Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 24-январы № 16-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Армения Республикасынын Борбордук банкы өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар эксперттердин деңгээлинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү туруктуу негизде жүргүзүп турууга милдеттеништи. Тараптар эксперттердин жана/же кызматкерлердин иш сапарлары аркылуу өз ара кызматташууну чыңдоого макулдашты. Маалымат жана тажрыйба алмашуу электрондук почта, теле жана видеоконференция, командировка аркылуу тренингдерди, семинарларды, тажрыйбалык такшалууларды, жолугушууларды, жыйындарды, эксперттердин жана адистердин иш сапарларын уюштуруу, өз ара макулдашкан чөйрөдө изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында техникалык маселелер боюнча консультациялар түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн.
2-берене.
Ушул Меморандумдун 1-беренесине ылайык Тараптар экономикалык жана финансылык жактан жетишкен ийгиликтер, анын ичинде улуттук/борбордук банктардын ишине тиешелүү маселелер боюнча маалыматтар жана ой-пикирлер менен алмашууга ниеттенишүүдө.
Тараптар төмөнкүлөрдү кошо алганда жана алар менен чектелбестен купуялуу маалыматтар менен алмашуудан баш тартууга укуктуу:
- Тараптардын колдонуудагы мыйзамдарына, эрежелерине жана ички жол-жоболоруна ылайык жайылтууга тыюу салынган маалыматтар менен;
- Тараптардын улуттук коопсуздук маселелери менен байланышкан маалыматтар менен.
Тараптар, бир Тараптын юрисдикциясына ылайык маалыматтардын купуялуулугуна тиешелүү экинчи Тараптын берген баасын өз ара кабыл алышат.
Тараптар, тиешелүү укуктук каражаттар аркылуу Тараптар өздөрүнүн жетектөөчү органынын, штатынын бардык мүчөлөрү, анын ичинде кайсы кызматкери болбосун маалымат алмашуунун жүрүшүндө же техникалык кызматташуунун алкагында, өзгөчө кызматташуу мезгилинде экинчи Тарапка белгилүү болуп калган купуялуу мүнөздөгү маалымат боюнча мындай түрдөгү купуялуу маалыматты берүүдөн баш тартуу укугуна карабастан экинчи Тарапка берген купуялуу маалыматты алмашуунун жүрүшүндө маалымат менен байланышкан бардык маселелер боюнча Тараптардын бири купуялуулукту сактай тургандыгына кепилдик бериши керек.
Тараптарга маалыматтарды жана/же материалдарды пайдаланууда кеңири коомчулукка жайылтылбоочу маалыматтарды таркатууга, мындай түрдөгү алмашуунун жана иштин жүрүшүндө алынган маалыматтарды өзгөчө айрым адамдардын же чарба субъекттеринин кызыкчылыгында пайдаланууга тыюу салынат.
Маалыматтын купуялуулугун сактоо боюнча жогоруда белгиленген милдеттенме Тараптардын биринин жетектөөчү органынын, штатынын мүчөсү, анын ичинде кайсыл кызматкери болбосун өзүнүн кызматтык милдетин аткарууну токтоткон учурда дагы колдонулат.
3-берене.
Ар бир Тарап ушул Меморандумду ишке ашырууга жооп берген жана өз ара байланыш кызматын аткарган уюштуруу бөлүмүн жана өкүлдү дайындашы керек. Тараптар тиешелүү байланыш звенолору жөнүндө бири-бирине маалымат берүүгө тийиштүү.
Тараптардын байланыш звенолору жыл сайын баалоо жүргүзүп, жыйындарды пландаштырышы керек.
Ар бир Тарап тренингдерди, командировкаларды, семинарларды, тажрыйбалык такшалууларды, жыйындарды, изилдөө иштерин өткөрүү учурундагы барууга жана жашап турууга кеткен өзүнүн чыгымдарын өз алдынча же макулдашуу боюнча жабууга тийиш.
4-берене.
Маалыматты берүү жөнүндө суроо-талап Тараптардын макулдашуулары боюнча корголгон тармак же башка коопсуз ыкмалар аркылуу жазуу жүзүндө берилет.
5-берене.
Ушул Меморандумду колдонуу жана чечмелөө менен байланышкан мүмкүн болуучу бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
6-берене.
Ушул Меморандумга киргизиле турган өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө берилген жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган учурда гана жарактуу болуп эсептелет.
Ушул Меморандум Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жыл бою колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка мөөнөт бүткөнгө чейин алты ай мурун Меморандумду бузуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда ушул Меморандум кийинки үч жылга өзүнөн-өзү узартылат.
Тараптар Меморандуму бузуу жөнүндө билдирүү алынганга чейин башталган кызматташуу жөнүндөгү долбоорлордун андан ары улантылышына жана пландаштырылгандай толук көлөмдө ишке ашырыла тургандыгына макулдук беришет.
Ушул Меморандум кыргыз, армян, орус тилдеринде эки нускада Ереван шаарында 2017-жылдын "__" __________ кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун текстин чечмелөөдө кайчы пикирлер орун алган учурда, орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үчүн |
| Армения Республикасынын Борбордук банкы үчүн |