Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-июну № 242-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Тараптардын мамлекеттеринин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү максатында миграция жаатындагы өнөктөштүк кызматташуу аркылуу мамилелерди тереңдетүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптардын ар бири экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында миграция чөйрөсүндөгү өзүнүн компетенттүү органынын өкүлчүлүгүн (мындан ары - өкүлчүлүк) ачат,
Кыргыз Республикасынан - Москва шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;
Россия Федерациясынан - Бишкек шаарында жайгаштыруу менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги.
Өкүлчүлүктөрдү ачуу мөөнөтүн Тараптар өз алдыларынча аныкташат.
2-берене.
Өкүлчүлүктөр өз ишин ошол мамлекеттеги өз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жалпы жетекчилиги астында жүргүзөт.
Өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары эл аралык укук боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык персоналдарынын мүчөлөрү үчүн артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдаланышат.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, административдик-техникалык персоналы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ошол мамлекеттердеги өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн персоналынын тиешелүү категориялары катарында, жүргөн Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргөн Тараптардын мамлекеттеринин тышкы иштер министрлигинин алдында аккредитацияланат.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык жайлары, мүлктөрү, ошондой эле архивдери, документтери жана кат-кабарлары эл аралык укук боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматтык жайлары, мүлктөрү, архивдери, документтери жана кат-кабарлары жана дипломатиялык персоналдан жеке резиденциялары үчүн таанылган артыкчыларды жана иммунитеттерди пайдаланышат.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин саны Тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
Жүргөн мамлекеттеринин аймактарындагы өкүлчүлүктөр өз аракеттери менен өз иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алышы жана ишке ашырышы мүмкүн.
3-берене.
Тараптардын макулдашуусу боюнча жүргөн мамлекеттеринин башка шаарларында өкүлчүлүктөрдүн бөлүмдөрү ачылышы мүмкүн.
4-берене.
Өкүлчүлүктөр төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарышат:
- миграция чөйрөсүндөгү өзүнүн компетенттүү органдарынын жүргөн мамлекеттериндеги миграциялык жана башка компетенттүү органдар менен кызматташат;
- өз компетенцияларынын чегинде жүргөн мамлекети менен түзүлгөн миграция чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга, макулдашууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- жүргөн мамлекетинде өз өлкөсүнүн жарандарынын эмгек миграциясы жөнүндө, ошондой эле жүргөн мамлекетинин миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдары тууралуу маалыматтарды топтошот, иликтешет жана талдоого алышат;
- алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча адамдарды кабыл алышат;
- зарыл учурда алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргошот.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга карата Тараптардын ортосундагы талаш маселелер консультациялардын жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет.
6-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун 7-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуу анын аракеттерин токтотуу ниети тууралуу бир Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарламасын экинчи Тарап алган датадан тартып алты ай өткөндөн кийин колдонулушун токтотот.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып төмөнкүлөрдү колдонуу токтотулат:
2015-жылдын 15-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
2011-жылдын 21-октябрындагы Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Федералдык миграция кызматынын (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу.
__________________ шаарында 20____-жылдын _____-___________________ ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |