Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-сентябры № 397-б
1. 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары К.Н.Мырзакановго жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз-Россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
Тараптардын компетенттүү органдары 2017-жылы 2017-жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товар) Кыргыз Республикасында ички керектөөнүн көлөмдөрүн жана номенклатурасын макулдашат жана 2017-жылга алар боюнча индикативдик баланстарды бекитишет.
Товарларды кийинки жылдарда ички керектөөнүн көлөмү жана номенклатурасы, алар боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшү эсепке алынган кийинки календарлык жылга индикативдик балансты (мындан ары - индикативдик баланстар) бекитүү жолу менен үстүдөгү календарлык жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө тараптардын компетенттүү органдары тарабынан макулдашылат.
Ар бир календардык жылга индикативдик баланстарды тактоо Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды ички керектөөнүн негизделген өзгөрүүсүн эсепке алуу менен жылына бир жолу, учурдагы календарлык жылдын 15-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
Кыргыз тарап үстүдөгү календарлык жылдын 5-сентябрына чейин Россиялык тарапка кийинки календарлык жылга индикативдик баланстарды түзүү сунушун берет, ал эми үстүдөгү календарлык жылдын 15-ноябрына чейин 9 айдын ичиндеги индикативдик баланстардын аткарылганы жөнүндө жана алардын үстүдөгү календарлык жылда аткарылууга тийиш болгондор тууралуу маалыматты берет.".
2-берене.
Ушул Протокол дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар ушул Протоколго кол коюлган күндөн 30 күн өткөндөн кийин Макулдашуунун жоболору ушул Протоколдо кандай өзгөрүлгөн болсо, ошондой түрдө убактылуу колдоно башташат.
2017-жылдын "___" ________________ ш. эки нускада, ар бир нускасы кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |