Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-июну № 199
2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 78-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 13-июнунан тартып 15-июнуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 78-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Разаков Жениш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөсү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин мүчөсү, делегациянын башчысы; |
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулмамбетов Самат Дилдемуратович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары; |
Турсункулов Кайрат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Усенканов Мирлан Бекзатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Абдылдаев Акылбек Талайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы. |
Эскертүү:
(*) - 2018-жылдын 13-июнунан тартып 16-июнуна чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.