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча Эл аралык борбордо түзүлгөн "Борбордо", эгер Макулдашуучу тараптардын эки мамлекетти Вашингтон Конвенциясынын катышуучулары болуп саналса жана бул талашка Вашингтон Конвенциясы колдонулса;
(2) соттук териштирүүлөрдү ишке ашыруу үчүн кошумча ыйгарым укуктарды жөнгө салуучу эрежелерге ("Кошумча ыйгарым укуктар жөнүндө эрежелер") ылайык Борбордо Борбордун Катчылыгы, эгерде Макулдашуучу тараптын талаштын бир тарабынын инвестордун же болбосо Макулдашуучу тараптын бир мамлекети Вашингтон Конвенциясынын катышуучусу болсо;
б) арбитраждык эрежелерге ("Эрежелер") ылайык уюштурулган Бириккен улуттар уюмунун арбитраждык соту эл аралык соода укугу боюнча (UNCITRAL), анткени мындай эрежелер талаштын тараптары тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн (Эрежелердин 7-беренесинде каралган дайындалган орган "Борбордун" Башкы Катчысы болуп саналат).
в) ар кандай арбитраждык институттун эрежелерине ылайык түзүлгөн арбитраждык сот бул талаштын тараптарынын ортосундагы макулдаштык боюнча.
4. Инвестор талашты ушул берененин 3-пунктуна ылайык арбитраждын кароосуна жөнөтүшү мүмкүн экендигине карабастан ал арбитраждык териштирүү башталганга чейин же анын убагында арбитраждык сотко же Макулдашуучу тараптын мамлекетинин - талаштык тарабынын арбитраждык сотуна өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо максатында убактылуу сот камагына алуу үчүн кайрылышы мүмкүн, ошол эле учурда кандайдыр бир зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптарды кошпостон.
5. Соттук, арбитраждык же болбосо ар кандай териштирүүлөрдүн жүрүшүндө же ар кандай чечимди мажбурлап аткарууда же Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы инвестициялык талаштарды аныктоодо жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвестору Макулдашуучу тараптын мамлекетин инвесторлорго дипломатиялык коргоону бербейт же эл аралык дооматты койбойт. Ар кандай каршы доомат же соттук камак салуу укугу кызыкдар болгон инвесторго ордун толтурууну камсыздоо жөнүндө контрактка ылайык үчүнчү тараптан кандайдыр бир арыз берилген зыяндын бардыгына же бир бөлүгүнө кандайдыр бир компенсация алган же ала турган фактысына ал мамлекеттик же жекече экендигине карабастан негизделүүгө тийиш эмес, анын ичинде экинчи Макулдашуучу тарапты жана анын бөлүмдөрүн, агенттикти же болбосо ортомчулар мекемелерин кошо алганда.
11-берене. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаштарды чечүү
1. Макулдашуучу тараптар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу жагындагы ар кандай талаштарды консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу дипломатиялык каналдар боюнча жөнгө салууга тийиш.
2. Эгерде талаштар мындай консультацияларды же Макулдашуучу тараптын ар биринин суроосу боюнча башка сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү датасынан кийин алты (6) айдын ичинде жөнгө салынбаса жана Макулдашуучу тараптар ал жөнүндө жазуу түрүндө келишимге келишпесе, ар кандай Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу түрүндө маалымдоо жөнөтүү менен талашты ушул берененин төмөнкү жоболоруна ылайык атайын арбитраждык соттун чечүүсүнө бериши мүмкүн.
3. Арбитраждык сот төмөнкүдөй түрдө уюштурулушу мүмкүн: ар бир Макулдашуучу тарап бир арбитрди дайындайт жана мындай эки мүчө Макулдашуучу эки тараптан арбитраждык соттун төрагасы катары үчүнчү мамлекеттин жаранынын талапкерлигин макулдашууга жана дайындоого тийиш. Мындай мүчөлөр эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага Макулдашуучу тараптардын бири экинчи Макулдашуучу тарапка талашты арбитраждык соттун кароосуна берүү ниети жөнүндө кабарлаган датадан тартып төрт (4) айдын ичинде дайындалууга тийиш.
4. Эгерде ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн ичинде жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бирин аткарууга жетишилбесе, ар кандай Макулдашуучу тарап башкача келишим жок болгон учурда, Эл аралык соттун төрагасына зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн. Эгерде Эл аралык соттун төрагасы ар кандай Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жараны болуп саналса же эгерде ал кандайдыр бир себептерден улам көрсөтүлгөн функцияларды аткара албаса, Эл аралык соттун вице-төрагасына зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү сунушталууга тийиш. Эгерде Эл аралык соттун вице-төрагасы Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекеттеринин жараны болуп саналса же эгерде ал да көрсөтүлгөн функцияларды аткара албаса, Эл аралык соттун кызматы боюнча кийинки мүчөсү Макулдашуучу тараптардын бир мамлекетинин жараны болуп саналбаса, ага зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү сунушталат.
5. Арбитраждык сот өзүнүн чечимдерин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Мындай чечим ушул Макулдашууга ылайык кабыл алынат жана эл аралык укуктардын таанылган ченемдери тарабынан таанылат, алар колдонулушу мүмкүн жана эки Макулдашуучу тараптар үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат. Ар бир Макулдашуучу тарап бул Макулдашуучу тарап дайындаган арбитраждык соттун мүчөсүн күтүү чыгымдарын, ошондой эле арбитраждык териштирүүдө анын өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын көтөрөт. Төраганын чыгымдары, ошондой эле соттук териштирүүгө байланышкан башка чыгымдар Макулдашуучу тараптардын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлөт. Ошону менен бирге эле арбитраждык сот өзүнүн кароосу боюнча чыгымдардын чоң бөлүгүн же бардыгын Макулдашуучу тараптардын бири көтөрүүгө тийиш экендигин чече алат. Бардык башка маселелер боюнча арбитраждык сот өзүнүн жол-жоболорун аныктайт.
12-берене. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы мамилелер
Ушул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин ортосунда орун алган дипломатиялык же консулдук мамилелерге карабастан колдонулат.
13-берене. Башка эрежелерди колдонуу
Эгерде Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин мыйзамдары же азыркы учурда иштеп жаткан эл аралык укук боюнча милдеттенмелер же болбосо Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашууга кошумча кийин белгилеген жагдайлар ушул Макулдашууда каралган кыйла жагымдуу режимди экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун инвестицияларына карата жалпы же жекече мүнөздөгү эрежелерди камтыган кошумчаларды берсе, мындай эрежелер ушул Макулдашуу менен салыштырганда инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу болуп саналган көлөмдө колдонулууга тийиш.
14-берене. Оңдоп-түзөтүүлөр
1. Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууда да ар кандай оңдоп-түзөтүүлөр өзүнчө протокол менен таризделип, киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун 15-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
15-берене. Күчүнө кириши
1. Ушул Макулдашуучу тараптардын ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Макулдашуучу тараптардын акыркы кат жүзүндөгү маалымдоосу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
16-берене. Колдонуу мөөнөтү жана анын аякташы
1. Ушул Макулдашуу жыйырма беш (25) жылдын ичинде колдонулат жана ушундай эле мезгилде же эгерде Макулдашуучу тараптардын бири дагы баштапкы же болбосо кийинки мезгил өткөндөн кийин экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, тийиштүү убакыттын ичинде күчүндө кала берет.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө маалымдоо күчүнө кирген датага чейин ишке ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашуунун колдонулушунун датасынан тартып жыйырма (20) жылдын ичинде колдонулушун уланта берет.
Макулдашуучу тараптар ыйгарым укук берген төмөндө кол койгондор буларды күбөлөп, ушул Макулдашууга кол коюшту.
_______________ шаарында 20___-жылдын "___" ______________ ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, ошол эле учурда бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |