Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-сентябры № 399-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Америка Кошмо Штатынын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын ортосундагы Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Америка Кошмо Штатынын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын ортосундагы Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Америка Кошмо Штатынын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы,
мындан ары "баңгизаттар" деп аталуучу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарынын ден соолугуна жана бакыбаттыгына олуттуу коркунуч жаратарын жана кайсыл өлкөдө болбосун саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө таасир этүүчү көйгөй болоорун моюнга алып,
1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга 1972-жылдагы Протоколдун, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын, 1988-жылдагы Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын жоболорун эске алуу менен,
баңгизаттарга каршы күрөшүүгө жана ушул чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу чараларды көрүүдө өз ара кызыкчылыкты билдиришип, Тараптар төмөнкү маселелер боюнча өз ара иштешүүгө ниеттенишет:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында өз ара аракеттенүүнүн негизинде кызматташуу жөнүндө макулдашты, ал төмөнкү чөйрөлөрдү камтышы мүмкүн:
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан маалыматтарды өз компетенциясынын алкагында алмашуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылган кылмыштуу уюмдарды, топторду жана адамдарды аныктоо, алардын алдын алуу жана токтотуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашыруу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү, ташуу, сактоо жана сатууга тартылган адамдар, топтор жана/же уюмдар жөнүндө, ошондой эле алардын кылмыштуу иштеринин методдору, ыкмалары жана жолдору тууралуу маалыматтарды алмашуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан жолугушууларды, конференцияларды, тренинг-семинарларды кошкондо тажрыйба алмашуу;
- материалдык, техникалык жардам жана консультацияларды берүү;
- баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү маселелери боюнча эксперттик изилдөөлөрдү өткөрүү жаатында кызматташуу;
- баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга байланышкан кылмыштуу топтордун криминалдык иштерин токтотууга багытталган биргелешкен пландарды иштеп чыгуу;
- баңгизаттардын үлгүлөрүн жана/же алып коюлган баңгизаттарга эксперттик талдоолорду Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алмашуу.
2-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында маалымат алмашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарынын негизинде ишке ашырылат.
3-берене.
Эгерде суроо-талапты аткаруу суралуучу Тараптын мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартипке же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо, ошондой эле суроо-талап жиберилген Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана/же эл аралык милдеттенмелерине каршы келсе, анда аны аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн. Эгерде суроо-талап жиберилген Тарап аны аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, анда бул жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап жиберген Тарапка ушундай чечимди кабыл алуунун себебин көрсөтүү менен кабарлайт.
4-берене.
Эгер маалымат берүүчү Тарап маалыматтын жайылтылышын же үчүнчү тарапка берилишин максатка ылайык эмес деп эсептесе, ал Тарап суроо-талап жиберген Тарапка берилип жаткан маалыматтын купуялуулугун сактоону, ошондой эле үчүнчү тарапка берүүдөн баш тартууну суранат.
Маалыматтардын купуялуулук даражасын ушул маалыматты берүүчү Тарап аныктайт.
Эгер маалыматтарды алган Тараптын аны үчүнчү тарапка берүүсүнүн зарылдыгы болсо, ал үчүн маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугун сурайт.
Берилген документтер, маалыматтар жана материалдар суроо-талапта көрсөтүлбөгөн иштерге маалымат берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз колдонулбайт.
5-берене.
Өз ара кызматташуунун жүрүшүндө кыргыз, англис жана орус тилдери колдонулат.
6-берене.
Ушул Меморандумда каралган кызматташтыкты ишке ашырууну кайра кароо жана аны андан ары өнүктүрүү максатында Тараптар жумушчу жолугушууларды уюштурушу мүмкүн жана өкүлдөрүн бири бирине жиберишет.
7-берене.
Кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Тараптар мыйзамдык жана башка жөнгө салуучу юридикалык документтерди, аларды ишке ашыруу практикасы менен байланышкан материалдарды, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүгө тиешеси бар маселелер боюнча статистикалык маалыматтарды жана методикалык сунуштамаларды алмашуусу мүмкүн.
Тараптар маалыматтардын, ага тете эле купуя болуп эсептелбеген документтерди жана материалдарды кошпогондо, тараптардын ортосунда алмашуу предмети болуучу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча документтердин жана материалдардын мазмунунун купуялуулугун камсыз кылышат.
Тараптар суроо-талап жиберген Тарап алынган маалыматта суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана колдонот деп эсептейт.
8-берене.
Тараптар өз ара кызматташуу жөнүндөгү ушул Меморандум Тараптардын кызматташуусунун башка өз ара алгылыктуу формаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт деп эсептейт.
9-берене.
Ушул Меморандум Тараптарга кандайдыр бир юридикалык же финансылык милдеттенмелерди жүктөбөйт, Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине, башка эл аралык макулдашуулардан келип чыккан келишимдерге жана улуттук мыйзамдарга, ченемдик документтерге таасир этпейт.
Ушул Меморандумдун алкагындагы кызматташтык Тараптардын финансылык каражатынын болушуна көз каранды.
10-берене.
Ушул Меморандумдун колдонулушун Тараптардын бири каалаган убакта экинчи Тарапка бул жөнүндө алдын ала кабарлоо менен токтотушу мүмкүн. Мында ушул Меморандум дипломатиялык каналдар аркылуу анын колдонулушун токтотуу тууралуу ниетин жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Тараптардын бири алган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин күчүн жоготту деп эсептелет.
11-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан Тараптардын ортосундагы кайчы пикирлер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
12-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө Тараптардын ортосунда кайчы пикирлер пайда болсо Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
13-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2017-жылдын "__" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү жана баардык тексттер бирдей болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| АКШнын Юстиция министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы үчүн |