Загрузка документа…
Бишкек шаары, 1999-жылдын 12-июну № 50
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Саясий партиялар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17, 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР II ГЛАВА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН ЖАНА ИШИНИН МАКСАТТАРЫ МЕНЕН ПРИНЦИПТЕРИ III ГЛАВА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ЖАНА МАМЛЕКЕТ IV ГЛАВА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫ КАРЖЫЛОО ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК КАМСЫЗДОО V ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 1-статья. Саясий партиянын түшүнүгү Ушул Мыйзамда калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү жалпы саясий максаттары жана милдеттери бар жана мамлекеттик иштерди башкарууга, өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси саясий партия катары түшүнүлөт. 2-статья. Саясий партияларды уюштуруунун жана алардын ишинин мый замдык негиздери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саясий партияларды уюштуруунун жана алардын ишинин мыйзамдык негизи болуп эсептелет. II ГЛАВА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН ЖАНА ИШИНИН МАКСАТТАРЫ МЕНЕН ПРИНЦИПТЕРИ 3-статья. Саясий партияларды түзүүнүн жана ишинин максаттары менен принциптери |