Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-апрели ПБ № 78
Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Экваториалдык Гвинея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Экваториялдык Гвинея Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көзкарандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү бекемдөө жана урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган Элчилер деңгээлинде дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус, испан жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Экваториялдык Гвинея Республикасы үчүн |
_________________________ |
| _________________________ |