Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-июну № 238-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгектик чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгектик чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталып,
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө көмөктөшүүгө умтулуп,
Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттериндеги социалдык-эмгектик чөйрөнү өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууга багыттала тургандыгын таанып,
өз компетенцияларынын чегинде аракеттенип, Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерин жана мыйзамдарын аткарып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар социалдык-эмгектик чөйрөдөгү төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүшөт:
а) калкты социалдык коргоо (анын ичинде үй-бүлөлөрдү, аялдарды жана балдарды, улгайган жарандарды ж.б. социалдык коргоо);
б) калкты социалдык тейлөө;
в) балдарга, жумушсуздарга, улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ж.б. социалдык кызматтарды өнүктүрүү;
г) гендердик саясат;
д) медициналык-социалдык экспертизаны өткөрүү;
е) жашы жеткен ишке жөндөмсүз же ишке толук эмес жөндөмсүз жарандарга карата камкорчулук жана көзөмөлчүлүк;
ж) протездик-ортопедиялык жардам көрсөтүү;
з) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо;
и) иштеген жарандарды социалдык камсыздандыруу;
к) эмгек мамилелери, анын ичинде аларды мыйзам жагынан жөнгө салуу;
л) калкты жумушка орноштуруу;
м) эмгек жана калкты социалдык коргоонун башка маселелери, Тараптардын өз ара келишкендиги боюнча.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
а) кызматташтыктын багыттары боюнча ченемдик документтерди жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды алмашуу;
б) оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, социалдык жактан корголбогон жарандарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социалдык кызматтарды берүү боюнча маалыматтар жана эксперттер менен алмашуу;
в) социалдык-эмгектик чөйрөдөгү иш тажрыйбасы менен алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу максатында Тараптардын адистеринин стажировкалык жана окуу сапарлары;
г) Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек, калкты социалдык коргоо жана гендердик саясат чөйрөсүндөгү маселелер боюнча өткөрүлгөн эл аралык форумдарда, конференцияларда, семинарларда жана башка иш-чараларда аракеттенүү жана өз ара колдоо.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды каржылоону Тараптар өз алдынча, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана улуттук бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшөт.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар жана ар түрдүү пикирлер сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
5-берене.
Керектүү учурларда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун 7-беренесинде белгиленген тартипте протокол менен таризделет.
6-берене.
Ушул Макулдашуудан келип чыккан маалымат алмашуулар орус тилинде жүргүзүлөт.
7-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл аракетте болот. Эгерде Тараптардын бири да кезектеги мезгилдин бүтөөрүнө алты ай калганга чейин башка Тарапты ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниетин билдирбесе, анын аракети беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
_____________ шаарында ____-жылдын "__" ___________ эки түп нускада кыргыз жана орус тилдеринде кол коюлду, мында эки тил тең бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үчүн |
| Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги үчүн |