Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-марты № 95-б
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Азербайжан Республикасынын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигинин ортосундагы Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Азербайжан Республикасынын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигинин ортосундагы Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Азербайжан Республикасынын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлиги бардыгын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы достук мамилени жана кызматташууну бекемдөөгө умтулушуп,
эки мамлекеттин ортосунда байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүлүн бурушуп,
Дүйнөлүк почта уюмунун жана Эл аралык электр байланыш уюмунун, Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин максаттарын жана принциптерин эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Тараптар тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу принциптердин негизинде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өз ыйгарым укуктарынын чектеринде байланыш, электрондук өкмөт, почта байланышы жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүшөт, эки мамлекеттин кызыкдар уюмдарынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана зарылдыгына жараша алардын ортосундагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүшөт.
2-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында төмөндөгү багыттар боюнча кызматташат:
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, анын ичинде электрондук өкмөт жана маалыматтык коомду өнүктүрүү чөйрөсүндө;
- электр жана почта байланышы жаатында.
Жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташуу төмөнкүдөй жол менен ишке ашырылат:
- эксперттердин жана адистердин өз ара стажировкаларын уюштуруу;
- ушул Меморандумдун алкагында биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу жана өз ара жардамдашуу максатында эксперттик/жумушчу топторду түзүү.
3-берене.
Тараптар ушул Меморандум жарактуу болгон мөөнөттө Тараптар бири-бирине берген маалыматтар купуя болуп эсептелерине жана башка Тараптын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбей тургандыгына макулдугун билдиришет.
4-берене.
Ушул Меморандумдун жоболору Тараптар катышуучусу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
5-берене.
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптар долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулушат. Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча пайда болгон маселелерди кароо жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн ушул Меморандумдун пункттарын аткаруу маселеси боюнча бири-бири менен Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу кызматташат.
Ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына каршы келбеген формаларда ишке ашырылат.
6-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча ар кандай кайчы пикирлер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
7-берене.
Ушул Меморандумга тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө болот. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өз алдынча протоколдор менен таризделет жана ушул Меморандумдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирет.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Ушул мөөнөт аяктаганда, эгер Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин 6 (алты) ай мурдатан башка Тарапка ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниетин билдирген кат жүзүндөгү билдирүү жибербесе Меморандумдун жарактуулугу өзүнөн - өзү узартылат ____________________ шаарында 201___-жылдын "___" ______________ ар бири кыргыз, орус жана азербайжан тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей аутенттүү. Ушул Меморандумдун тексттерин чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атынан |
| Азербайжан Республикасынын Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигинин атынан |
_________________________________________ |
| _________________________________________ |