Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-майы № 170-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр жөнүндө макулдашууга жетишти:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү "Бишкек шаарынын көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 350 (үч жүз элүү) миллион кытай юаны өлчөмүндө кайтарымсыз грантын берет. Конкреттүү маселелер Макулдашууда каралат, ага Тараптар кошумча кол коюшат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы башка Тараптын атынан кытай юанында № 2017/1-грант өз ара эсебин ачат - ал пайыздарды жана жыйымдарды эсептебестен колдонулат. Гранттык каражаттарды пайдаланууда эсептерди жүргүзүү тартиби Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Банктар Тараптарга аталган эсептердеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз билдирип турушат.
3-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттерди Тараптар толук аткарганга чейин колдонулат.
Бишкек шаарында 2018-жылдын "__" _____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде ар бир Тарап үчүн бирден нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_____________________________________ |
| ______________________________________ |