Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-апрели № 126-б
1. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы,
ортодогу экономикалык, атап айтканда бир Макулдашуучу тараптын аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун инвестициялары боюнча кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөтүүнү каалап;
инвестицияларга карата колдонулуучу режим жөнүндөгү макулдашуу технологиялардын жана капиталдын агымына, ошондой эле Макулдашуучу тараптарды экономикалык өнүктүрүүгө дем бере тургандыгын таанып,
инвестирлөө үчүн туруктуу базаны колдоо максатында экономикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жашоо деңгээлин жакшыртууга жөндөм түзүүчү инвестицияларга карата адилеттүү жана тең укуктуу режим шарттала тургандыгын өз ара түшүнүп,
бул максаттар саламаттыкты сактоо, коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жалпы кабыл алынган чараларга, ошондой эле эл аралык деңгээлде таанылган эмгек укуктарына зыян келтирбестен ишке ашырылышы мүмкүн экендигине терең ишенүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктама
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
1. "Инвестициялар" термини ишкердик менен байланышкан же Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык анын аймагында узак экономикалык мамилелерди түзүү максатында салынган же алынган активдердин бардык түрүн түшүндүрөт жана атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, ошондой эле мүлк аймагында жайгашкан Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык аныкталган ипотека, күрөө укугу, кармап калуу жана башка ушуга окшогон укуктар сыяктуу башка каалагандай укуктарды;
б) реинвестициялоодон кирешелерди, акча каражаттарына карата талаптарды же инвестициялар менен байланышкан финансылык баалуулукка ээ болгон башка каалагандай укуктарды;
в) акцияларды, салымдарды жана компанияларга катышуунун башка каалагандай формаларын;
г) өнөр жайлык жана интеллектуалдык менчикке укукту, атап айтканда патенттерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү, технологиялык процесстерди, ошондой эле соода белгилерин, гудвилл жана ноу-хау;
д) мыйзам же келишим менен сунушталган ишкер концессиясын, анын ичинде жаратылыш ресурстарына байланыштуу концессияларды;
е) келишим боюнча укуктарды, анын ичинде "ачкычына чейин", курулуш, башкаруу, өндүрүш же кирешелерди бөлүштүрүүгө контракттар.
Айрыкча тактык үчүн, "инвестициялар" термини фонддук биржа аркылуу ишке ашырылган же сатып алынган портфелдик инвестицияларды камтыбашы керек.
2) "Инвестор" термини:
а) Макулдашуучу Тараптын биринин мыйзамдарына ылайык анын жараны болуп саналган жеке жакты;
б) бирге түзүлгөн же Макулдашуучу Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык катталган жана Экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында инвестициялык иштерди жүзөгө ашырган, Макулдашуучу Тараптын аймагында ишкердик иштин олуттуу көлөмү менен жеке катталган өкүлчүлүгүнө/филиалдарга ээ болгон компаниялар, корпорациялар, фирмалар, ишкер өнөктөштөр дегенди түшүндүрөт.
3. "Кирешелер" термини инвестициялардан түшкөн каражаттарды жана атап айтканда пайданы, пайызды, капиталдын өсүшүнөн кирешени, роялтини, төлөмдөрдү жана дивиденддерди түшүндүрөт, бирок алар менен чектелбейт.
4. "Аймак" термини:
а) Кыргыз Республикасына карата Кыргыз Республикасы эл аралык укуктарга ылайык жандуу жана жансыз жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу, издөө-чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында эгемендүү укуктарга же юрисдикцияга ээ болгон кургак жердеги аймакты жана ички сууларын, алардын үстүндөгү аба мейкиндигин түшүндүрөт;
б) Түркия Республикасына карата Түркия Республикасы эл аралык укуктарга ылайык жандуу жана жансыз жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу, издөө-чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында эгемендүү укуктарга же юрисдикцияга ээ болгон кургак жердеги аймакты, ички сууларын жана аймактык деңизди, алардын үстүндөгү аба мейкиндигин, ошондой эле деңиз аймагын түшүндүрөт.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Бул Макулдашуу, Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык анын аймагында экинчи Макулдашуучу Тараптын инвестору тарабынан ишке ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин жана андан кийин колдонулат. Бирок, бул Макулдашуу ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон талаштарга карата колдонулбашы керек.
3-берене. Инвестицияларды колдоо жана коргоо
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык өзүнүн аймагында мүмкүн болушунча экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун инвестицияларын колдошу керек.
2. Макулдашуучу Тараптардын ар биринин инвесторлорунун инвестицияларына карата эл аралык укуктун стандарттарына ылайык режимди, ошондой эле экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында адилеттүү жана тең укуктуу режимди, толук коргоону жана коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. Макулдашуучу Тараптардын эч бири кандай гана болбосун негизделбеген же басмырлоочу чаралары көрүү менен инвестицияларды башкарууга, коштоого, пайдаланууга, эксплуатациялоого, ээ болууга, кеңейтүүгө, сатууга, жоюуга же тескөөгө тоскоолдук жаратпашы керек.
4-берене. Инвестициялык режим
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өзүнүн мыйзамдарынын жана эрежелеринин алкагында ушундай эле шарттарда үчүнчү Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына сунушталган жагымдуу режимден кем болбогон режимдин негизинде инвестицияларды алышы керек.
2. Макулдашуучу тараптардын ар бири мындай инвестициялар үчүн алар салынган учурдан тартып, алар инвестицияларды башкарууга, коштоого, пайдаланууга, эксплуатациялоого, ээ болууга, кеңейтүүгө, сатууга, жоюуга же тейлөөгө карата айрыкча жагымдуу болгон жеке инвесторлору же башка үчүнчү өлкөнүн инвесторлору үчүн ушундай эле жагдайларда сунушталуучудан кем болбогон жагымдуу режимди сунушташы керек.
3. Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн мыйзамдарынын алкагында инвестицияларды ишке ашыруу же коштоо максатында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келүүнү каалаган ар бир Макулдашуучу тараптын жарандарын киргизүү жана убактылуу болуусу жөнүндө арыздарын макул табышы керек.
4. а) Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин жоболору толугу менен же жарым-жартылай салык салуу маселесине тийиштүү кандайдыр бир эл аралык макулдашуунун же келишимдин натыйжасында Макулдашуучу тараптын бири тарабынан сунушталышы мүмкүн болгон кандайдыр бир режимден, жеңилдиктерден же артыкчылыктардан пайданы экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна биринчи Макулдашуучу тарап тарабынан сунуштоо милдеттенмеси катары каралбашы керек.
б) Ушул Макулдашуунун басмырлоочу жана улуттук режимдер, ошондой эле айрыкча жагымдуу улуттук режим боюнча жоболору кандайдыр бир Макулдашуучу тарапка ал бажы, экономикалык же валюталык бирликтин, жалпы рыноктун же эркин соода зонасынын мүчөсү же катышуучусу болгондугу үчүн; ушундай бирликтердин, жалпы рыноктордун же эркин соода аймагынын менчиги болуп саналган же кандайдыр бир үчүнчү өлкөнүн жарандарына же компанияларына сунушталган баардык колдонуудагы же келечектеги артыкчылыктарга карата колдонулбашы керек.
в) Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 1 жана 2-пункттары бир эле мезгилде ушул Макулдашууда жана Макулдашуучу тараптардын бири тарабынан кол коюлган ушуга окшош башка эл аралык макулдашууда каралган инвестор менен алуучу Макулдашуучу тараптын ортосундагы талашты жөнгө салуу боюнча жоболорго карата колдонулбашы керек.
г) Ушул Макулдашуунун 3 жана 4-беренелеринин жоболору Макулдашуучу тараптардын бирин экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун инвестицияларына жерлерди, кыймылсыз мүлктү жана мүлктүк укукту сатып алууга карата өзүнүн инвесторлоруна сунушталуучу режимди сунуш кылууга милдеттендирбеши керек.
5-берене. Жалпы өзгөчөлүктөр
1. Ушул Макулдашуудагы эч бир нерсе:
а) адамзатты, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүн, ден соолукту же курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн иштелип чыккан жана колдонулган;
б) жандуу же жансыз кайра жаңыланбоочу жаратылыш ресурстарын сактоого тийиштүү басмырлабаган мыйзамдуу чараларды көрүүгө, колдоого же аткарууга Макулдашуучу тараптар үчүн тоскоол катары каралбашы керек.
2. Бул Макулдашууда эч бир нерсе:
а) Макулдашуучу тараптардын ар бирине анын коопсуздугунун негизги кызыкчылыктарына каршы келген кандайдыр бир маалыматка жетүүсүнө уруксат берүүгө талаптар;
б) Макулдашуучу тараптардын кайсынысы болбосун коопсуздуктун негизги кызыкчылыктарын коргоого багытталган:
(i) согуш үчүн куралдарды, ок-дарыларды жана башка куралдарды сатуу, ошондой эле куралдуу күчтөрдү же башка коопсуздук кызматтарын жабдуу максатында түздөн-түз же кыйыр колдонулуучу башка товарларды, материалдарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды сатууга же бүтүмдөргө байланышкан;
(ii) согуш убагында же эл аралык мамилелердеги башка өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу, же
(iii) ядролук куралды же башка ядролук жардыруучу каражаттарды таркатпоо боюнча улуттук саясатты же эл аралык макулдашууларды ишке ашырууга байланышкан зарыл болгон чаралар тоскоолдук катары кабыл алынбашы керек;
в) Макулдашуучу тараптардын ар бирине эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык өзүнүн кандайдыр бир милдеттенмелерин аткаруу үчүн тоскоолдук катары каралбашы керек.
6-берене. Экспроприация жана компенсация
1. Инвестициялар экспроприацияланбайт, улутташтырылбайт же ушуга окшош натыйжага ээ болгон чараларды кабыл алуунун түз же кыйыр предмети болуп саналбайт (мындан ары - экспроприация), буга мындай чаралар мыйзамдарга ылайык белгиленген укуктук жол-жоболорго жана ушул Макулдашуунун 3 жана 4-беренелеринде каралган режимдин жалпы принциптерине ылайык кечиктирилгис, адилеттүү жана реалдуу компенсацияларды берүү менен басмырлабоо негизинде коомдун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган учурлар кирбейт.
2. Ден-соолук, коопсуздук жана айлана-чөйрө сыяктуу мыйзамдуу коомдук жыргалчылык максаттарын коргоо үчүн иштелип чыккан жана колдонулуучу басмырлабаган укуктук чаралар кыйыр экспроприациялоо болуп саналбайт.
3. Компенсация экспроприацияны ишке ашыруу учуруна же алдыдагы экспроприация жөнүндө белгилүү болгон учурга карата түздөн-түз экспроприациялануучу инвестициялардын рыноктук наркына эквиваленттүү болушу керек. Компенсация кечиктирилгис түрдө төлөнүшү жана ушул Макулдашуунун 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык эркин которулушу керек.
4. Компенсация эркин алмашма валютада төлөнүшү керек жана эгерде компенсация мөөнөтүнөн кечиктирүү менен төлөнсө:
а) Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган инвестицияларга карата компенсация рыноктук ставканын негизинде белгиленген коммерциялык курс боюнча пайыздарды камтышы керек;
б) Түркия Республикасынын аймагында ишке ашырылган инвестицияларга карата компенсация экспроприяциялоо күнүнөн тартып төлөм жүргүзүлгөн күнгө чейин мамлекеттик талаптар боюнча эң жогорку пайыздык ставкага эквиваленттүү пайыздарды камтышы керек.
7-берене. Чыгымдар боюнча компенсация
1. Согуштун, көтөрүлүштүн, жарандык баш аламандыктын же башка ушуга окшогон окуялардын натыйжасында биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында инвестициялык иштен зыян тарткан каалаган Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна экинчи Макулдашуучу тарап өз инвесторлоруна же кандай болбосун үчүнчү өлкөнүн инвесторлоруна берилүүчү режимден кем болбогон шарттарды, ушундай жоготууларга карата колдонуучу кандайдыр бир чаралар боюнча кыйла жагымдуу режимге жараша бериши керек.
2. Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 1-пунктуна карабастан:
а) өзүнүн куралдуу күчтөрү же бийлиги менен алардын менчиктерин алып коюунун; же
б) согуштук иш-аракеттер же кырдаалдын зарылчылыгы менен пайда болбогон, өзүнүн куралдуу күчтөрү же бийлиги менен алардын менчиктерин жок кылуунун
натыйжасында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында, ушул пунктта каралган учурлардын кайсынысынан болбосун зыян тарткан Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна зыяндарынын ордун кийинкиге калтырбастан, адилеттүү жана реалдуу толтуруу же компенсация сунушталышы керек. Мындан келип чыккан төлөмдөр эркин алмашма валютада жүргүзүлүшү керек.
8-берене. Которуулар
1. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзүнүн аймагына сыяктуу эле, өзүнүн аймагынан дагы инвестициялоого байланыштуу бардык которууларды өзүнүн мыйзамдарын басмырлоосуз колдонуунун негизинде которууга өз ыктыяры менен уруксат бериши керек. Жогоруда аталган которуулар төмөнкүлөрдү камтышат:
а) алгачкы капитал жана инвестицияларды өнүктүрүү жана көбөйтүү үчүн кошумча салымдарды;
б) кирешелерди;
в) салык салууга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруудан кийин инвестициялардын бардыгын же кандайдыр бир бөлүгүн сатуудан же жоюудан түшкөн акчаны;
г) ушул Макулдашуунун 6 жана 7-беренелерине ылайык компенсацияларды;
д) инвестицияларга байланыштуу займдардан келип чыккан төлөмдөрдү жана пайыздык төлөмдөрдү;
е) Макулдашуучу тараптын биринин жарандары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында алган маяналарын, айлык акыларын жана башка сыйлоолорду жана инвестициялык ишке байланыштуу иштөөгө тийиштүү уруксаттарды;
ж) инвестициялык талаш-тартыштардан келип чыккан төлөмдөрдү камтыйт.
2. Эгерде инвестор менен алуучу Макулдашуучу тараптын ортосунда башкасы макулдашылбаса, которуулар инвестициялар салынган эркин алмашма валютада же которууну ишке ашыруу күнүнө карата колдонулган алмашуу курсу боюнча башка эркин алмашма валютада жүргүзүлүшү керек.
3. Төлөмдөр жана капиталдын кыймылы төлөм балансынын олуттуу кыйынчылыктарынын себеби болгон же коркунучту пайда кылган өзгөчө учурларда, Макулдашуучу Тараптардын ар бири мындай чектөөлөр басмырлабаган жана ак ниеттүү негизде колдонулган шарттарда которууларды убактылуу чектөөгө укуктуу болот.
4. Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 3-пунктунда каралган чаралар:
а) ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 3-пунктунда баяндалган жагдайларга каршы күрөшүү үчүн керектүү чектен ашпашы керек;
б) убактылуу жана жагдайлар мүмкүндүк бергенде дароо жоюлгудай болушу керек; жана
в) экинчи Макулдашуучу Тарап дароо кабарланышы керек.
9-берене. Суброгация
1. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын биринде коммерциялык эмес тобокелдиктерден өзүнүн инвесторлорунун инвестицияларын коргоо үчүн мамлекеттик камсыздандыруу же кепилдиктер схемасы бар болсо жана эгерде ушул Макулдашуучу Тараптын инвестору камсыздандырылган болсо, анда инвестор менен камсыздандыруучунун ортосундагы камсыздандыруу контрактынын алкагында камсыздандыруучунун суброгациясынын кайсынысын болсо да экинчи Макулдашуучу тарап таанууга тийиш.
2. Камсыздандыруучу суброгацияга байланыштуу ошол инвестордун укуктарын ишке ашырууга жана талаптарын аткарууга ыйгарым укуктуу, ошондой эле инвестицияларга байланыштуу милдеттерди алышы керек. Суброгация боюнча укуктар же талаптар инвестордун алгачкы укуктарынан жана милдеттеринен жогору болбошу керек.
3. Макулдашуучу Тарап менен камсыздандыруучунун ортосундагы талаштар ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык чечилүүгө тийиш.
10-берене. Бир Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун ортосундагы талаштарды чечүү
1. Кабыл алуучу Макулдашуучу Тарап биринчи Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторунун ортосунда анын инвестицияларына байланыштуу болуп жаткан талаш жөнүндө толук маалымат менен жазуу жүзүндө кабарланышы керек. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша инвестор жана кызыкдар Макулдашуучу Тарап талашты консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн аракет кылышы керек.
2. Эгерде талаштар ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй жазуу жүзүндө кабарлаган күнүнөн тартып 6 (алты) айдын ичинде жогоруда белгиленгендей чечилиши мүмкүн болбосо, анда талаштар инвестордун тандоосу боюнча төмөнкүлөргө өткөрүп берилиши мүмкүн:
а) аймагына инвестиция салынган Макулдашуучу Тараптын компетенттүү сотторуна; же,
б) ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 4-пунктунда каралгандан башка учурларда:
(i) 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган Мамлекеттер менен башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча конвенцияга ("Вашингтон Конвенциясына") ылайык түзүлгөн Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго ("Борбор"), эгерде Макулдашуучу Тараптардын экөөсү тең Вашингтон Конвенциясына катышуучу болсо жана Вашингтон Конвенциясы талашка карата колдонулушу мүмкүн болсо;
(ii) Борбордун Катчылыгы тарабынан угууларды жүргүзүү үчүн кошумча каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу эрежелерди ("Кошумча каражаттар жөнүндө эрежелер") сактоо менен Борборго, эгерде талаштын тарабы болгон бир Макулдашуучу Тараптын инвестору же Макулдашуучу Тараптын мамлекети, бирок экөө тең эмес, Вашингтон Конвенциясынын катышуучусу болсо;
(iii) Эл аралык соода палатасынын Арбитраждык сотуна;
(iv) Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (UNSITRAL) арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн "ad hoc" арбитражына.
3. Инвестор талашты чечүү үчүн ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 2-пунктунда каралган соттордун бирине арызын берсе, инвестордун ушул соттордун бирин тандоосу биротоло болушу керек.
4. Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 2-пунктунун жоболоруна карабастан: кабыл алуучу Макулдашуучу Тараптын чет элдик инвестициялар жөнүндө тийиштүү мыйзамдарына ылайык кандайдыр бир чечүү талап кылынган учурда, керектүү уруксаты бар болгон түздөн-түз инвестициялык иш-аракеттен келип чыккан, жана иш жүзүндө башталган талаштар гана Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун (ИТЧЭБ) юрисдикциясына жатат.
5. Арбитраждык сот мыйзамдын бардык булактарын төмөнкүдөй ырааттуулукта көңүлгө алып, мыйзамдардын негизинде чечим чыгарышы керек:
а) ушул Макулдашуунун жоболору;
б) талашка катышкан, аймагына инвестициялар салынган Макулдашуучу тараптын мыйзамдары жана эрежелери (талаштарды жөнгө салуу эрежелери жөнүндө анын мыйзамдарын кошо алганда); жана
в) Макулдашуучу Тараптардын экөөндө тең кабыл алынган эл аралык укуктун тийиштүү принциптери.
6. Арбитраждык чечимдер акыркы жана талашка катышкан бардык тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Макулдашуучу Тараптардын ар бири чечимди өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык аткарууга милдеттенет.
11-берене. Артыкчылыктардан баш тартуу
1. Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка таандык компания болгон ушул экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторуна, жана ушул инвестордун инвестицияларына, эгерде ушул Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык катталган же уюшулган компания анын аймагында кандайдыр бир ишкердик жүргүзбөсө, жана ошондой эле компанияга ээлик кылган же контролдогон баш тарткан Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна ушул Макулдашуу боюнча берилүүчү артыкчылыктардан баш тарта алат.
2. Баш тартуучу Макулдашуучу Тарап артыкчылыктардан баш тартууну ишке ашырууга чейин экинчи Макулдашуучу Тарапты кечиктирбестен тийиштүү түрдө кабарлашы керек.
12-берене. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы талаштарды чечүү
1. Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата алардын ортосундагы талаш боюнча тез жана адилеттүү чечимди достук жолу менен жана кызматташуу духунда кабыл алышы керек. Ушуга байланыштуу Макулдашуучу Тараптар талаштар боюнча чечимге жетишүү үчүн түз жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө өздөрүнүн макулдугун беришет. Эгерде Макулдашуучу Тараптар алардын ортосунда талаш пайда болгон учурдан тартып 6 (алты) айдын ичинде жогоруда аталган жолдор менен макулдашууга жетише алышпаса, талаштар Макулдашуучу Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү сурамы боюнча үч мүчөдөн турган арбитраждык сотко өткөрүп берилиши мүмкүн.
2. Сурамды алгандан кийин 2 (эки) айдын ичинде Макулдашуучу Тараптын ар бири арбитрды дайындашы керек. Бул эки арбитр үчүнчү мамлекеттин жаранын, үчүнчү арбитрды Төрага катары тандашы керек. Эгерде Макулдашуучу Тараптардын кайсы бири белгиленген мөөнөттө арбитрди дайындабаса, анда экинчи Макулдашуучу Тарап Эл аралык соттун Президентине дайындоо өтүнүчү менен кайрыла алат.
3. Эгерде эки арбитр дайындалган күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде Төраганы тандоо боюнча бир пикирге келише албаса, Төрага Макулдашуучу Тараптын кайсы биринин болсо да өтүнүчү боюнча Эл аралык соттун Президенти тарабынан дайындалат.
4. Ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда, Эл аралык соттун Президенти жогоруда аталган өзүнүн функцияларын аткара албаса же ал Макулдашуучу Тараптардын биринин жараны болуп саналса, анда дайындоо Эл аралык соттун Вице-президенти тарабынан жүргүзүлүшү керек, эгер Вице-президент дагы кандайдыр бир себептер боюнча дайындоону жүргүзө албаса же ал Макулдашуучу Тараптардын биринин жараны болуп саналса, анда дайындоо Макулдашуучу Тараптардын биринин дагы жараны болбогон, Соттун мүчөлөрүнүн ичинен жашы боюнча эң улуусу тарабынан жүргүзүлүшү керек.
5. Сотко ушул Макулдашуунун башка жоболоруна ылайык жол-жоболордун регламенттерин макулдашуу максатында Төраганы тандоо учурунан 3 (үч) ай убакыт берилиши керек. Мындай макулдашуу болбогон учурда, сот Эл аралык соттун Президентине эл аралык арбитраждык жол-жоболордун жалпыга таанылган ченемдерин эске алуу менен жол-жоболордун регламентин белгилөө жөнүндө өтүнүчү менен кайрылышы керек.
6. Эгерде башкача макулдашуу болбосо, Төрага шайланган учурдан тартып 8 (сегиз) айдын ичинде бардык материалдар берилиши жана угуулар аякташы керек жана сот кайсы окуя акыркы болгондугуна жараша, акыркы материалдар берилген же акыркы угуулар жабылган учурдан 2 (эки) айдын ичинде өзүнүн чечимин чыгарышы керек. Арбитраждык сот ушул Макулдашуунун негизинде жана Макулдашуучу Тараптар колдонгон эл аралык укуктун ченемдерине ылайык өзүнүн чечимин кабыл алышы керек.
7. Соттук териштирүү боюнча Төрага, башка арбитрлер тарткан чыгымдар жана башка чыгымдар Макулдашуучу Тараптар тарабынан бирдей үлүштө төлөнүшү керек. Бирок сот чыгымдарды төлөө боюнча өз ыктыяры боюнча карап көрүп, башка чечимди кабыл алышы мүмкүн.
8. Эгерде ушуга окшош маселе боюнча талаш ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык башка эл аралык арбитраждык сотко өткөрүп берилсе жана кароосунда болсо, талаш ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эл аралык арбитраждык соттун кароосуна берилбейт. Бул жагдай Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы түз жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизбеши керек.
13-берене. Күчүнө кирүү
1. Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тийиштүү мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Макулдашуучу тараптар дипломаттык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону алган күндөн тартып Макулдашуу күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу 10 (он) жыл бою күчүндө болот жана ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 2-пунктуна ылайык анын аракети аяктаганга чейин күчүндө болот.
2. Макулдашуучу Тараптардын кайсынысы болбосун баштапкы 10 (он) жылдык мөөнөттүн аягында же бул мөөнөттөн кийинки каалаган мезгилде экинчи Макулдашуучу Тарапка 1 (бир) жыл мурун жазуу жүзүндөгү кабарды берүү жолу менен ушул Макулдашуунун аракетин токтото алат.
3. Макулдашуучу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга толуктоолор же өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ушул беренесинин 1-пунктуна ылайык күчүнө кире турган, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделиши керек.
4. Ушул Макулдашуу аракетин токтоткон учурга чейин ишке ашырылган же сатып алынган инвестицияларга же ушул Макулдашуу колдонулган башка инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун калган бардык беренелеринин жоболору анын аракети токтотулган учурдан тартып кийинки 10 (он) жылдык мөөнөттүн ичинде колдонулуусун улантышы керек.
5. Ушул Макулдашуу 1992-жылдын 28-апрелинде кол коюлган, Кыргызстан Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну алмаштырат, ал ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып өзүнүн аракетин токтотот.
Муну тастыктоо үчүн эки Макулдашуучу Тараптардын тийиштүү ыйгарым укуктуу жактары ушул Макулдашууга кол коюшту.
_______________ шаарында 20__-жылдын "__" ___________ эки түп нускада ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Түркия Республикасы үчүн |