Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 6-марты № 63-б
1. Европа коомдоштугу жана аларга мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга карата Хорватия Республикасынын Европа бирлигине кошулуусун эске алган протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Брюссель шаарындагы Европа шериктештигинин комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Европа коомдоштугу жана аларга мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга карата Хорватия Республикасынын Европа бирлигине кошулуусун эске алган ПРОТОКОЛ
Бельгия Королдугу,
Болгария Республикасы,
Чехия Республикасы,
Дания Королдугу,
Германия Федеративдүү Республикасы,
Эстония Республикасы,
Ирландия,
Греция Республикасы,
Испания Королдугу,
Франция Республикасы,
Хорватия Республикасы.
Италия Республикасы,
Кипр Республикасы,
Латвия Республикасы,
Литва Республикасы,
Люксембург Улуу Герцогдугу
Венгрия Республикасы,
Мальта Республикасы,
Нидерланд Королдугу,
Австрия Республикасы,
Польша Республикасы,
Португалия Республикасы,
Румыния,
Словения Республикасы,
Словакия Республикасы,
Финляндия Республикасы,
Швеция Королдугу,
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
Мындан ары "Мүчө мамлекеттер" деп аталуучу, Европа бирлиги жөнүндө келишимдин, Европа бирлигинин иштеши жөнүндө келишимдин жана Атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу түзүүчү келишимдин макулдашуучу тараптары, жана
мындан ары "Бирлик" деп аталуучу, Европа бирлиги, жана
бир тараптан
Атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу
жана
экинчи тараптан
Кыргыз Республикасы,
мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталышып,
мындан ары "Макулдашуу" деп аталуучу, Европа коомдоштугу жана аларга мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга Брюссель шаарында 1995-жылдын 9-февралында кол коюлгандыгын көңүлгө алуу менен;
Хорватия Республикасынын Европа бирлигине кошулуусу жөнүндө келишимге Брюссель шаарында 2011-жылдын 9-декабрында кол коюлгандыгын көңүлгө алуу менен;
Хорватия Республикасынын кошулуусунун шарттары жөнүндө актынын 6-беренесинин 2-пунктуна жана Европа бирлиги жөнүндө келишимге, Европа бирлигинин иштеши жөнүндө келишимге жана Атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу түзүүчү келишимге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Хорватия Республикасынын Макулдашууга кошулушу жөнүндө маселе Макулдашууга протокол түзүү жолу менен макулдашылууга тийиш экендигин көңүлгө алуу менен;
Хорватия Республикасынын Европа бирлигине 2013-жылдын 1-июлунда кошулгандыгын көңүлгө алуу менен;
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушуну менен Хорватия Республикасы Макулдашууга кошулат, Хорватия Республикасы Европа бирлигине башка мүчө мамлекеттер сыяктуу эле Макулдашуунун, Макулдашуунун ошол эле күнү кол коюлган Корутунду актысына тиркелүүчү Биргелешкен билдирүүлөрдүн, Билдирүүлөрдүн жана Алмашуу каттарынын тексттерин ушундай эле жол менен кабыл алат жана эске алат.
2-берене.
Ушул Протоколго кол коюлгандан кийин Бирлик хорват тилиндеги Макулдашуунун, Корутунду актынын жана ага тиркелген бардык документтердин текстин Мүчө мамлекеттерге жана Кыргыз Республикасына берет. Ушул Протокол күчүнө киргенде хорват тилиндеги текст болгар, чех, дат, голланд, англис, эстон, финн, француз, немец, грек, венгр, италия, латыш, литва, мальта, поляк, португал, румын, словак, словен, испан, швед, кыргыз жана орус тилдериндеги тексттер сыяктуу эле, ошол эле шарттарда аутенттүү болот.
3-берене.
Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4-берене.
1. Ушул Протоколду Тараптар алардын мамлекеттик ички жол-жоболоруна ылайык бекитишет. Тараптар бул максаттар үчүн зарыл болгон тийиштүү жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө бири-бирине кабарлоого милдеттүү. Бекитүү жөнүндө документтер Европа бирлигинин Кеңешинин Башкы катчылыгына сактоого тапшырылат.
2. Ушул Протокол жактыруу жөнүндө акыркы документ сактоого берилген датадан кийинки айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
5-берене.
Ушул Протокол эки нускада, ар бири болгар, хорват, чех, дат, голланд, англис, эстон, финн, француз, немец, грек, венгр, италия, латыш, литва, мальта, поляк, португал, румын, словак, словен, испан, швед, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер толук аутенттүү болуп саналат.
Муну күбөлөндүрүүгө тийиштүү түрдө укук берилген төмөндө кол коюшкан ыйгарым укуктуу өкүлдөр ушул Протоколго кол коюппу.
____________________ шаарында, _____-жылдын _______________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Европа бирлиги, Атом энергиясы боюнча Европа коомдоштугу жана Мүчө мамлекеттер үчүн |