Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 26-январы № 19-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кесиптик даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кесиптик даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө ПРОТОКОЛ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети,
эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу, тактап айтканда бажы иши жаатында мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү каалоо менен,
бажы иши жаатында кадрларды кесипкөй даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында өз ара жардам көрсөтүү жана кызматташууну өнүктүрүүгө умтулуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана ушул Протоколго ылайык кесиптик даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну ишке ашырышат жана төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
а) тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу методикасын биргелешип иштеп чыгуу;
б) бажы иши жаатында биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү уюштуруу;
в) семинарларды жана башка биргелешкен окуу-методикалык жана илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү;
г) кинологиялык кызматтардын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча окууларды өткөрүү;
д) кадрларды кесипкөй окутуу жаатында кызматташууга байланышкан башка иш-чаралар.
2-берене.
Тараптар ушул Протоколдун 1-беренесинде каралган конкреттүү иш-чараларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын (анын ичинде каржылоо менен байланышкан маселелер) аларды өткөрүүгө чейин үч айдан кеч эмес макулдашышат.
3-берене.
Тараптар ушул Протоколду ишке ашыруу максатында тиешелүү кызмат адамдарына ыйгарым укук беришет жана алардын тизмелерин жиберишет. Аталган тизмелерде өзгөрүүлөр болгон учурда Тараптар бул жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө билдиришет.
4-берене.
Ушул Протоколду аткаруу маселелери боюнча Тараптардын ортосундагы кат алышуу орус тилинде жүргүзүлөт.
5-берене.
Ушул Протоколду талкуулоодо же жоболорун колдонууда кайчы пикирлер жаралган учурда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
6-берене.
Ушул Протоколдун жоболору Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын милдеттенмелеринин жана укуктарынын тиешеси болбойт.
7-берене.
Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Протоколдун 8-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинет жана өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө билдирмени дипломатиялык канал боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протокол 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгер Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык канал боюнча жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен билдирбесе автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
_____________________ шаарында 20____-жылдын "____" _________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн |