Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-февралы № 66-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында:
1. 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Таза жашоо" урааны алдында үч айлык жарыялансын.
2. Үч айлыкты өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети он күндүк мөөнөттө үч айлыкты өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2018-жылдын март-майына Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул буйруктан келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана чарбакер субъекттерге менчигинин түрүнө карабастан бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:
- көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;
- администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;
- көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;
- штакетниктерди, дувалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;
- айлана-тегерегин көрктөндүрүү;
- калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;
- муниципалдык жолдорду оңдоо;
- социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо;
- башка иштердин түрлөрү.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), 15-апрелге, 15-майга карата үч айлыкты өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, 2018-жылдын 1-июнуна карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары тууралуу 2-тиркемеге ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдашсын.
9. Жалпыга маалымдоо каражаттарына, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунушталсын.
10. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
1-тиркеме
Республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Таза жашоо" урааны алдында үч айлык өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы.
2-тиркеме
Форма
Республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык абалын жакшыртуу, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү боюнча үч айлык өткөрүү жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Облус боюнча бардыгы | Район боюнча | Шаар боюнча |
1 | Ишембиликтерге катышкан уюмдардын жамааттардын саны |
|
|
|
2 | Катышкан адамдардын саны |
|
|
|
3 | Парктар, скверлер, бакчалар жасалды |
|
|
|
4 | Көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотулду (км) |
|
|
|
5 | Бактар тигилди, бардыгы, анын ичинде ийне жалбырактуулар (даана) |
|
|
|
6 | Ички жолдор жана тротуарлар оңдолду (км) |
|
|
|
7 | Имараттардын фасаддары оңдолду (даана) |
|
|
|
8 | Штакетниктер орнотулду (п.м) |
|
|
|
9 | Санитардык тазалоо, таштанды чыгарылды (тонна) |
|
|
|
10 | Арыктар тазаланды (км) |
|
|
|
11 | Башка иштердин түрлөрү |
|
|
|
12 | Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом) |
|
|
|
13 |
|
|
|
|