Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-июну № 193-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Акысыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Акысыз жардам берүү жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү "Илимий-инновациялык айыл чарба технопаркын түзүү", "Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тиешелүү жабдуулар менен жабдуу", "Археологиялык эстеликтерди изилдөө, консервациялоо, реставрациялоо жана музейлештирүү (Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана)", "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)" жана башка долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга жалпы суммасы 600 миллион кытай юанын кайтарымсыз жардам катары берүүдө. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумчалап кол коё турган Макулдашууларда каралат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "РСК банк" ачык акционердик коому жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы башка Тараптын атынан № 2018/2 грант гранттык эсепти кытай юанында өз ара ачышат, ал пайыздарды жана жыйымдарды эсептөөсүз колдонулат. Гранттык каражаттарды колдонууда эсептерди жүргүзүү Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Банктар белгиленген эсептердин каражаттарын колдонуу жөнүндө маалыматты Тараптарга үзгүлтүксүз жөнөтүп турушат.
3-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттер Тараптар тарабынан аткарылганга чейин колдонулат.
2018-жылдын "__" ___________ _______________ шаарында эки нускада, тараптардын ар бири үчүн бирден нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында тексттердин бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |