Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-январы № 7-б
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кувейт Мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кувейт Мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кувейт Мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери министрлиги өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары таанып жана аларды узак мөөнөткө жүргүзүүгө умтулушаарын билдирип, төмөнкүлөр жөнүндөгү ушул Меморандумду түзүштү:
1-берене.
Тараптар төмөнкүлөр боюнча практикалык тажрыйба алмашат:
- мамлекеттик-конфессиялык өз ара мамилелердин механизмин түзүүдө;
- мамлекеттик бийлик органдарынын диний уюмдар менен болгон мамилелерин ченемдик жана укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүү үчүн методологиялык негиздерди иштеп чыгууда;
- адамдын жана жарандын динге болгон мамилелерине карабастан эркиндиктерине, дин тутуу эркиндигине, тең укуктуулукка кепилдикти камсыздоодо;
- диндер аралык диалогду чыңдоодо;
- мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы изилдөө жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө;
- коомду рухий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо жаатында мамлекеттин жана диний уюмдардын өз ара мамилелерин өнүктүрүүдө;
- диний экстремизмдин, фундаментализмдин көрүнүштөрүн жана деструктивдүү диний кыймылдарды аныктоо жана аларга каршы аракеттенүү боюнча толеранттуу аң-сезимди калыптандырууда.
2-берене.
Тараптар кайрымдуулук иш-аракеттерин уюштуруу практикасын изилдешет.
3-берене.
Тараптар дин жаатындагы административдик башкаруу чөйрөсүндө практикадан өтүү жана тажрыйба алмашуу максатында эки мамлекеттин мекемелеринин административдик кызматкерлерин бири-бирине жиберишет.
4-берене.
Тараптар расмий жана программалык документтерди, ошондой эле диний чөйрөдө жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын алмашууда өз ара аракеттенишет.
5-берене.
Тараптар эки өлкөдө тең уюштурула турган дин маселелери боюнча илимий конференцияларга, симпозиумдарга жана семинарларга окумуштуулардын жана адистердин катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар диний уюмдардын кайрымдуулук, маданий, билим берүүчүлүк жана башка социалдык жактан маанилүү иштерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн өздөрүнүн укуктук жана конституциялык жол-жоболорун аткарып бүткөндүгү жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине жиберген күндөн баштап ушул Меморандум күчүнө кирет.
Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар белгиленген жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум 3 жыл бою колдонулат жана эгерде макулдашуучу Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка алгачкы мөөнөттүн же кийинки мөөнөттүн бүтөөрүнө чейин 6 айдан кеч эмес анын иш-аракетин токтотуу ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, бул Меморандумдун аракети автоматтык түрдө ушундай мөөнөткө узартылат.
______________________ 201_-жылдын "__" __________ эки текст тең бирдей күчкө ээ болгон кыргыз жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери министрлиги үчүн |