Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-марты № 129-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттигинин ортосундагы "Кыргыз-түрк достугунун Бишкектеги ооруканасы" долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө долбоордук макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттиги (мындан ары - "ТИКА"):
- Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин, ошондой эле тарыхый жана маданий байланыштардын алкагында,
- эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында,
- 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө макулдашуунун негизинде,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты.
1-берене. Предмети жана максаттары
1. Долбоордук макулдашуунун (мындан ары - "Макулдашуу") предмети болуп Бишкек шаарынын № 1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында "Кыргыз-түрк достугунун Бишкектеги ооруканасынын" долбоорун (мындан ары - долбоор) ишке ашыруунун алкагында курулуш, жабдуу жана кызматкерлерди окутууга тиешелүү Тараптардын ортосундагы кызматташуу процессинин принциптери менен бирге Тараптардын милдеттенмелерин аныктоо саналат.
2. Макулдашуунун жалпы максаты - Тараптардын ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Түркия Республикасынын аталган тармактардагы билимдерин жана тажрыйбасын Кыргыз Республикасына берүү.
Макулдашуунун конкреттүү максаты - медицинанын кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология тармактарында ооруканаларды заманбап диагностикалык жана дарылоочу медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасынын калкына сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле тажрыйбалуу адистерди даярдоо жана учурдагы системада иштеп жаткан адистерди окутуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн долбоорду жүзөгө ашыруу.
2-берене. Тараптардын милдеттери
1. ТИКАнын милдеттери:
- Макулдашуунун алкагында курулуш, жабдуулар менен камсыз кылуу, курулуш долбоорун иштеп чыгуу боюнча чыгашаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ооруканада иштей турган кыргыз кызматкерлерин окутууга байланыштуу чыгашаларды жабат;
- өз алдынча аныкталган принциптерге жана жоболорго ылайык курулуш иштерин жана жабдууларды долбоорго жана техникалык шарттарга ылайык келишине контролдойт, инспекциялайт жана кабыл алат, керектүү учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын техникалык консультациясы жана колдоосу сурап алынышы мүмкүн;
- Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык фирма-аткаруучуну тандоону жүзөгө ашырат;
- курулуш иштери аяктап, объект эксплуатацияга берилгенден кийин оорукананын имаратын, коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берет;
- оорукананын имаратынын объекти коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен эксплуатацияга берилгенден кийин бир жыл ичинде пайдалануучунун күнөөсүнөн эмес пайда болгон дефекттерди жоюуга кеткен чыгашалар фирма-аткаруучунун кепилдигинин алкагында жабылат.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын милдеттери:
- Макулдашуунун алкагында оорукананын имаратын, коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен куруу жана эксплуатацияга берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын органдарында бардык керектүү расмий жол-жоболорду координациялоону камсыз кылат;
- долбоорду, эгерде куруу жана жабдуу долбоору боюнча, ошондой эле техникалык шарттар жана курулушка уруксат алуу боюнча зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин (КЧжЭ) стандарттарына жараша адаптациялоо боюнча жол-жоболордун координациялоосун камсыз кылат;
- долбоордун алкагындагы техникалык маселелерди чечүү үчүн өзүнүн адистеринен техникалык топту түзөт жана ушул техникалык топтун мүчөлөрү долбоордун бардык этаптарында ТИКА тарабынан дайындаган адистери жана аткаруучу фирманын кызматкерлери менен бирге иштешет;
- оорукананын имараты тургузула турган жана курулуш аянтчасы жабдыла турган жер участогуна электр, суу, жаратылыш газы, канализация, телефон өңдүү инженердик камсыздоо тармактарын тартып келүүнү камсыз кылат;
- долбоордун алкагында сатып алына турган курулуш жабдууларын жана материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажы жол-жоболорунан тез өтүүгө көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз компетенциясынын алкагында зарыл иштерди жана жол-жоболорду өткөрүү үчүн фирма-аткаруучулар тарабынан керектүү уруксаттарды жана лицензияларды алуу маселесине жардам жана көмөк көрсөтөт;
- ТИКА тарабынан Кыргызстанда аткаруучу фирманын курулуш маселелери боюнча дайындалган адистеринин жана кызматкерлеринин өлкөгө кирүүсүнө, жумушка жана убактылуу жашап турууга керектүү уруксаттарды алуу маселесинде зарыл жардам берет жана көмөктөшөт;
- долбоорду жүзөгө ашырууга тоскоол болгон көйгөйлөр келип чыкканда өз компетенциясынын чегинде аларды тезинен чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт;
- курулуш стадиясында ТИКА тарабынан сураныч түшкөн учурда тийиштүү органдардын коопсуздукту жана тартипти сактоо чараларын көрүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине оорукананын имаратын анын коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен мөөнөттүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берет.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин милдеттери:
- Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын органдарындагы медициналык жабдуулар, аппараттар, жабдыктар жана башка материалдар жагынан бардык керектүү расмий жол-жоболордун координациялоосун камсыз кылат;
- долбоордун алкагында сатып алына турган ар түрдүү медициналык жабдуулар, аппараттар, жабдыктар жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажы жол-жоболорунан тез өтүүгө көмөктөшөт;
- зарыл иштерди жана жол-жоболорду жүргүзүү үчүн аткаруучу фирма керектүү уруксаттарды жана лицензияларды алуу маселесинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде зарыл жардамды берет жана көмөктөшөт;
- ТИКА тарабынан аткаруучу фирманын медициналык маселелери боюнча дайындалган адистеринин жана кызматкерлеринин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө (визаны тариздөө), жумушка жана убактылуу жашап турууга керектүү уруксаттарды алуу маселесинде зарыл болгон жардам берет жана көмөктөшөт;
- долбоорду жүзөгө ашырууга тоскоол болгон көйгөйлөр. келип чыкканда өз компетенциясынын чегинде аларды тезинен чечүү үчүн зарыл чараларды көрөт;
- гранттык негизде берилген жабдуулардын, аппараттардын, жабдыктардын үзгүлтүксүз техникалык тейленишин жана оңдолушун камсыз кылат, аларды белен тетиктер жана сарптоочу материалдар менен камсыздайт жана, зарылдыкка жараша, кызмат көрсөтүүчүнүн кепилдик тейлөө мөөнөтүнөн кийин аларды жаңыртууну өз компетенциясынын чегинде камсыз кылат;
- оорукананын кызматтарына Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бирдей жетишүүсүн камсыз кылат жана ушул маселеде керектүү административдик жана укуктук жөнгө салууну камсыздайт;
- гранттык негизде берилген медициналык жабдуулар, аппараттар, жабдыктар жана башка материалдар бөлөк мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга жана жеке секторго өткөрүп берилбейт.
3-берене. Жалпы милдеттер
Тараптар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешип иш алып барышат.
Тараптар долбоордун ар бир этабы жөнүндө бири-бирине маалымдап турушат жана тиешелүү документтерди берүүнү камсыз кылышат.
Долбоордун алкагында колдонуу үчүн жана ТИКА аркылуу түрк тараптан бериле турган материалды, жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарын, салыктарды жана башка жергиликтүү жыйымдарды төлөөдөн бошотуу 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттери жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
4-берене. Оорукананын курулушу, жабдылышы жана өткөрүп берилишине байланыштуу маселелер
Оорукананын курулушу ТИКА тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан адаптациялоодон өткөн жана бекитилген жумушчу долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.
Курулуш иштери башталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда башкаруу принциптерин жана эрежелерин аныктоочу оорукананын статусу жөнүндө Протоколго кол коюлат. Оорукана ушул Протоколдун иш мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен башкаруусунун алдында болот.
Курулуш иштери аяктап, эксплуатацияга берилгенден кийин оорукананын имараты коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилет.
Бишкек шаарынын мэриясы оорукананын имаратын коштогон курулмалары жана түзүлүштөрү менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине мөөнөттүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берет.
ТИКА тарабынан гранттык негизде берилген медициналык жабдуулардын, түзүлүштөрдүн жана материалдардын сапаты жана саны ТИКА тарабынан аныкталат, аларды сатып алуу жол-жоболору ТИКА баш ийген мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Контролдоо жана кабыл алуу боюнча жол-жоболор аяктагандан кийин ТИКА сатып алган медициналык жабдуулар, аппараттар жана материалдар кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берилет.
5-берене. Адистерди окутуу
Ооруканада иштей турган кызматкерлер Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан билим берүүнү пландаштыруунун алкагында окутуу Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында жүргүзүлөт.
Окуусун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги карай турган кыргыз кызматкерлеринин резюмеси ТИКА аркылуу Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жиберилет. Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги документтер менен алдын-ала таанышкандан кийин комиссия тандаган талапкерлер окутуу программасына катышат.
Окутууга катыша турган кыргыз кызматкерлери орто деңгээлде түрк тилин билүүгө тийиш. Түрк тилин билбеген кызматкерлер Бишкектеги түрк тилин окутуу борборунда түрк тилинин курстарынан өтүшү керек. Түрк тилинин курстарына төлөөнү кызматкерлер өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.
6-берене. Жалпы жоболор
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктер же аларды ар кандай чечмелөө үч тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет жана аларды чечүү жөнүндө маселе улуттук, эл аралык соттордун же үчүнчү тараптын кароосуна берилбейт.
Зарыл болгон учурда тараптардын бири жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун жоболоруна өзгөртүү киргизүү же аларды кайра карап чыгуу жөнүндө сунуштарды киргизиши мүмкүн. Мындай учурда жазуу жүзүндөгү ушул тууралуу билдирменин датасынан 45 күндөн кечикпей Тараптар белгилеген жерде сүйлөшүүлөр башталат.
Макулдашылган өзгөртүүлөр кошумча Макулдашууга Тараптардын кол коюусу менен күчүнө кирет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.
Согуш, куралдуу кагылышуулар, коомдук тополоң же эл аралык кризис болгон учурларда Тараптар бул Макулдашуунун аракетин токтотуу укугуна ээ болушат. Бирок жогоруда аталган жагдайлар 6 айдан узак созулуп кетсе, анда эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугунда Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу улантылышы мүмкүн же Макулдашуунун күчү токтотулушу ыктымал.
7-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши жана иш мөөнөтү
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Макулдашуу Тараптардын бул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттерин толук аткарылышына чейин аракетте болот.
8-берене. Макулдашуунун тексти жана тараптардын колу
Бул Макулдашуу _____________ шаарында 2016-жылдын "___" _____________ үч нускада, ар бири кыргыз, түрк жана орус тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралса, анда орус тилиндеги тексти негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан | Бишкек шаарынын мэриясынын атынан | Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) атынан |