Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-апрели № 191-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айыл чарба тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү МЕМОРАНДУМУ
Мындан ары "Келишим түзүүчү тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,
айыл чарба тармагындагы кызматташууну чыңдоо аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөөнү каалап, эки өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Өз компетенциясынын алкагында, Келишим түзүүчү тараптар чарба субъекттеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана айыл чарба тармагындагы башка уюмдардын ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.
Ушул Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагындагы кызматташуу Келишим түзүүчү тараптардын эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында Келишим түзүүчү тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- мал чарбачылык;
- балык чарба жана ички көлмөлөрдө аквакультураны өстүрүү жана анын ресурстарын башкаруу;
- өсүмдүк өстүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо;
- айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу;
- мелиорациялоо методдору жана ирригациялык системаларды модернизациялоо;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
- өндүрүштү уюштуруу;
- биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу.
3-берене.
Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында Келишим түзүүчү тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- тажрыйба, маалымат, адистер жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен алмашып туруу;
- өз ара иш сапарларын, изилдөөлөрдү жана тренингдерди уюштуруу;
- семинарларды, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү жана конференцияларды уюштуруу.
4-берене.
Өз ара түшүнүшүү меморандумун ишке ашырууга жооптуу Келишим түзүүчү тараптардын аткаруучу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги.
2. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Түркия Республикасынын Азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарбачылык министрлиги.
5-берене.
1. Келишим түзүүчү тараптар, Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында кызматташтыкты ишке ашырууну контролдоо жана талдоо үчүн Айыл чарбанын жетектөөчү комитетин (мындан ары "Комитет") түзүүгө макул болушту.
2. Комитет 10 мүчөдөн турат, министрдин орун басары деңгээлиндеги делегациянын башчыларын кошкондо, ар бир мамлекеттен беш (5) мүчө. Келишим түзүүчү тараптар эки айдын ичинде Комитеттин жетектөөчү курамы тууралуу жазуу жүзүндө бири-бирине өз ара маалымдап турушат. Комитеттин аракеттенүүсү Келишим түзүүчү тараптардын кызматтык адамдарынын төрагалыгы алдында тең төрагалар аркылуу ишке ашырылат.
3. Комитет жылына бир жолу же өз ара макулдашуу боюнча башка каалаган учурда кезектешип Кыргызстанда жана Туркияда чогулат.
6-берене.
Кабыл алуучу өлкө эки ай мурда келүү ниети тууралуу маалымдалышы керек.
7-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандумун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан ар түрдүү пикир келишпестиктер Келишим түзүүчү Тараптардын ортосунда консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
8-берене.
1. Ушул өз ара түшүнүшүү меморандуму Келишим түзүүчү тараптардын Меморандумдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Эгерде Келишим түзүүчү тараптардын бирөөсү 6 (алты) айдын ичинде Өз ара түшүнүшүү меморандумунун күчүн токтотуу жөнүндө ниетин жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Келишим түзүүчү тарапка билдирбесе, анда бул Өз ара түшүнүшүү меморандумунун күчү белгисиз мөөнөткө кала берет.
3. Өз ара түшүнүшүү меморандумунун күчүн токтотуу, эгерде Келишим түзүүчү тараптар башка чечим кабыл алышпаса, ушул Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашырылуучу ар түрдүү программаларды жана долбоорлорду бүтүрүүгө таасирин тийгизбейт.
4. Бул Өз ара түшүнүшүү меморандумун Келишим түзүүчү тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган учурда өзгөртүүгө болот. Өзгөртүүлөр Өз ара түшүнүшүү меморандумунун 8-беренесинин 1-пунктунда жазылган юридикалык жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
Тиешелүү өкмөттөрдүн ыйгарым укуктуу төмөндө кол койгондор адамдары күбөлөндүрүп, ушул Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Эки түп нускада, кыргыз, түрк, англис жана орус тилдеринде даярдалган, ар бири бирдей күчкө ээ. Бул Өз ара түшүнүшүү меморандумун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги тексти артыкча күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |