Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 17-январы № 9-б
Кыргыз Республикасында кургак учукка чалдыгууну жана анын кесепетинен болгон өлүмдү мындан ары азайтуу максатында, "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардамды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча 2017-2026-жылдарга иш-аракеттердин планы (мындан ары - Иш-аракеттердин планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кургак учукка каршы саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн өзгөртүүнүн жүрүшүндө бошотулган мамлекеттик бюджеттин каражаттарын саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинин уюмдарындагы кургак учук менен ооруган бейтаптарды аныктоого жана дарылоого, кургак учукка каршы препараттарды сатып алууга багыттасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| C. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардамды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча 2017-2026-жылдарга иш аракеттердин планы
Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардамды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча 2017-2026-жылдарга иш-аракеттердин планы (мындан ары - Иш-аракеттердин планы) "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык программалык документтерде аныкталган милдеттерге жана максаттарга жетишүүгө багытталган.
Иш-аракеттер планынын максаттары жана милдеттери кургак учукка каршы уюмдардын тармагынын түзүмүн өзгөртүүнүн жана алардын ишин оптималдаштыруунун, кургак учукту, анын ичинде анын дарыга туруктуу формаларын эрте аныктоону жана сапаттуу диагностикалоону камсыз кылуунун, кургак учукка каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуунун жана саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде кургак учукка каршы кызматтарды интеграциялоону күчөтүүнүн, кургак учукту амбулатордук дарылоону ишке киргизүүнүн алкагында чечилет.
Учурдагы кырдаалды талдоо
Акыркы 15 жылдын ичинде Кыргыз Республикасында Кургак учукка чалдыгуу жана өлүм деңгээли 100 миң адамга эсептегенде 167,8ден 98,2ге жана тиешелүү түрдө 27ден 6,3кө чейин азайды. Ошол эле учурда кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал кургак учуктун көп жолку дарыга туруктуу формасынын (мындан ары МЛУ-ТБ) өтө жайылып кеткендигинен жагымсыз бойдон калууда, ал кургак учукту жаңы жуктурган учурлардын арасында 26,4%ды жана мурда дарылаган учурлардын арасында 55%ды түзөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары боюнча кургак учукка, анын ичинде МЛУ-ТБга каршы жардамды уюштурууда эң натыйжалуу деңгээл болуп баштапкы медициналык-санитардык жардам (мындан ары - БМСЖ) эсептелет. Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасы 2605 койка менен жабдылган кургак учукка каршы уюмдардын тармагынан турат. БМСЖ деңгээли менен интеграциялоого карабай, кургак учукка каршы жардамды көрсөтүү жана аны координациялоо иш жүзүндө стационарлардын врач-фтизиатрлары тарабынан жүргүзүлүүдө. Кургак учук менен ооруган бейтаптар милдеттүү түрдө диагностика этабында болсо да кургак учукка каршы уюмдарга жаткырылат. Алсак, 2015-жылы КУга каршы уюмдарда 11685 бейтап дарыланган, акын ичинде 1249 (11%) бейтапка коюлган кургак учук диагнозу аныкталган эмес.
Республикадагы бир да КУга каршы уюм инфекциялык контролдоонун стандарттарына туура келбейт (бир палатада 3-6 бейтап жатат).
Тыгыз жана узак убакыттын ичинде (максимумдук жатышы чоң кишилер арасында 151 күн жана балдар арасында 126 күн болгон) инфекциялык контролдоонун тиешелүү чаралары көрүлбөгөн палаталарда бир нече бейтаптын бирге болуусу МЛУ-ТБ оорукана ичинде жугузуу коркунучун түзөт.
Кургак учукка каршы препараттарды, лаборатордук жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сатып алууга байланыштуу чыгымдар эл аралык уюмдардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынууда, Мында кургак учук менен күрөшүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары негизинен медицина кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жана ооруканаларды кармоого жиберилет.
Какырыктын лаборатордук диагностикасы кургак учукту аныктоонун эң натыйжалуу жана далилденген методу. Республикада лаборатордук диагностика төмөнкүлөрдү камтыган тармак менен камсыз кылынат: Бишкек жана Ош шаарларындагы эки референс-лаборатория, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Кара-Балта шаарындагы беш культуралык жана 124 микроскопиялык лабораториялар. 2013-жылдан бери республикалык референс-лабораториясы иштеп келатат, ал кургак учуктун диагностикасынын сапатын жакшыртууда.
Өлкөдө кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасынын негизги проблемалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кургак учук боюнча жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал, МЛУ-ТБ жогорку көрсөткүчтөрү;
- заманбап эл аралык стандарттар жагынан кургак учукка каршы жардамдын төмөн натыйжалуулугу;
- бейтаптын муктаждыгына эмес, оорукананы кармоого багытталуусу;
- көп КУга каршы уюмдардын инфекциялык контролдоонун стандарттарына шайкешсиздигинен МЛУ-ТБ мындан ары өсүшүнө жол ачып тургандыгы;
- дары препараттарын, лаборатордук диагностиканы сатып алуу эл аралык донорлорго жака уюмдарга финансылык жактан көз карандылыгы;
- БМСЖ уюмдарынын сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстук камсыздалышы жетишсиз.
Максаттары, милдеттери жана күтүлүүчү жыйынтыктары
Иш-аракеттер планынын максаттары болуп МЛУ-ТБ жана КУ ооруларына чалдыгууларды төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардамды көрсөтүүгө багытталган колдогу ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу саналат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер аныкталган:
- кургак учукка каршы уюмдардын тармагынын түзүмүн өзгөртүү жана алардын ишин оптималдаштыруу;
- кургак учукту, анын ичинде МЛУ-ТБны эрте аныктоону, сапаттуу диагностикалоону жана дарылоону камсыз кылуу;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кургак учукка каршы кызматтарды интеграциялоону күчөтүү жана БМСЖ деңгээлинде бейтаптардын амбулатордук дарылоосун ишке киргизүү.
Иш-аракеттер планынын коюлган максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен төмөнкү күтүлүүчү жыйынтыктар аныкталган:
- баштапкы саламаттык сактоо деңгээлинин уюмдарында жыл сайын КУнун 70% кем эмес учурларын аныктоо;
- баштапкы саламаттык сактоо деңгээлинин уюмдарында кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоонун натыйжалуулугу 85%дан кем эмес;
- стационарларда кургак учуктун койкаларынын санын 2020-жылга 40%га (1040) төмөндөтүү жана 2016-жылга салыштырмалуу 2026-жылы 20%га (320) азайтуу;
- кургак учукка каршы уюмдарга негизсиз жаткыруулардын санын жыл сайын 10%га кыскартуу;
- кургак учукка каршы уюмдардын түзүмүн өзгөртүүнүн жана оптималдаштыруунун 139,7 млн. сом өлчөмүндөгү экономикалык натыйжалуулугу.
Иш-аракеттердин планын аткаруу жана анын мониторинги
Иш-аракеттер планынын максаттарына жетүү, милдеттерин аткаруу жана күтүлүүчү жыйынтыктарын чыгаруу Иш-аракеттер планынын 1-тиркемесине ылайык иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.
Иш-аракеттердин планын аткаруунун мониторинги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан ушул Пландын 2-тиркемесине баяндалган индикаторлор боюнча жүзөгө ашырылат.
Иш-чараларды ишке ашыруу үч этапта жүргүзүлөт: кыска мөөнөттүү (2017-2019-жж.), орто мөөнөттүү (2020-2022-жж.) жана узак мөөнөттүү (2023-2026-жж.).
Иш-аракеттердин планын ишке ашыруунун ресурстук камсыздоосу
Иш-аракеттер планынын коюлган милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында республикалык бюджеттин ресурстарын мобилизациялоо да, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун колдоосу да пландалууда.
Иш-аракеттердин планын аткарууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, саламаттык сактоо уюмдары алардын учурдагы ишине каралган бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзүшөт.
Эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- дары препараттарын, лаборатордук жабдууларды, сарпталуучу материалдарды жана реагенттерди сатып алуу (СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдуу фонд, "Чеги жок врачтар" эл аралык уюму, Эл аралык Кызыл крест);
- техникалык жардам (ДССУ, Дүйнөлүк банк, ЮСАИД);
- КУ бейтаптарын социалдык колдоо (СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдуу фонд, "Чеги жок врачтар" эл аралык уюму, Эл аралык кызыл жарым ай);
- ооруканаларды жана лабораторияларды куруу (Немис өнүктүрүү банкы).
2018-2019-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолуна ылайык кургак учукка каршы уюмдардын тармагынын түзүмүн өзгөртүүнүн жана оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттардын болжолдуу көлөмү эсептелген. 60,5 млн. сомду, түзүмдү өзгөртүүгө кеткен чыгымдарды, персоналды кыскартууда компенсацияларды төлөөнү алып салганда, коммуналдык кызматтарга учурдагы чыгымдарды жана ооруканаларды жабуу боюнча башка чыгымдарды (жабдууларды демонтаждоо, кабыл алуу-өткөрүп берүү, транспорттук чыгымдар ж.б.) жабуунун эсебинен үнөмдөлгөн каражаттардын көлөмү 2018 жана 2019-жылдарда тиешелүү түрдө 69,9 млн. сомду түзөт. Кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдеги жалпы экономикалык натыйжа 139,7 млн. сомду түзөт. Ушул каражаттар кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн артыкчылыктуу компоненттерине багытталат: кургак учукту аныктоо жана диагностикалоо сапатын жогорулатуу үчүн баштапкы саламаттык сактоо деңгээлин бекемдөө; техникалык тейлөөнү камтыган лабораториялар тармагынын ишин колдоо; кургак учукту диагностикалоо үчүн сарпталуучу материалдарды жана реактивдерди сатып алуу; кургак учукка каршы препараттарды сатып алуу.
Үнөмдөлгөн каражаттар өлкөдө кургак учукка каршы жардам көрсөтүү муктаждыгын толугу менен жаба албайт. Ошондуктан донорлордун колдоосу тартылат жана Иш-аракеттер планынын артыкчылыктуу багыттары менен макулдашылган жалпы өтүнмөлөр түзүлөт.
Иш-аракеттердин планын ишке ашырууну башкаруу
Иш-аракеттердин планын ишке ашырууну координациялоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүшөт:
- Иш-аракеттердин планын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- Иш-аракеттердин планын ишке ашыруунун мониторинги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үзгүлтүксүз отчетторду даярдоо;
- Иш-аракеттер планынын натыйжалуулугун ар бир мезгилдин жыйынтыгы боюнча баалоо;
- Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоого көмөктөшүү;
- улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу.
Кыскартуулардын тизмеси
БОКУКБ | Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
БОҮМБ | Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
ДССУ | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
ШКУКБ | Шаардык кургак учук менен күрөшүү борбору |
ССД | Саламаттык сактоо департаменти |
ДОКУКБ | Жалал-Абад облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
ДОҮМБ | Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
ЫОКУКБ | Ысык-Көл облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
МЛУ-ТБ | Кургак учуктун көп жолку дарыга туруктуу формасы |
НОКУКБ | Нарын облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
НОҮМБ | Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
УФБ | Улуттук фтизиатрия борбору |
ССУ | Саламаттык сактоо уюмдары |
ООКУКБ | Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
ООҮМБ | Ош облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
БМСЖ | Баштапкы медициналык санитардык жардам |
КУКО | Кургак учукка каршы оорукана |
КУга каршы уюмдар | Кургак учукка каршы уюмдар |
ТОКУКБ | Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
ТОҮМБ | Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
КУ | Кургак учук |
ММКФ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЧОКУКБ | Чүй облустук кургак учук менен күрөшүү борбору |
ЧОҮМБ | Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борбору |
ЖДПБ | Жалпы дарыгердик практика борбору |
ҮМБ | Үй-бүлөлүк медицина борбору |
|
| Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардамды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча 2017-2026-жылдарга иш-аракеттердин планына 1-тиркеме |
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | |
Кыска мөөнөттүү мезгил (2017-2019-жж.) | ||||
1 | Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборун Баткен облустук бириккен ооруканасына 20 койканы өткөрүп берүү жана Улуттук фтизиатрия борборунун облустук филиалын түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жыл | УФБ, БОКУКБ | |
2 | Нарын облустук кургак учук менен күрөшүү борборун Нарын облустук бириккен ооруканасына 15 койканы өткөрүп берүү жана Улуттук фтизиатрия борборунун облустук филиалын түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жылдын III кварталы | УФБ, НОКУКБ | |
3 | Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборун Талас облустук бириккен ооруканасына 33 койканы өткөрүп берүү жана Улуттук фтизиатрия борборунун облустук филиалын түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жылдын III кварталы | УФБ, ТОКУКБ | |
4 | Ысык-Көл облустук кургак учук менен күрөшүү борборун Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 20 койканы өткөрүп берүү жана Улуттук фтизиатрия борборунун облустук филиалын түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жылдын IV кварталы | УФБ, ЫОКУКБ | |
5 | Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына 20 койканы өткөрүп берүү жолу менен Кызыл-Кыя шаарынын райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасын кайра уюштуруу | 2017-жылдын III кварталы | УФБ, БОҮМБ, Кызыл-Кыя шаарынын АО | |
6 | Сүлүктү шаарынын кургак учукка каршы ооруканасын Лейлек районунун аймактык ооруканасына 10 койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жылдын III кварталы | УФБ, БОҮМБ, Сүлүктү шаарынын ЖДПБ | |
7 | Токтогул районунун кургак учукка каршы ооруканасын Токтогул районунун аймактык ооруканасына 10 койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2018-жылдын I кварталы | УФБ, ДОҮМБ, Токтогул районунун АО | |
8 | Кара-Буура районунун кургак учукка каршы ооруканасын Токтогул районунун аймактык ооруканасына 8 койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2017-жылдын IV кварталы | УФБ, ТОҮМБ, Кара-Буура районунун АО | |
9 | Арчалы а. Чүй облустук балдардын кургак учукка каршы ооруканасын Улуттук фтизиатрия борборуна кошуу жолу менен кайра уюштуруу | 2018-жылдын II кварталы | ССМ, УФБ | |
10 | Ибн-Сина атындагы Республикалык реабилитациялык балдар үчүн борборун Республикалык реабилитациялык балдар үчүн жалпы багыттагы борбору кылып кайра багыттоо | 2018-жылдын III кварталы | ССМ, ММКФ | |
11 | Бишкек шаарынын № 1 балдардын кургак учукка каршы ооруканасын Балдар үчүн КУ профилактикалоо борборун түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2018-жылдын II кварталы | ССМ, ММКФ | |
12 | Ош облустар аралык балдардын кургак учукка каршы ооруканасын Балдар үчүн КУ профилактикалоо борборун түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2018-жылдын III кварталы | ССМ, ММКФ | |
13 | Бишкек шаарынын калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (28дин ордуна 14кө чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу | 2018-жыл | ССМ, УФБ | |
14 | Бишкек шаарынын, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын лабораторияларына биологиялык материалды Улуттук референс-лабораторияга ташууну ишке киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | ССМ, УФБ | |
15 | КУ бейтаптарынын 50% камтуу жана мониторинги менен Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май райондорунун БМСЖ ССУларында КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2017-2018-жылдар | Бишкек шаарынын ССД, ШКУКБ | |
16 | Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Баткен шаарларынын жана Кадамжай, Лейлек райондорунун БМСЖ ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2017-2018-жылдар | УФБ, БОКУКБ | |
17 | Баткен облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (14түн ордуна 8ге чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу | 2018-жыл | ССМ, УФБ | |
18 | Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларынын жана Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунун БМСЖ ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2017-2018-жылдар | УФБ, ДОКУКБ | |
19 | Жалал-Абад облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (19дун ордуна 12ге чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2018-жыл | ССМ, УФБ | |
20 | Нарын шаарынын, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунун БМСЖ, ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2017-2018-жылдар | УФБ, НОҮМБ, НОКУКБ | |
21 | Нарын облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (5тин ордуна 2ге чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2018-жылдын III кварталы | ССМ, УФБ | |
22 | Ош шаарынын, Араван, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун БМСЖ; ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2018-2019-жылдар | УФБ, ООҮМБ, ООКУКБ | |
23 | Ош шаарынын жана Ош облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (31дин ордуна 17ге чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2019-жыл | ССМ, УФБ | |
24 | Талас, Бакай-Ата, Манас райондорунун жана Талас шаарынын БМСЖ ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2018-2019-жылдар | УФБ, ТОКУКБ | |
25 | Талас облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (7нин ордуна 4кө чейин кыскартуу), алардын материалдык техникалык базасын жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2018-жыл | ССМ, УФБ | |
26 | Чүй облусунун БМСЖ ССУларында 50%дан кем эмес кургак учук бейтаптарын амбулатордук дарылоо менен камтууну камсыз кылуу | 2017-жыл | ЧОҮМБ, ЧОКУКБ | |
Орто мөөнөттүү мезгил (2020-2022-жж.) | ||||
28 | Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканасын Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн кургак учукка каршы оорукананы түзүү жолу менен кайра уюштуруу | 2020-жыл | ССМ, ММКФ | |
29 | Бишкек шаарынын тургундарына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (14түн ордуна 6га чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу | 2018-жыл | ССМ, ММКФ | |
30 | Бишкек шаарынын кургак учук менен күрөшүү борборун Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кургак учукка каршы ооруканасына кошуу жолу менен кайра уюштуруу | 2020-жыл | ССМ, ММКФ | |
31 | Чүй облустук кургак учук менен күрөшүү борборун Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканасына кошуу жолу менен кайра уюштуруу | 2020-жыл | ССМ, ММКФ | |
32 | Шекафтар а. Паллиативдик жардамдын кургак учукка каршы ооруканасын Шекафтар а. ЖДПБсына 8 КУ койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2022-жыл | ССМ, ММКФ | |
33 | 50%дан кем эмес кургак учук бейтаптарын амбулатордук дарылоо аркылуу камтуу менен Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун БМСЖ ССУларында КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2019-жыл | Бишкек шаарынын ССД, ШКУКБ | |
34 | Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын ССУлары үчүн республикалык референс-лабораторияда КУнун культуралык диагностикасын жүргүзүү | 2020-жыл | ССМ, ММКФ | |
35 | Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларынын жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун БМСЖ ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2021-жыл | УФБ, ДОКУКБ, ДОҮМБ | |
36 | Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунун БМСЖ ССУларында КУну инфекциялык контролдоо чараларын колдонуу жана КУ пациенттерин амбулатордук дарылоону ишке киргизүү | 2022-жыл | УФБ, ООКУКБ, ОҮМБ | |
37 | Ош шаарынын жана Ош облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (17нин ордуна 9га чейин кыскартуу), ушул лабораториялардын материалдык техникалык базасын Xpert MTB/RIF аппараттар менен 3 лабораторияны жабдуу жолу менен жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2019-жыл | CCM, ММКФ | |
38 | Баткен облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (8дин ордуна 4кө чейин кыскартуу), алардын материалдык техникалык базасын 3 лабораторияны Xpert MTB/RIF аппараттар менен жабдуу жолу менен жакшыртуу жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2020-жыл | ССМ, ММКФ | |
39 | Талас облусунун калкына КУ диагностикасын жүргүзгөн лабораториялардын санын оптималдаштыруу (4түн ордуна 2ге чейин кыскартуу) жана какырыкты транспорттоону ишке киргизүү | 2018-жыл | ССМ, ММКФ | |
Узак мөөнөттүү мезгил (2023-2026-жж.) | ||||
40 | Ноокат районунун кургак учукка каршы ооруканасын Ноокат районунун аймактык ооруканасына 10 койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2023-жыл | ССМ, ММКФ | |
41 | Өзгөн районунун кургак учукка каршы ооруканасын Өзгөн районунун аймактык ооруканасына 10 койканы өткөрүп берүү жолу менен кайра уюштуруу | 2023-жыл | ССМ, ММКФ | |