Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2016-жылдын 18-июлу № 391
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-июнундагы № 273 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Канулькулов Марат Эдильевич | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);"; |
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Касымбеков Алмаз Салмоорбекович | - | Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);"; |
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Тенизбаев Бектур Алматаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти киргизилсин;
- жумушчу топтун курамынан Н.К.Утемисов чыгарылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калиева Гулбара Утюровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);"; |