Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-апрели № 158-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча комитеттин ортосундагы Маалымат жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча комитет,
мамлекеттердин ортосунда маалыматтык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө умтулуп,
мындай кызматташтыкты өнүктүрүү алардын мамлекеттеринин элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын түшүнүп,
эки өлкөнүн ортосунда достук байланыштарын чыңдоодо маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин экономикалык, маданий жана социалдык өнүгүүсүн жана элдеринин жашоосундагы жетишкендиктерди чагылдыруучу маалыматтарды алмашат, ошондой эле:
- өлкөлөрдүн туристтик потенциалын чагылдыруучу маалыматтык материалдарды;
- документалдык жана хроникалык телекөрсөтүү программаларын жана репортаждарды;
- билим берүүчү, музыкалык, көңүл ачуучу жана балдар программаларын.
Аталган телекөрсөтүү программаларын жана материалдарды (мындан ары - материалдар) алмашуу эки Тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ар бир конкреттүү учурда алмашуунун наркы жана шарттары жөнүндө алдын ала келишүүчүлүк боюнча ишке ашырылат.
Материалдарды алмашууда Тараптар (Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) ушул Макулдашуунун алкагында өзүнчө келишимдерди түзө алышат.
Материалдар ар бир конкреттүү учурда келишүүчүлүккө жараша акысыз негизде же акы төлөнүү менен берилиши мүмкүн.
Аталган багыттар толук эмес жана Тараптар ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген башка макулдашылган багыттар боюнча кызматташтыкты ишке ашыра алышат.
2-берене.
Алмашуунун алкагында алынган материалдарды тиешелүү Тарап толук түрдө же өзүнчө фрагменттер менен алардын маанисин бурмалабастан же өзгөртпөстөн трансляциялайт.
Материалдарды берүү ыкмасын Тараптар ар бир конкреттүү учурда сүйлөшүшөт.
3-берене.
Материалдарды алган бир да Тарап материалды жиберүүчүнүн (экинчи Тараптын) жазуу жүзүндөгү макулдугун алганча трансляциялоо үчүн аларды үчүнчү жактарга берүүгө же башка максаттарда пайдаланууга укугу жок.
4-берене.
Тараптар телерадио берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, адистиктер боюнча окуу курстарын өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташат.
5-берене.
Тараптар алдын ала өз ара келишүүчүлүк боюнча расмий телекөрсөтүү топторуна топтун тартуу планына кирген жерлерде жана объекттерде тартууга уруксаттарды алууда көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында делегацияларды өз ара жиберишүү жөнүндө макулдашат.
Жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка делегациялардын курамы жана ээлеген кызматтары тууралуу Тараптын жолугушууларды уюштуруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды өткөрүүсү максатында өз убагында кабарлоого милдеттенет.
Кошумча келишимдиктер болбогон учурда жол кире жана жашоо чыгымдарын кошкондо бардык чыгымдарды Тараптар өздөрү төлөшөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында берилүүчү материалдарга автордук жана чектеш укуктарды укуктук коргоо үчүн жоопкерчиликти жиберүүчү Тарап тартат.
Үчүнчү тараптарга сунушталган материалдар боюнча автордук жана чектеш укуктарды төлөө шарты өзүнчө келишим менен аныкталат.
Автордук жана чектеш укуктарды кошумча төлөөнү талап кылуучу материалдарды трансляциялоодо жөнөтүүчү Тарап бул тууралуу кабыл алуучу Тарапка өз убагында маалымдайт жана автордук жана чектеш укуктарга байланышкан бардык салыктарды төлөөгө анын кат жүзүндөгү макулдугунан кийин материалдарды жөнөтөт.
Тараптар автордук жана чектеш укуктарды өз ара коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
ММК өкүлдөрү үчүн жиберишүүчү медиа-турларды уюштуруу жана өткөрүү, фестивалдарга, телекөрсөтүү конкурстарына катышуу жана эки өлкөнүн позитивдүү жетишкендиктерин илгерилетүү маселелери боюнча кызматташуу.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты Тараптар түздөн-түз же конкреттүү иш-чараларды, мөөнөттөрдү, аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык жана башка шарттарды караган өз ишинин өзүнчө багыттары боюнча кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколдорго кол коё алышкан ыйгарым укуктуу органдар ишке ашырышат.
9-берене.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы, төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле башка келишимдиктер ушул Макулдашуунун алкагында өзүнчө түзүлүүчү келишимдер боюнча белгиленет.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
11-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттемелерине таасирин тийгизбейт.
12-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш маселелерди сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечишет.
13-берене.
Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу беш жыл бою колдонулат. Макулдашууну колдонуу мөөнөтү эгерде, Тараптардын бири Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурун дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаса кийинки беш жылга же андан көпкө узартылат.
Макулдашууга ____________ шаарында 201__-жылдын "__" ___________________ үч түп нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча комитет |
____________________ |
| ________________________ |