Редакцияот 20.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 20-апрели № 177-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

Тиркеме

"CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Абасканов Нурбек Эсенканович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Орозбеков Алымбек Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги;

Анарбаев Анвар Арсланович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;

Оскомбаев Марат Салмурзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам программалары бөлүмүнүн башчысы;

Жээнбеков Марат Арынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин отун-энергетикалык комплексинин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

Боркоев Бердибек Калыбекович

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Тюменбаев Акылбек Рабаевич

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Попов Леонид Григорьевич

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун эксперт-энергетиги (макулдашуу боюнча);

Усеков Нурдин Насрединович

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн энергияны экспорттоо секторунун начальниги (макулдашуу боюнча);

Джумалиев Кайрат Насерович

-

"CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Иманкулова Жанна Сатовна

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташуу жана долбоорлорду мониторингдөө секторунун башчысы (макулдашуу боюнча).".