Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-майы № 203-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жана Тажикстан Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы,
Дүйшөмбү шаарында 2004-жылдын 26-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алуу менен,
илимде, техникада, билим берүүдө жана маданиятта тарыхый калыптанып калган өз ара тыгыз байланыштарга негизделип,
бирдиктүү илимий мейкиндикти сактоого умтулуп,
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо системаларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуудагы мамлекеттер аралык кооперациянын талапка ылайык экенин моюнга алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашылды:
1-берене.
Тараптар, макулдашуу боюнча, улуттук концепцияларды жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана аттестациялоого коюлуучу талаптарды иштеп чыгууда өз ара консультацияларды өткөрүп турушат.
2-берене.
Тараптар:
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды өз ара максаттуу даярдоону жана алардын стажировкасын уюштурууга көмөктөшөт;
илимий кызматкерлердин адистиктеринин тизмесин (номенклатурасын) иштеп чыгууда макулдашуу боюнча өз ара консультацияларды өткөрөт;
аттестациянын мамлекеттик системаларында окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга коюлуучу негизги талаптардын бирдейлигин камсыз кылышат;
аттестациялык комиссиялардын отчету, илимий мекемелерде жана жогорку окуу жайларда иштеп жаткан диссертациялык кеңештер, жыл ичинде корголгон диссертациялардын саны, анын ичинде Тажикстан Республикасында коргогон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында коргогон Тажикстан Республикасынын жарандарынын саны жөнүндө маалыматтарды камтыган Тараптардын иши тууралуу маалымат менен дайыма алмашып турушат.
3-берене.
Бир тараптын мамлекетинин стажерлорун, аспиранттарын, докторанттарын, илимий кызматкерлерин окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана диссертацияларды даярдоо үчүн экинчи Тараптын мамлекетинин илимий уюмдарына жана жогорку окуу жайларына жиберүү Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар уюмдарынын ортосундагы түз келишимдерге ылайык жүргүзүлөт, ошол келишимдерде жиберүүчү жана кабыл алуучу уюмдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги аныкталат.
4-берене.
Тараптар жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрөт:
бир Тараптын мамлекетинин изденүүчүлөрү тарабынан диссертацияларды коргоону өткөрүү үчүн окумуштуулук даража берүүгө, окумуштуулук наамды ыйгаруу үчүн уруксат берүүгө укук берүүчү билими жөнүндөгү документтердин нострификациясына байланыштуу талаптарды эсепке алуу менен, башка Тараптын мамлекетинин окумуштуулук даражаларды берүү боюнча диссертациялык кеңештеринде бирдей шарттарды түзүү;
Тараптардын мамлекеттеринде адистер жетишпеген илимдердин тармактары боюнча адистерди даярдоо үчүн мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештерди түзүү;
жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системаларындагы өзгөрүүлөр, ушул кадрларды даярдоо жана аттестациялоо маселелери боюнча тийиштүү ченемдик актылар жана башка материалдар менен алмашуу жөнүндө өз убагында өз ара маалымдап туруу.
5-берене.
Диссертациялык иштердин экспертизасынын сапатын жогорулатуу үчүн ар бир Тарап өз мамлекетинин илимий уюмдарынын (мекемелеринин) жана жогорку окуу жайларынын көрүнүктүү окумуштууларын жана адистерин башка Тараптын мамлекетинин окумуштуулук даражаларды берүү боюнча эксперттик кеңештеринин ишине катышуусуна көмөк көрсөтөт.
6-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында экинчи Тараптын мамлекетиндеги тиешелүү мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан берилүүчү окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди Тараптардын мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан аттестациялоо аркылуу таанышат.
7-берене.
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо процессин башкаруу тажрыйбасы менен алмашуу боюнча аны жакшыртууга багытталган биргелешкен зарыл иш-чараларды өткөрүүнү Тараптар камсыз кылышат.
8-берене.
Ушул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо жаатындагы кызматташтыктын башка түрлөрүн пайдаланууга Тараптардын укугун чектебейт жана алардын түзгөн башка эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
9-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен, же башка макулдашылган жол-жоболордун жардамы менен чечилет.
10-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Макулдашуунун күчү Тараптардын биринен анын күчүн токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү алгандан алты айдан кийин токтотулушу мүмкүн.
Макулдашуу _____________ шаарында 201_-жылдын "__" ______________ ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы үчүн | Тажикстан Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы үчүн |