Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-апрели ПБ № 80
Кыргыз Республикасы менен Сент-Китс жана Невис Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасы менен Сент-Китс жана Невис Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине жогоруда көрсөтүлгөн Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Сент-Китс жана Невис Федерациясынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Сент-Китс жана Невис Федерациясы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө жана урматтоо, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган элчилердин деңгээлиндеги дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү түрдө тийиштүү ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус, англис жана испан тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Каршы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Лондон шаарында 2018-жылдын "___" _____________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Сент-Китс жана Невис Федерациясы үчүн |
_____________________________ |
| _______________________________________ |