Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2017-жылдын 30-ноябры № 837
Жол-транспорт кыймылынын интеллектуалдык маалыматтык системасын өнүктүрүү жана ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык;
1. "Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы жана башка инвесторлор менен инвестициялык кызматташтык шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө инвестициялык кызматташтык шарттарын кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана уюмдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Дж. Исаков |
"Huawei Technologies Co., Ltd" компаниясы жана башка инвесторлор менен инвестициялык кызматташтык шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;