Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-майы № 229-б
2016-жылдын 27-майында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 70-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы; |
Мулкубатова Чолпон Токтобаевна | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси. |