Редакцияот 01.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 1-марты № 70-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Өнүктүрүү саясатын колдоо операциясы" программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С.Дж.Исаков

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, делегациянын башчысы;

Мусабекова Жылдыз Аманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча):

Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Сарымсаков Манас Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Омокеев Айбек Талгатбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Горин Олег Вячеславович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Курманбеков Медербек Темирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Джусупбеков Бакытбек Асанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.