Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-марты № 109-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Илимий-инновациялык айыл чарба технопаркын түзүү" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө алмашуучу каттын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган алмашуучу катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
|
| Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси улуу даражалуу Сяо Цинхуа мырзага |
Улуу Даражалуу мырза,
Сиздин 2018-жылдын "__" мартындагы төмөнкү мазмундагы катыңызды алгандыгымды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
"2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык достук кеңешүүлөр жолу менен эки тарап төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашууга келишкендигин Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ушул Долбоорду бекитүү максатындагы техникалык жардамдын алкагында "Илимий-инновациялык айыл чарба технопаркын түзүү" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (мындан ары ТЭН) боюнча иштерди жүргүзүүгө макулдук берет. Эгер ТЭНдин жыйынтыгы жакшы болсо тараптар Долбоорду бекитүү жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюшат.
2. ТЭНди иштеп чыгуу боюнча жумушту аткаруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына жогоруда аталган Долбоор боюнча экспедиция жүргүзүү үчүн адистердин тобун жиберет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экспедиция жүргүзүлүп жаткан учурда ТЭН өткөрүү үчүн керектүү, Долбоор боюнча базалык маалыматтардын берилиши үчүн жооп берет жана кытай тарап менен иштерди координациялоо үчүн атайын ведомствону же органды дайындайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке көмөктөшүү үчүн техникалык персоналды жиберет, иш жүрүп жаткан жерде кытайлык адистердин коопсуздугун камсыздайт, транспорттук каражаттар жана экспедиция үчүн керектүү техникалык материалдар менен бекер камсыздайт, кытайдын адистерине персоналдын келүүсү-чыгуусу боюнча, экспедиция жүргүзүүгө керектүү приборлор жана жабдуулар боюнча документтерди бажы алымынан бошотуу менен тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
3. Кытай тараптын жогоруда аталган экспедицияны жүргүзүү үчүн чыгымы 950000 (тогуз жүз элүү миң) кытай юанын түзөт жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 4-декабрында түзүлгөн Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген уюм ушул катка жана Сиздердин жооп катка ылайык 4 нускада эсептешүү инвойсун көрсөтүү менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
Эгерде Сиз жогоруда айтылгандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жооп катыңыз менен ырастасаңыз, анда ушул кат жана Улуу Урматтуу Сиздин жооп катыңыз Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуу урматтуу Сиздин катыңыздын тексти менен макул болгондугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ырастайм.
Буга байланыштуу Улуу урматтуу Сиздин катыңыз жана ушул жооп кат биргелешип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт жана ал кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков А.Э. _______________________________ |
|
|
Бишкек шаары, 2018-жылдын "__" ____________