Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-апрели № 147-б
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болушу мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
долбоор
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги,
мамлекеттердин жана элдердин арасындагы достук мамилени эске алышып,
өз ара пайда максатында коргоо ведомстволордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө умтулушуп,
региондогу элдер арасында, ошондой эле бүт дүйнө жүзүндө коопсуздукту, тынчтыкты жана ишенимди камсыздоого салым кошууга бекем ниеттерин билдиришип, БУУнун Уставынын принциптерине жана өздөрүнүн мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине ылайык,
бул кызматташтык тең укуктуулуктун, эки жакка бирдейликтин жана өз ара пайданын негизинде натыйжалуу, уюшкандыкта, максатка багытталгандыкта жана үзгүлтүксүз ишке ашуусу керектигин таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташтык чөйрөсү
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашты.
1.1. Тараптардын макулдашуусу боюнча коргоо ведомстволорунун ортосунда, анын ичинде тийиштүү тармактарда эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, бул боюнча материалдык каражаттарды берүү жана кызматтарды көрсөтүү маселелерин кошо камтуу менен макулдашуулар болот, ошондой эле аскердик техника жана комплекттөөчү/запастык бөлүктөр жана тетиктер боюнча эки тараптуу долбоорлор болмокчу.
1.2. Маалымат алмашуу жана өкүлдөрдү жиберүү, ошондой эле окууларды, визиттерди уюштуруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен согуштук илим жана технология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
1.3. Тараптар өз ара макулдашуу боюнча аскердик чөйрөдө кызматташуунун ушул Меморандумда айтылбаган, өз ара кызыгуу жараткан башка тармактарында да, тараптардын мыйзамдарына ылайык кызматташуусу мүмкүн.
1.4. Коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик кызматташуу төмөнкүдөй жолдор аркылуу өнүктүрүлөт:
а) Тараптардын коргоо ведомстволорунун ортосундагы жолугушууларды расмий да, жумушчу тартипте да уюштуруу;
б) өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда тажрыйба алмашуу;
в) окууга жиберүү;
г) биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү;
д) экстремизмге, терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу;
е) аскердик инструкторлорду жана байкоочуларды алмашуу;
ж) семинарларды, консультацияларды жана симпозиумдарды өткөрүү;
з) өз ара макулдашуу боюнча ар түрдүү формаларда.
2-берене. Кызматташтыкты пландоо жана координациялоо
2.1. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ведомстволук кызматташуу планын ар жылдык негизде иштеп чыгышат.
2.2. Ушул Меморандумдун жоболорун контролдоо, жөнгө салуу жана аткаруу максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тийиштүү өз ара пайдалуу кызматташуунун планын даярдоо үчүн дайым жолугушууларды өткөрүп турушат.
Өз ара макулдашуу боюнча жолугушуулар Кыргыз Республикасынын аймагында да, Кытай Эл Республикасынын аймагында да өткөрүлүшү мүмкүн.
2.3. Жолугушуулардын күн тартиби, жолугушууларды өткөрүү боюнча уюштуруучу жана административдик маселелер Тараптардын макулдашуусу боюнча чечилет.
2.4. Жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер макулдашылган протоколдук жазуу формасында, же Тараптардын чечими боюнча башка ар кандай формада протоколдоштурулат.
2.5. Тараптар макулдашкан кызматташуу планын ишке ашыруу максатында, Тараптар жана керек болгон учурда алардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын мурдагы милдеттенмелерине каршы келбеген өзүнчө келишимдерди же макулдашууларды түзүшөт.
2.6. Ушул Меморандумдун алкагында каралган иш-чараларды финансылык камсыздоо ар бир конкреттүү учурда Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча чечилет.
3-берене. Маалыматтардын сакталышын камсыздоо
3.1. Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган маалыматтардын сакталышын камсыздоо боюнча керектүү чараларды көрүшөт. Андай маалыматтар Тараптардын кайсынысы болбосун экинчи Тараптын кызыкчылыгына зыян келтирип пайдаланылбашы керек, ошондой эле берки Тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү уруксатысыз үчүнчү Тарапка берилбөөгө тийиш.
3.2. Ушул берененин шарттары ушул Меморандумду колдонуу токтогондон кийин да күчүндө кала берет.
4-берене. Жыйынтыктоочу жоболор
4.1. Ушул Меморандум Тараптар кол коюшкан күндөн тартып күчүнө кирет.
4.2. Ушул Меморандумдун жарактуулугун ар бир Тарап экинчи Тарапка алты ай мурда алдын ала маалымдоо шарты менен токтотушу мүмкүн.
4.3. Ушул Меморандумду чечмелөөгө же ишке ашырууга байланышкан кайчы пикирлер консультация жолу менен чечилет.
______________ шаарында 2018-жылдын ____-_______________ ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн |