Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-апрели № 125-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
(Расмий эмес котормо)
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Келишим түзүп жаткан Тараптар) социалдык камсыздоо жаатында кызматташууну жөнгө салууга умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-берене. Терминдердин аныктамасы
(1) Ушул Келишимде колдонулган терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
a) "аймак":
Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасы,
Түркия Республикасына карата - Түркия Республикасы;
b) "мыйзамдар": ушул Келишимдин 2-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн социалдык камсыздоонун түрлөрүн жөнгө салган мыйзамдар, жоболор, нускамалар жана башка ченемдик укуктук актылар;
c) "ыйгарым укуктуу органдар": Кыргыз Республикасынан - Социалдык фонд, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Түркия Республикасынан - Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги;
d) "компетенттүү мекеме": ушул Келишимдин 2-беренесинде каралган мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу жоопкерчилиги жүктөлгөн мекеме же мекемелер;
e) "камсыздандырылган адам": ушул Келишимдин 2-беренесинде аныкталган мыйзамдарга же мыйзамдардын жоболоруна туура келген же туура келүүчү жеке жак;
f) "камсыздандыруу стажы": ушул Келишимдин 2-беренесинде каралган мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн же төлөндү деп эсептелген мезгил;
g) "пенсиялар жана жөлөкпулдар": ушул келишимдин 2-беренесинин алкагында жүргүзүлгөн бардык пенсиялар жана башка акчалай төлөмдөр;
h) "жашаган жери": Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган туруктуу жашаган жери;
i) "убактылуу жашаган жери": Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган убактылуу жашаган жери;
j) "үй бүлө мүчөлөрү": Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган адамдар;
k) "багуусундагылар": Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган адамдар;
l) "бенефициарлар": Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык аныкталган же ошондой деп таанылган адамдар.
(2) Ушул Келишимде колдонулган башка түшүнүктөр Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2-берене. Материалдык колдонуу тармагы
(1) Ушул Келишим Келишим түзүп жаткан Тараптардын социалдык камсыздоо боюнча мыйзамдарын жөнгө салган төмөнкү мамилелерге колдонулат:
A. Кыргыз Республикасы тараптан:
a) курагы боюнча, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча камсыздандыруу пенсияларына;
b) пенсиялык топтомо каражаттардын эсебинен төлөмдөргө;
c) убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарга;
d) тийиштүү адамга же ал каза болгон учурда аны алууга укугу бар адамдарга төлөнө турган өндүрүштө эмгектик мертинүү жана кесиптик оору боюнча жөлөкпулдар;
e) сөөк коюуга жөлөкпул;
B. Түркия Республикасы тараптан:
a) бир же бир нече иш берүүчү тарабынан эмгек келишими боюнча жумушка алынган адамдарды майыптыгы, курагы (карылыгы), каза болгондугу, өндүрүштөгү кырсыктар, кесиптик оорулар, оорулар жана кош бойлуулук боюнча камсыздандыруу;
b) эмгек келишимсиз өзүнө жана өз атынан иштеген адамдарды майыптыгы, курагы (карылыгы), каза болгондугу, өндүрүштөгү кырсыктар, кесиптик оорулар, оорулар жана кош бойлуулук боюнча камсыздандыруу;
c) мамлекеттик мекемелерде жана башка кызматтарда иштеген адамдарды майыптыгы, курагы (карылыгы), каза болгондугу боюнча камсыздандыруу.
(2) Ушул Келишим ушул берененин 1-пунктундагы жоболорду өзгөрткөн, кайра караган, ордун алмаштырган же толуктаган социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынган мамилелерге карата дагы колдонулат.
(3) Ушул Келишимдин социалдык камсыздоонун жаңы режимдерине же социалдык камсыздандыруунун жаңы түрлөрүнө карата колдонулушу Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосунда жаңы макулдашууларды түзүү аркылуу ишке ашырылат.
3-берене. Жеке колдонуу тармагы
Ушул Келишимде башкасы айтылбаса, ушул Келишимдин жоболору Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына катышы болгон же катышы бар адамдарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана багуусундагыларга карата колдонулат.
4-берене. Тең укуктуулук
Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарын колдонууда ушул Келишимдин 3-беренесинде көрсөтүлгөн Келишим түзүп жаткан башка Тараптын адамдары Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын адамдарындай эле бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
5-берене. Пенсияларды экспорттоо
(1) Эгерде ушул Келишимде башкасы каралбаса, төлөнүшүнө жооптуу Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин мыйзамдары боюнча дайындалган Келишимдин 2-беренесинде көрсөтүлгөн пенсиялар Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагында жашагандыгына карабастан ушул Келишимдин 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата жеткирүү боюнча кандайдыр бир чыгымдарды эсептен чыгарбастан ошол эле өлчөмдө төлөнөт. Камсыздандырылган адам үчүнчү өлкөнүн аймагында жашаган учурда Келишим түзүп жаткан Тараптардын ар бири өзүнүн мыйзамдарына ылайык пенсия төлөп берет.
(2) Ушул берененин 1-пунктунун жоболору Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери боюнча дайындалган төлөмдөргө карата колдонулбайт.
6-берене. Пенсиялык төлөмдөрдү азайтуу, токтотуу жана алып салуу
(1) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринде орун алган кандайдыр бир жагдайлар Келишим түзүп жаткан башка Тараптын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө шарттарына таасир этсе, анда ал Келишим түзүп жаткан Тарап ал жагдайларды анын аймагында болгондой карайт.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө Келишим түзүп жаткан башка Тараптын мыйзамдарына ылайык бир эле мезгилде ушул Келишимдин 2-беренесинде каралган пенсиялардын жана жөлөкпулдардын, ошондой же башка түрүнүн дайындоо жана төлөп берүү боюнча камсыздандырылган адамдардын укуктарына таасир этпейт.
II бөлүм. Колдонулуучу мыйзамдардын жоболору
7-берене. Жалпы жоболор
Эгерде ушул Келишимде башкасы каралбаса:
a) ушул Келишимди колдонгон камсыздандырылган адамдар аймагында эмгектенген жана же өз алдынча иштеген Келишим түзүп жаткан Тарашын мыйзамдарынын астында болот;
b) Келишим түзүп жаткан эки Тараптын аймагында эмгектенген жана же өз алдынча иштеген камсыздандырылган адамдарга:
1. Карылыгы (курагы), майыптыгы жана каза болгондугу боюнча камсыздандырууга карата - туруктуу жашаган Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары,
2. Эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруу, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук боюнча - Келишим түзүп жаткан эки Тараптын мыйзамдары колдонулат.
8-берене. Иш сапарлар
(1) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин аймагында иштеген адам иш берүүчү тарабынан Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагына кандайдыр бир ишти аткаруу үчүн жиберилсе анда ал ошол эле кызматкердин кызматкер статусу сакталган шартта 24 айдан ашпаган мезгилге Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын мыйзамдарынын астында боло берет.
(2) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин аймагында иштеген өз алдынча иштеген адам Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагына убактылуу ишти аткаруу үчүн көчүп барса, анда ал 24 айдан ашпаган мезгилге Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын мыйзамдарынын астында боло берет.
(3) 1 жана 2-пункттарда көрсөтүлгөн мезгилдер Келишим түзүп жаткан эки Тараптын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү мекемелери менен алдын ала макулдашылып жалпысынан 60 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
9-берене. Эл аралык транспорт ишканаларынын кызматкерлери
(1) Жалдап же өз атынан жүргүнчүлөрдү же товарларды автомобиль, темир жол, аба же деңиз транспорт түрлөрү менен эл аралык транспорт ташууларын жүргүзгөн жана Келишим түзүп жаткан Тараптардын аймагынын биринде катталган офиси бар ишканалардын кызматкерлеринин арасынан камсыздандырылган адамдар тийиштүү ишкана катталган Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарынын астында болот.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптардын аймаганда жайгашкан ишканалардын филиалында же туруктуу өкүлчүлүгүндө жумушка орношкон камсыздандырылган адам офисинин катталган жерине карабастан андай филиал же өкүлчүлүк жайгашкан Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарынын астында болот.
10-берене. Кеме экипажынын кызматкерлери жана мүчөлөрү
(1) Кеменин бортунда иштеген камсыздандырылган адамдар кеме кимдин желеги астында сүзсө ошол Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарынын астында болот.
(2) Эгерде камсыздандырылган адам Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин портунда же аймактык сууларында иштесе, бирок кеменин экипажынын мүчөсү болуп саналбаса жана Келишим түзүп жаткан башка Тараптын мамлекеттик желеги астында сүзгөн кемеде, жүктөп, жүк түшүрүп жана ремонт менен алектенсе же мындай иштерди тескесе анда ал порт же аймактык суулар жайгашкан Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарынын астында болот.
(3) Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин мамлекеттик желегинин астында сүзгөн кеменин бортунда иштеген жана мындай иш катталган офиси же туруктуу жашаган жери Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагында болгон ишкана же адам тарабынан төлөнгөн адам Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында жашаса акыркы Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамынын астында болот; төлөм жүргүзгөн ишкана же жак аталган мыйзамды колдонуу максатында иш берүүчү деп эсептелет.
11-берене. Дипломатиялык миссиялар жана консулдуктун кызматкерлери
(1) Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана Консулдук мекемелердин кызматкерлерине ошондой эле Келишим түзүп жаткан Тараптын бири тарабынан Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагына жиберилген миссиялардын же консулдуктардын кызмат адамдарынын жеке кызматтары үчүн жалданган тейлөө кызматкерлерине жиберген Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
(2) Жергиликтүү деңгээлде дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан жалданган адамдарга аймагында жашаган Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары колдонулат. Мында андай адамдарга жалданган датадан тартып үч айдын аралыгында жалдаган Келишим түзүп жаткан Тараптын жараны болсо жалдаган Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарынын колдонулушун тандоо укугу берилет.
12-берене. Алып салуулар
Келишип түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары адамдарга же адамдардын категорияларына колдонула турган мыйзамдарга карата ушул Келишимдин 7-11-беренелеринен алып салуулар тууралуу келишсе болот.
III бөлүм. Өзгөчө жоболор
1-бөлүк. Эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруу, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, сөөк коюуга жөлөкпул
13-берене. Эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруу боюнча төлөмдөр, убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук боюнча жөлөкпулдар
(1) Эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруу боюнча төлөмдөргө, убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук боюнча жөлөкпулдарга укук берүүдө жана суммаларын аныктоодо аталган адам ишке орношкон же өзалдынча иштеген Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары колдонулат жана аталган адам ишке орношкон же өз алдынча иштеген Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында иштеген мезгили гана эске алынат.
(2) Келишим түзүп жаткан эки Тарапта тең ишке орношкон жана/же өз алдынча иштеген адамдар үчүн кырсык болгон Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары таралат.
(3) Түркиянын мыйзамдарын колдонуу максатында ушул Келишимде колдонулган "убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул" термини ооруган учурда убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк боюнча жөлөкпулга дагы таркалат.
14-берене. Сөөк коюуга жөлөкпул
Сөөк коюуга жөлөкпул ар бир Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык төлөнөт жана жумушка орношкон же өз алдынча иштеген аталган адамдын тиешелүү Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында иштеген мезгили гана эске алынат.
2-бөлүк. Курагы, майыптыгы жана баккан адамдан айрылгандыгы боюнча пенсиялар
15-берене. Пенсияга укукту аныктоо
(1) Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өзүнүн мыйзамдарына ылайык иштеген камсыздандыруу стажынан улам пенсияга укукту аныктайт. Пенсия чектөөчү Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте пенсия чектелет.
(2) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин мыйзамдары боюнча иштеген камсыздандыруу стажынын узактыгы пенсияга укукту аныктоого жетишсиз болсо, камсыздандыруу стажынын мезгилдери туура келбеген учурда башка Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары боюнча иштеген камсыздандыруу стажы эске алынат.
(3) Эгерде камсыздандырылган адамдын ушул берененин 2-пунктун колдонуу менен пенсияга укугу аныкталбаса, ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап аймагында алынган камсыздандыруу стажын бул Келишим түзүп жаткан Тарап иштеп табылган мезгилине туура келген камсыздандыруу стажынан сырткары, социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди түзгөн үчүнчү мамлекеттин аймагында иштелген камсыздандыруу стажына кошот.
(4) Белгилүү адистиктеги иштерге байланышкан белгилүү кызматтарда же эмгектин белгилүү шарттарында жана уюмдарында Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин мыйзамдары боюнча пенсияга укукту аныктоодо башка Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары боюнча иштеген ошондой эле мезгилдери биринчи Келишим түзүп жаткан Тараптын ушундай эле мезгилдери менен кошулбайт, бирок жалпы негизде стаж мезгили катары эске алынат.
(5) Түркия Республикасы үчүн камсыздандыруу стажын аныктоодо 30 күн бир ай, 360 күн бир жыл деп эсептелет.
16-берене. Бир жылга жетпеген камсыздандыруу стажы
(1) Эгерде бир Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдары боюнча иштеген камсыздандыруу стажынын жалпы узактыгы 12 айдан кем болсо, мыйзамдарга ылайык ошол камсыздандыруу стажына гана негизделген учурлардан сырткары пенсия берилбейт.
(2) Башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемеси пенсияга укукту берүү жана пенсиянын суммасын аныктоо үчүн өзүнүн мыйзамдарына ылайык иштелген камсыздандыруу стажы катары ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стажды эсептейт.
17-берене. Пенсияны эсептөө
(1) Эгерде ушул Келишимдин 15-беренесинин 2 жана 3-пункттарында каралган жоболордон көз карандысыз Келишим түзүп жаткан Тараптын ар биринин мыйзамдары боюнча пенсияга укук аныкталса, тиешелүү Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемеси пенсияны өзүнүн мыйзамдарынын алкагында иштелген стаждын негизинде гана эсептейт.
(2) Эгерде камсыздандырылган адам ушул Келишимдин 15-беренесинин 2 жана 3-пункттарын колдонуу менен пенсияга укуктуу болсо пенсия Келишим түзүп жаткан Тараптын ар биринин мыйзамдарына ылайык төмөнкү жоболорду эске алуу менен эсептелет:
а) Кыргыз Республикасына карата:
Компетенттүү мекеме эсептөөдө өзүнүн мыйзамдары боюнча гана төлөнгөн эмгек акыны жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүн көңүлгө алат;
б) Түркияга карата:
Компетенттүү мекеме Келишим түзүп жаткан Тараптын ар биринде иштелген камсыздандыруу стажынын жана керек болсо социалдык камсыздоо жөнүндө келишим түзүлгөн үчүнчү өлкөлөрдүн мыйзамдары боюнча гана иштелгендей катары анда иштелген камсыздандыруу стажынын узактыгын эске алып пенсиянын теоретикалык суммасын эсептейт. Тиешелүү компетенттүү мекеме өзүнүн мыйзамдарына ылайык толук стажын теоретикалык суммага көбөйтүү менен ага пропорциялуу пенсиянын толук суммасын аныктайт. Пенсияны эсептөөдө компетенттүү мекеме алынган кирешелерди же төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алат.
(3) Эгерде пенсиянын суммасы үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына карата аныкталса, компетенттүү мекеме башка Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алат.
IV бөлүм. Башка жоболор
18-берене. Административдик чаралар жана кызматташуу ыкмалары
(1) Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ушул Келишимдин шарттарын андан ары ишке ашыруу үчүн административдик макулдашууларды түзүшөт.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары бири бирине ушул Келишимдин ишке ашырууда зарыл болгон жардамдарды беришет жана ушул Келишимди ишке ашырууга тиешелүү мыйзамдарда кабыл алынган чаралар жана өзгөртүүлөр жөнүндө бири бирин кыска мөөнөттөрдө маалымдашат.
(3) Ушул Келишимди ишке ашыруу максатында Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары байланыштыруучу органдарды дайындашат.
(4) Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары жана компетенттүү мекемелери ушул Келишимди колдонууга байланышкан каалаган суроолор боюнча бул маселелер өздөрүнүн мыйзамдарын колдонууга тиешелүү болгондой катары бири бирине жардам көрсөтүшөт. Мындай административдик жардам акысыз берилет.
(5) Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин компетенттүү мекемесинин сурамы боюнча башка Келишим түзүп жаткан Тарапта туруктуу жашаган камсыздандырылган адамды медициналык күбөлөндүрүү (кайра күбөлөндүрүү) башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемесинин жол жоболоруна ылайык жүргүзүлөт, күбөлөндүрүү (кайра күбөлөндүрүү) боюнча чыгымдарды камсыздандырылган адам өзү тартат.
19-берене. Жеке маалыматтарды коргоо
(1) Эгерде кайсы бир Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарында башка каралбаса Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары, компетенттүү мекемеси же байланыштыруучу органдары ушул Келишимди жана Келишимге тиешелүү мыйзамдарды ишке ашыруу максатында бири-бири менен жеке маалыматтар менен алмашып турат.
(2) Ушул Келишимге ылайык алмашылган жеке маалыматтар жашыруун деп эсептелет жана ушул Келишимди колдонууда жана ушул Келишимге колдонулган мыйзамдарда гана колдонулат. Башка Келишим түзүп жаткан Тарап мындай маалыматтарды таратууга укугу жок.
20-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ыйгарым укуктары
Ушул Келишимди колдонуу максатында ар бир Келишим түзүп жаткан Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери анын жарандары болгон бенефицарийлердин кызыкчылыктарын коргоо ишин жүргүзүү үчүн башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемелерине жана байланыштыруучу органдарына түз кайрыла алышат.
21-берене. Расмий тилдерди колдонуу
(1) Ушул Келишимди колдонуу максатында Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары жана компетенттүү мекемелери өздөрүнүн расмий тилдеринин биринде жана/же англис тилинде байланыша алышат.
(2) Бир дагы арыз же документ башка Келишим түзүп жаткан Тараптын расмий тилинде жана/же англис тилинде түзүлгөндүгүнүн негизинде четке кагылышы мүмкүн эмес.
22-берене. Чыгымдардан жана күбөлөндүрүүдөн бошотуу
(1) Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин мыйзамдарында каралган салыкка, мамлекеттик алымдарга жана башка милдеттүү төгүмдөргө карата берилген бардык алып салуулар, бошотуулар жана жеңилдиктер ушул Келишимди ишке ашыруу үчүн башка Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык берилген бардык арыздарга жана документтерге да колдонулат.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптын бирөөнүн расмий мекемеси тарабынан берилген документтерди жана арыздарды башка Келишим түзүп жаткан Тараптын күбөлөндүрүүсү талап кылынбайт.
23-берене. Жазуу жүзүндөгү арыздарды берүү
(1) Ушул Келишимге же Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин мыйзамдарына ылайык Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин ыйгарым укуктуу органына, компетенттүү мекемесине же байланыштыруучу органына берилген арыздар, сурамдар же даттануулар башка Келишим түзүп жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу органына, компетенттүү мекемесине же байланыштыруучу органына берилген деп эсептелет.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин мыйзамдарына ылайык башка Келишим түзүп жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу органына, компетенттүү мекемесине же байланыштыруучу органына бериле турган арыздар, сурамдар жана даттануулар ошол эле мөөнөттөрдө башка Келишим түзүп жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу органына, компетенттүү мекемесине же байланыштыруучу органына берилиши мүмкүн.
(3) Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда жогоруда аталган мекемелер түз же байланыштыруучу органдар аркылуу тез арада бул арыздарды, сурамдарды жана даттанууларды башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемесине беришет.
24-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
(1) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын бири башка Келишим түзүп жаткан Тарапта алынган мертинүүнүн натыйжасында пенсия же жөлөкпул чектесе, ал башка Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүдөн же үчүнчү жактардан чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу. Чыгымдардын ордун толтуруу талабына укук биринчи Келишим түзүп жаткан Тарапка өтүшү мүмкүн. Келишим түзүп жаткан Тараптар өздөрүнүн мыйзамдарын колдонгондой катары бири бирине көмөк көрсөтүшөт.
(2) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын экөөнүн тең бир эле мертинүү үчүн зыяндын ордун толтурууга укуктары бар болсо, иш берүүчү же үчүнчү жак Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин компетенттүү мекемесине чыгымдардын ордун толтуруп бере алат. Келишим түзүп жаткан Тараптар кетирген чыгымдарына пропорцианалдуу түрдө алынган компенсацияны бөлүштүрүшү керек.
25-берене. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу
(1) Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын бирөөнүн компетенттүү мекемеси бенефициарийге ашыкча төлөм жүргүзсө, ал экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын тиешелүү жөлөкпулду төлөөгө жоопкерчиликтүү компетенттүү мекемесинен ашыкча төлөнгөн сумманы өндүрүүнү талап кыла алат.
(2) Башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемеси мыйзамдарда айтылган шарттарда ошол адамга төлөнүүчү төлөөлөрдөн кармоо жолу менен өзү ашыкча төлөгөн суммадай катары ашыкча төлөнгөн сумманы которот.
26-берене. Төгүмдөрдү жыйноо
(1) Келишим түзүп жаткан Тараптардын бирөөнүн компетенттүү мекемеси башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемесинен ошол адам Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында жашаган учурда камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча анын карыздарын өндүрүүнү сурайт.
(2) Компетенттүү мекеме анын алуу жеке эсептери болгондой анын мыйзамдарында аныкталган ыкмаларга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрөт жана башка Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемесине которот.
27-берене. Төлөөлөрдө колдонулуучу валюта
(1) Ушул Келишимдин шарттарына ылайык бенефициарларга пенсияларды жана жөлөкпулдар төлөм жүргүзүүчү башка Келишим түзүп жаткан Тараптын валютасында төлөнөт.
(2) Келишим түзүп жаткан Тараптын-кредитордун компетенттүү мекемеси (алуу эсептерине укуктары бар) ашыкча төлөнгөн суммаларды өз валютасында өндүрөт. Ал эми, алуу эсептерине жыйноо жүргүзгөн Келишим түзүп жаткан Тараптын кредитордун компетенттүү мекемеси болсо тиешелүү суммаларды өз валютасында алат жана которот.
28-берене. Кайчы пикирлерди чечүү
Ушул Келишимди чечмелөө жана колдонуу боюнча бардык талаш-тартыштар Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары жана компетенттүү мекемелеринин ортосунда сүйлөшүү жолу менен чечилет.
V бөлүм. Өтмө жана корутунду жоболор
29-берене. Өтмө жоболор
(1) Ушул Келишим күчүнө киргенге чейинки каалаган мезгил үчүн жөлөкпул алуу укугун бербейт.
(2) Ушул Келишим күчүнө киргенге чейинки ушул Келишимден келип чыккан укукту аныктоо максатында Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык иштелген камсыздандыруу стажынын каалаган мезгили эске алынат.
(3) Эгерде ушул Келишим күчүнө киргенден баштап келип чыккан укуктарды талап кылууга арыздар ушул Келишим күчүнө кирген учурдан тартып 2 жылдын аралыгында берилсе, алар ушул Келишим күчүнө кирген күндөн тартып алынган деп эсептелет. Эки жылдан кийин берилген сурам үчүн сурамдын берилген датасы көңүлгө алынышы керек. Бул учурда тиешелүү Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарындагы мөөнөттүн аякташы тууралуу жоболор колдонулбайт.
30-берене. Келишимге түзөтүүлөр
Ушул Келишим, Келишим түзүп жаткан эки Тараптын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча каалаган мезгилде өзгөртүлүшү мүмкүн. Түзөтүүлөр ушул Келишимдин 33-беренесинде аныкталган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
31-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Каалаган Келишим түзүп жаткан Тарап башка Келишим түзүп жаткан Тарапка алты айдын аралыгында жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүп, аны денонсациялашы мүмкүн.
32-берене. Алынган укуктарды сактоо
1) Ушул Келишим денонсацияланган учурда Келишимге ылайык алынган бардык укуктар сакталат.
(2) Ушул Келишим денонсацияланган учурда пенсиялардын жана жөлөкпулдардын укуктарына тиешелүү болгон чечим кабыл алына элек иш-аракеттердин баары ушул Келишимдин жоболоруна ылайык аякталышы керек.
33-берене. Ратификациялоо жана күчүнө кирүү
Келишим түзүп жаткан Тараптардын экөөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ратификациялоого жаткан ушул Келишим жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алган датадан кийинки үчүнчү айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет. Жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү менен Келишим түзүп жаткан Тараптар келишим күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички укуктук жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө бири бирин дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдашат.
Жогоруларды ырастоо иретинде, тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу төмөндө кол койгондор ушул Келишимге кол коюшту.
Келишим _______ 20__-жылы, "__" __________ ____________ ш. бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурунда англис тилиндеги текст негизги деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
(Расмий эмес котормо)
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча АДМИНИСТРАТИВДИК МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда ______-жылы, "__" _________ ___________ ш. түзүлгөн Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин (мындан ары - Келишим) 18-беренесине ылайык Келишим түзүп жаткан Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Келишимди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I бөлүк. Жалпы жоболор
1-берене. Терминдердин аныктамасы
Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин 1-беренесинде пайдаланылган терминдер ушул Макулдашуу үчүн ошондой эле мааниге ээ.
2-берене. Ыйгарым укуктуу органдар
Келишимдин 1-беренесинин 1-пунктунун (с) пунктчасында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар:
а) Кыргыз Республикасында - Социалдык фонд, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
б) Түркия Республикасында - Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги.
3-берене. Компетенттүү мекемелер
Келишимдин 1-беренесинин 1-пунктунун (d) пунктчасында көрсөтүлгөн компетенттүү мекемелер:
а) Кыргыз Республикасында - Социалдык фонд, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
б) Түркия Республикасында - Социалдык камсыздандыруу институту (SGK).
4-берене. Байланыштыруучу орган
1) Келишимдин 18-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн байланыштыруучу органдар:
a) Кыргыз Республикасында:
Пенсиялык камсыздандыруу, пенсионерлердин сөөгүн коюу маселелери боюнча: Социалдык фонд;
720005 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Радищев көч., 62.
Өндүрүштө эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруга чалдыгуу, убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук, иштеген жана өз алдынча эмгектенген адамдардын сөөгүн коюу маселелери боюнча:
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
720040 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 215;
b) Түркия Республикасында:
камсыздандыруунун бардык түрлөрү үчүн: Социалдык камсыздандыруу институту, Пенсиялык Кызмат Башкы Дирекциясы
Mithatpaşa Caddesi No.7 Sihhiye/Ankara-TŰRKĺYE
Түркия Республикасы, Анкара ш., Сыххийе р-ну, Митхатпаша проспекти № 7.
2) Байланыштыруучу органдарга ушул Административдик макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү жана административдик көмөк көрсөтүү ыйгарым укуктары жүктөлөт.
3) Байланыштыруучу органдар Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди жана Административдик макулдашууну ишке ашыруу үчүн колдонула турган формаларды макулдашышы керек. Аталган формалар ошол органдар тарабынан өзгөртүлүшү жана токтотулушу мүмкүн.
4) Ушул Административдик макулдашууну ишке ашыруу үчүн компетенттүү мекемелер жана байланыштыруучу органдар бири-бири менен түздөн-түз, ошондой эле камсыздандырылган адамдар, багуусундагылар жана алардын өкүлдөрү менен байланыша алышат.
5) Ыйгарым укуктуу органдар ушул Административдик макулдашууда көрсөтүлгөн байланыштыруучу органдарды алмаштыра алат. Мындай өзгөртүүлөр Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына бир айдын ичинде кабарланат.
5-берене. Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүү
Компетенттүү мекеме мыйзамдарга ылайык дайындалган, Келишимдин 2-беренесинде аныкталган пенсияларды жана жөлөкпулдарды Келишимдин 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө түздөн-түз төлөп берет.
II бөлүк. Колдонулуучу мыйзамдар жөнүндө жоболор
6-берене. Иш сапар
(1) Келишимдин 8-беренесинин 1 жана 2-пункттарынын колдонулушуна ылайык компетенттүү мекеме камсыздандырылган адамга жана/же иш берүүчүгө камсыздандырылган адам анын мыйзамынын алдында боло берээрин билдирген форманы берет.
(2) Ушул берененин 1-пунктунда айтылган форма камсыздандырылган адамдын, анын иш берүүчүсүнүн же Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын компетенттүү мекемесинин сурамы боюнча берилиши мүмкүн.
(3) Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн формалар төмөнкү мекемелер тарабынан берилет:
а) Кыргыз Республикасында:
- Социалдык фонд;
б) Түркия Республикасында:
Социалдык камсыздандыруу институту (SGK).
7-берене. Иш сапардын мезгилин узартуу
(1) Келишимдин 8-беренесинин 3-пунктун колдонууда Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин ыйгарым укуктуу органы же компетенттүү мекемеси камсыздандырылган адам убактылуу баруучу Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптан камсыздандырылган адамга анын мыйзамынын кароосуна болушу үчүн укук берүү максатында эки нускада даярдалган форма аркылуу бышыктоо сурайт.
(2) Камсыздандырылган адам убактылуу баруучу Келишим түзүп жаткан Тараптын ыйгарым укуктуу органы же компетенттүү мекемеси формада көрсөтүлгөн чечиминин бир көчүрмөсүн Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын ыйгарым укуктуу органына же. компетенттүү мекемесине жиберет.
8-берене. Тандоо укугу
(1) Камсыздандырылган адам Келишимдин 11-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга иштеп баштагандан тартып 3 айдын аралыгында бериле турган тандоо укугунан пайдалана алат. Жумушка мурда орношкон адамдар үчүн аталган мезгил келишим күчүнө кирген күндөн башталат.
(2) Камсыздандырылган адамдын тандоосу компетенттүү мекемеге билдирүү жасалган датадан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап күчүнө кирет.
(3) Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин компетенттүү мекемеси тарабынан эки нускада түзүлгөн форманын бир нускасы Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын компетенттүү мекемесине жиберилет.
(4) Камсыздандырылган адам өзүнүн тандоо укугун пайдаланбаса ал дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук жайгашкан Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамынын астында болот.
III бөлүк. Кесиптик оорудан улам жөлөкпул жана курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия
9-берене. Жазуу жүзүндө арыз берүү
(1) Келишимдин жоболоруна ылайык камсыздандырылган адамдар же багуусундагылар ошол Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарында аныкталган жол-жоболорго ылайык жашаган жери боюнча компетенттүү мекемелерге пенсия дайындоо үчүн арызын беришет. Үчүнчү мамлекеттин аймагында жашаган камсыздандырылган адамдар же багуусундагылар акыркы жолу катталган компетенттүү мекемеге арызын беришет. Арыз ээси пенсияга укугун аныктоо үчүн компетенттүү мекемеге зарыл болгон маалыматтарды же документтерди бериши керек.
(2) Арызды алган компетенттүү мекеме Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын компетенттүү мекемесине өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча алган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жөнүндө жазуулар жазылган тийиштүү форманы жиберет. Бул форма Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемеси тарабынан камсыздандырылган адам жашаган Келишим түзүп жаткан Тараптын компетенттүү мекемесинин сурамы боюнча тез арада жиберилиши керек.
(3) Компетенттүү мекемелер бири-бирин камсыздандырылган адамдар боюнча чечимдери жөнүндө маалымдашат.
(4) Келишимдин 23-беренеси боюнча баш тартуулар тийиштүү компетенттүү мекемеге же жашаган жери боюнча компетенттүү мекемеге берилет. Баш тартуу тууралуу чечимди чыгарган компетенттүү мекеме кыска мөөнөттө аны тиркемелери менен кошо тийиштүү компетенттүү мекемеге жиберет.
10-берене. Сөөк коюуга жөлөкпул
Келишимдин 14-беренесинде көрсөтүлгөн сөөк коюуга жөлөкпул алууга арыз ушул Административдик макулдашуунун 9-беренесине ылайык түзүлөт.
11-берене. Кесиптик оорулар
Кесиптик ооруларды аныктоодо ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өздөрүнүн мыйзамдары боюнча кесиптик оорулардын тизмесин эске алат.
12-берене. Медициналык күбөлөндүрүү
Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин компетенттүү мекемесинин сурамы боюнча Келишим түзүп жаткан экинчи Тараптын компетенттүү мекемеси жашаган жери боюнча камсыздандырылган адамга медициналык күбөлөндүрүү жүргүзөт жана аталган медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын сураган компетенттүү мекемеге форма аркылуу тез арада жиберет.
IV бөлүк. Күчүнө кириши
13-берене. Күчүнө кириши
Ушул Административдик макулдашуу Келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет жана ошондой эле мөөнөттө колдонулат.
Бул Административдик макулдашууга "__" _____________-жылы _____________ ш., бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде кол коюлду. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса англис тилиндеги текст негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын атынан |
| Түркия Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын атынан |