Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин 2018-жылдын 11-июнундагы № 88 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2018-жылдын 2-февралы № 20
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жоболорунун механизмдерин иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо тартибинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ төрт айлык мөөнөттө:
1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жоболорун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзсүн;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун эл аралык механизмдерин иликтесин;
3) жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте:
1) жумушчу топ тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
2) жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жагынан камсыздасын.
4. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, өз убагында керектүү документтерди, маалыматтарды беришсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.Момуналиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо тартибинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абдылдаева Айнур Нуралиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Осмоналиев Кайрат Медербекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Нурудинов Бакыт Нурудинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Ишекеева Нурзада Назаркуловна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Сергеева Наталья Дмитриевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти; |
Ызакова Сайра Темирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык мыйзамдар башкармалыгынын начальниги; |
Камчибекова Мырза-Айым Афтандиловна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Ташбекова Нургүл Микрамовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн башкы инспектору (макулдашуу боюнча); |
Жоробекова Айнура Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык башкармалыгынын мыйзам долбоорлоо иштери бөлүмүнүн башкы юристи (макулдашуу боюнча); |
Шаршенова Касиет Нарынбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси; |
Султанова Толкун Алманбетовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Кодуранова Аяна Абдысабитовна | - | "Мыйзамдарды өнүктүрүү борбору" коомдук фондунун директору, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Какеев Искендер Бакытович | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |