Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-апрели № 188-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуп,
Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринде социалдык чөйрөнү өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууга багыттала тургандыгын таанып,
өз компетенцияларынын чегинде иштөө, эл аралык милдеттенмелерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сактоо менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар социалдык чөйрөдө төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт:
- калкты социалдык коргоо;
- балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
- гендердик саясат.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
- кызматташтыктын багыттары боюнча ченемдик документтерди жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында социалдык чөйрөнүн маселелери боюнча өткөрүлүүчү конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга Тараптардын эксперттеринин катышуусу;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча маалыматтарды алмашуу жана эксперттерди жиберишүү.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоону Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз алдынча ишке ашырышат.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
5-берене.
Зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
6-берене.
Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу маалыматтарды алмашуу орус тилинде ишке ашырылат.
7-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири кезектеги мөөнөт бүткөнгө чейин алты ай мурун экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
_________________ шаарында ____- жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги үчүн |