Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-марты № 92-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга экономикалык кызматташуу программасынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри С.Т.Муканбетовго жогоруда аталган Программага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга экономикалык кызматташуу ПРОГРАММАСЫ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
эки мамлекеттин экономика тармактарынын ортосундагы тарыхый жактан калыптанган өндүрүштүк жана илимий-техникалык байланыштардан, ошондой эле аларды өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде сактоонун жана андан ары өнүктүрүүнүн объективдүү зарылдыгынан улам,
экономикалык, соода жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү артыкчылыгына негизденип,
өз ара пайдалуу кызматташтыктын стратегиясын иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу муктаждыгын эске алуу менен,
экономикалык өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде эл аралык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүүгө, ошондой эле балансталган сооданы кеңейтүүгө умтулуу менен,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимди, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияны жана 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларацияны жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
Программанын негизги максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарга экономикалык кызматташуу программасы (мындан ары - Программа) экономикалык кызматташтыкты, экономика чөйрөсүндө эки таралтуу мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча Тараптардын чаралар комплексин ишке ашыруусун, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык жана региондор аралык кызматташтыкты активдештирүү максатында иштелип чыкты.
2018-2021-жылдарга эки тараптуу узак мөөнөттүү соода-экономикалык кызматташуунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүү максатында экономикалык иш-аракеттин ар кандай чөйрөлөрүндө макулдашылган жана координацияланган саясатты жүргүзүү;
- евразиялык интеграциянын алкагында иштердин артыкчылыктуу түрлөрүн өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды, экономиканын негизги секторлорунда координацияланган (макулдашылган) саясатты жана тиешелүү жалпы (бирдиктүү) рынокторду түзүү боюнча ишти андан ары жүргүзүү;
- кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана илгерилетүү;
- эки өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана түзүмүн өркүндөтүү, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында катталган чарбакер субъекттердин ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөш байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүү жана дем берүү;
- инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, Тараптардын мамлекеттеринин инвестициялык кызыктыруучулугун жогорулатуу;
- улуттук экономикалардын түзүмүн диверсификациялоого багытталган биргелешкен долбоорлорду, баарыдан мурда өнөр жайдын кайра иштетүү тармактарында, инновациялык жана жогорку технологиялык чөйрөлөрдө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн учурдагы тармактарында колдоо;
- транспорт жаатында өз ара пайдалуу негизде кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы региондор аралык байланыштарды кеңейтүү;
- соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда, өндүрүштүк кооперацияда өз ара пайдалуу интеграциялык кызматташууну, менчиктин бардык түрлөрүндөгү чарбакер субъекттердин ортосундагы түз байланыштарды өркүндөтүү;
- финансы-банк чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү;
- билим берүү, илим жана техника жаатындагы кызматташууну тереңдетүү.
Программанын максаттарына жетүү үчүн Тараптар төмөнкү милдеттерди аткарышат:
- жогорку деңгээлде, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) жыйындарында жетишилген келишимдерди толук масштабдуу ишке ашырууну камсыз кылуу;
- эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде өнүктүрүү жана кеңейтүү;
- экономикалык кызматташуунун ченемдик-укуктук базасын кеңейтүү жана өркүндөтүү;
- товар жүгүртүү түзүмүнүн өсүшү жана өркүндөтүү, инвестициялык кызматташуунун көлөмдөрүн көбөйтүү жана багыттарын диверсификациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүмдөрү менен Россия Федерациясынын субъекттеринин ортосундагы түз соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү жана кеңейтүү;
- өнөр жайдын ар түрдүү тармактарында, атап айтканда отун-энергетикалык комплексинде, химия, машина куруу, электротехникалык, жеңил, авиациялык, кен казуу, кайра иштетүү өнөр жайында жана ошондой эле курулуш материалдарын чыгарууда кызматташууну өнүктүрүү;
- транспорт-коммуникация чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүү, жүк ташуулардын өсүшү, эл аралык транспорт-транзиттик коридорлорду жана инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- агроөнөр жай комплексинде, анын ичинде айыл чарба продукциясын жеткирүү тармагында узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу;
- экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү жана жеткирүү чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү;
- эки мамлекеттин аймагында жайгашкан чарбакер субъекттердин иши үчүн, анын ичинде өз ара инвестицияларды кеңейтүү максатында жагымдуу шарттарды түзүү;
- билим берүү жана илимий уюмдардын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү, илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, жугуштуу оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү.
Соода тармагында кызматташуу
Тараптар эки тараптуу соода мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүнө жана жеткирилүүчү товарлардын номенклатурасын диверсификациялоого көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар соода мамилелерин кеңейтүү жана кыргыз-россия тышкы экономикалык долбоорлорду комплекстүү колдоо боюнча кызматташууну улантышат.
Эки мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, Тараптар товар жүгүртүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү, анын түзүмүн жакшыртуу үчүн, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган даяр продукцияны жана товарларды өз ара жеткирүүнү кеңейтүүнүн эсебинен мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана пайдалануу боюнча чараларды көрүшөт.
Тараптар өндүрүштүк-техникалык, айыл чарба, энергетика, химиялык, тамак-аш, текстилдик багыттагы жана өнөр жайдын башка тармактарындагы продукциянын эң негизги түрлөрүн жеткирүү чөйрөсүндө соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүшөт.
Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмө жана жарманке иш-чараларына Тараптардын мамлекеттеринин ишканаларын жана компанияларын, анын ичинде чакан бизнес ишканаларын тартууга жана алардын активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эл аралык ченемдерди жана стандарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүүгө жана маалымат алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Өнөр жай тармагындагы кызматташуу
Тараптар өнөр жай тармагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүшөт, өз ара пайдалуу инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу жана диверсификациялоо боюнча чараларды көрүшөт, айрыкча чийки зат эмес тармактарда.
Тараптар биргелешкен өндүрүш, илимий-техникалык, инвестициялык жана коммерциялык иштин натыйжалуу формаларын өнүктүрүүгө, чет элдик инвестициялар менен коммерциялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар тармактар аралык кызматташууну кеңейтишет жана өнөр жайдын ар түрдүү тармактарында, анын ичинде отун-энергетикалык комплексинде, кен казуу, кайра иштетүү, машина куруу, химиялык, электротехникалык, жеңил, тамак-аш өнөр жайында, курулуш материалдарын чыгарууда, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар инвестициялык климат, колдонуудагы жеңилдиктер жана преференциялар, бул чөйрөнү регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу сунуштарды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Энергетика тармагындагы кызматташуу
Тараптар энергетика чөйрөсүндө кызматташууну, энергиялык натыйжалуу жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү, биотехнологияларды жана альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүшөт.
Тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууларды жана программаларды ишке ашырууну улантышат (ташуу, бөлүштүрүү жана жаратылыш газын сатуу, жер казынасын геологиялык изилдөө).
Транспорт жана транспорттук коммуникациялар тармагындагы кызматташуу
Тараптар темир жана автомобилдик жол, аба катнашы чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнү улантышат, улуттук ташуучулардын иши жана эки мамлекеттин колдонуудагы инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактары аркылуу өтүүчү колдонуудагы жана перспективдүү транспорттук коридорлордун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн бирдиктүү технологиялык стандарттардын негизинде өнүктүрүү жана жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташууну улантышат.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин транспорттук ведомстволорунун жана уюмдардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну жөнгө салууга, алардын эл аралык тармактык транспорттук иш-чараларга катышуусуна, ошондой эле өздөрүнүн мамлекеттеринин транспорт тармагындагы маалымат жана ченемдик укуктук актылар менен алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар транспорт чөйрөсүндөгү эл аралык тармактык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенишет.
Массалык коммуникациялар жана байланыш тармагындагы кызматташуу
Тараптар коммуникациялар жана байланыш тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт жана бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Агрардык өнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызматташуу
Тараптар агрардык өнөр жай чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү артыкчылыктуу мүнөзгө ээ экендигин белгилешет.
Тараптар мал чарба, өсүмдүк өстүрүү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, чарбакер субъекттердин мыкты тажрыйбалар жана заманбап технологиялар менен алмашуу, айыл чарба тармагында билим берүү жана агрардык сектор үчүн кадрларды даярдоо сыяктуу багыттар боюнча айыл чарба жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташууну жөнгө салуу иштерин улантышат.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында айыл чарба продукциясын өз ара пайдалуу берүүлөрүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар айыл чарба продукциясын органикалык өстүрүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселесин иштеп чыгышат (адистер, технологиялар, биргелешкен изилдөөлөр менен алмашуу).
Тараптар Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча соода-логистикалык/бөлүштүрүүчү борборлорун түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар экологиялык жактан коопсуз өсүмдүк жана мал чарба продукциясын алууга кепилдик берүүчү айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүнүн жаңы технологиялар жаатында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү кеңейтишет.
Санариптик экономика жаатында кызматташуу
Тараптар туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз санариптик инфраструктураны өнүктүрүшөт, дем берүүчү технологияларды киргизүү аркылуу санариптик экономикада жана инновацияларды илгерилетүүдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтишет.
Тараптар саламаттык сактоо, шаар чөйрөсүн өнүктүрүү, чакан жана орто ишканалар, энергетикалык ресурстар жана башкалар сыяктуу багыттар боюнча санариптик экономика чөйрөсүндө кызматташтыкты илгерилетишет.
Туризм жаатында кызматташуу
Тараптар туризм чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирүүдө.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин туристтик потенциалын ишке ашырууга, жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө, тажрыйба жана маалымат алмашууга, туризм чөйрөсүндө жаңы долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга, туристтик форумдарга, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышууга көмөк көрсөтүшөт.
Региондор аралык кызматташуу
Тараптар өндүрүштүк, инновациялык, илимий-техникалык, гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле айыл чарба жаатындагы региондор аралык кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө жана региондук байланыштарды активдештирүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүмдөрү менен Россия Федерациясынын субъекттеринин ортосунда түз соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, көргөзмө-жарманкелик иш-чараларга, ишкер миссияларга өз ара катышуу, сатууга сунуш кылынган продукция жөнүндө маалымат менен ыкчам алмашуу, коммерциялык байланыштарды түзүүгө кызыкдар болгон Тараптардын мамлекеттеринин аймагында катталган чарбакер субъекттер жөнүндө маалымат алмашуу аркылуу чарбакер субъекттердин ортосундагы түз байланыштарды түзүүнү улантышат.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын административдик-аймактык бирдиктеринин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде тиешелүү келишимдерге кол коюу аркылуу бул багыттагы иштерди улантышат.
Тараптар кыргыз-россиялык региондор аралык конференцияларды ар жылдык негизде өткөрүү практикасын улантышат.
Программаны ишке ашыруу механизми
Ушул Программаны ишке ашыруунун жүрүшү Комиссия тарабынан каралат.
Комиссия Программаны аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Ушул Программа эл аралык келишим болуп эсептелбейт, эл аралык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу укуктарды жана милдеттерди жаратпайт.
______________ шаарында 2018-жылдын "__" ____________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде кол коюлду.
Ушул Программа кол коюлган күндөн тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Ушул Программанын жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |