Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-апрели № 180-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтү,
тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүдө жана чыңдоодо күч аракеттерди жумшап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Тараптар мындан ары "Комиссия" деп аталуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясын түзүүнү макулдашты.
2-берене.
Комиссиянын иши тең укуктуулук принцибине негизделген. Комиссия төрагалар башкаруучу кыргыз жана афган бөлүктөрүнөн турат. Ар бир Тарап өз бөлүгүнүн төрагасын, Комиссиянын жооптуу катчысын жана тийиштүү мүчөлөрүн аныкташат.
3-берене.
Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча тийиштүү макулдашууларды кароо жана кабыл алуу;
- биргелешкен ишканаларды түзүүгө, түз өндүрүштүк байланыштарды жана өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыктын башка түрлөрүн түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелери боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин башка органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын ишин өзүнүн компетенциясынын чегинде координациялоо;
- Комиссиянын талкуулоосуна киргизилүүчү маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
4-берене.
Комиссия өзүнүн жыйындарын кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Афганистан Ислам Республикасында уюштурат жана өткөрөт.
Комиссиянын жыйындарынын протоколдору орус, англис тилдеринде жана дари тилинде даярдалат, мында үч тилдеги тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ болот. Талаш-тартыштар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Комиссиянын жыйындарында күн тартибине киргизилген темалар жана Тараптардын өкүлдөрү көтөргөн башка темалар талкууланат. Комиссиянын чечимдери консультативдик мүнөзгө ээ жана Тараптардын макулдугу менен Протоколго киргизилет жана Комиссиянын эки бөлүгүнүн төрагалары тарабынан кол коюлат.
Комиссиянын Тараптар менен макулдашылган чечимдери кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5-берене.
Комиссия эксперттерден жана/же консультанттардан турган убактылуу комитетче же жумушчу топту түзө алат.
6-берене.
Барып-келүү билеттерин сатып алууга, тамактанууга жана жашоого кеткен чыгымдарды келүүчү Тарап төлөйт. Жыйындарды уюштурууга, өткөрүүгө, өлкө ичиндеги транспорттук кызматтарга жана протоколдук маселелерге кеткен чыгымдарды кабыл алуучу Тарап каржылайт.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун интерпретациялоонун же колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандай талаш-тартыш болбосун Тараптардын ортосунда консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашууга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн, оңдоолордун же толуктоолордун бардыгы өз ара макулдашуунун негизинде ишке ашырылат, өз алдынча протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет, беш жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурун анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө дипломаттык каналдар аркылуу кабарлабаса, автоматтык түрдө кийинки беш жылга узартылат.
10-берене.
Ушул Макулдашуу _____________ шаарында 20__-жылдын "__" ___________, күн хиджрасынын ____/____ /13___ SYга дал келген, эки нускада, ар бири кыргыз, орус, англис тилдеринде жана дари тилинде түзүлдү жана кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ, Макулдашууну чечмелөөдө кайчы-пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_____________________________ |
| _____________________________ |