Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 192-б
Кыргыз Республикасында 2018-жылы төртүнчү Глобалдык тоо форумун ийгиликтүү даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында 2018-жылы төртүнчү Глобалдык тоо форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында 2018-жылы төртүнчү Глобалдык тоо форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында 2018-жылы төртүнчү
Глобалдык тоо форумун даярдоо жана өткөрүү
боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Асымбеков Шамиль Уметович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Кемелова Динара Амантуровна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Жусубалиев Азимкан Ильясович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Горин Олег Вячеславович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим департаментинин директору; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Шерипов Эльдияр Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары: |
Арпачиев Канатбек Макенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Ташбаев Илияз Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы; |
Жундубаев Кылычбек Шералиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Кайбалиев Азамат Нарынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы; |
Мамбетакунов Нурбек Тельманович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Аширбаев Элкинбек Токтогонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Черникова Татьяна Геннадьевна | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жама маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы; |
Женбаев Бекмамат Мырзакматович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун башкы илимий катчысы; |
Алкадыров Азамат Муканбетович | - | Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борборунун директору; |
Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун Инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кравченко Богдан | - | Борбордук Азия Университетинин башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Марк Фоггин | - | Борбордук Азия Университетинин Тоолуу жамааттарды изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кристиан Харгартен | - | Тоолуу жамааттарды изилдөө институтунун улук илимий кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Асыкулов Толкунбек Асыкулович | - | Германия Федеративдүү Республикасынын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору (макулдашуу боюнча); |
Алыгулова Кыял Алыгуловна | - | Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын жумушчу катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Жумабай уулу Кубанычбек | - | Кыргыз Республикасындагы "Сноу Леопард Фаундейшн (SLF)" фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Балбакова Фарида Нургазиевна | - | Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун (WWF) долбоорлорунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча); |
Ибрагимов Данияр Токтогулович | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы курчап турган чөйрө жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктери боюнча программалык лидери (макулдашуу боюнча); |
Рахманова Динара Курманбековна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары (макулдашуу боюнча): |
Алымкулова Анара Сапаровна | - | "Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту" коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |