Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-январы № 2-б
1. 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасына аталган Протоколдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы ПРОТОКОЛ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 5-беренесине ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Макулдашуунун аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене.
Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү (мындан ары - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын өкүлчүлүгү) Москва шаарында жайгашуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулат/түзүлөт.".
3. Макулдашуунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Министрлигинин өкүлчүлүгү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлчүлүгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
____________ шаарында 2016-жылы "__" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |