Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 185-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгынын ортосундагы Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгынын ортосундагы Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгы, мындан ары "Тараптар" деп аталуучу,
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк багытын карманып,
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда өз компетенцияларын эске алып, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйбаларды алмашуу максатында, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар эки өлкөнүн радиостанцияларына жана телеканалдарына маалыматтык кызматташтыктын жигердүү өнүгүүсүнө документалдык жана илимий-популярдуу фильмдер, телерадиосериалдар жана башка маданий жана билим берүүчү телерадио берүүлөрдү алмашуу аркылуу демилге берет жана жардам көрсөтөт.
Кытай тарап белгилүү өлчөмдөгү кытайдын телекөрсөтүү иштерин Тараптардын консультациясынан кийин аныктала турган конкреттүү шартта которуу, дубляждоо жана көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын телеканалдарына берүүгө даяр.
2-берене.
Тараптар телерадиоберүү рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара тажрыйба алмашуу максатында делегациялардын иш сапарларын уюштурат, радио жана телеберүү саясаты чөйрөсүндө пикир алмашат, медиаиндустрияны өнүктүрүү жана контент өндүрүүнү демилгелейт.
3-берене.
Тараптар репортаж тартуу жана чыгаруу үчүн телерадиоуюмдардын өкүлдөрү менен алмашууну колдойт. Кабыл алуучу тарап, барган журналисттердин тобуна зарыл болгон жардамын берет. Медиа индустриянын өкүлдөрүнүн келүү шарты Тараптардын ар бир учурга өзүнчө кеңешүүсү менен аныкталат.
4-берене.
Тараптар өз өлкөсүндө бири-биринин катышуусуна көмөк көрсөтүү менен эл аралык, региондук радио жана телекөрсөтүү фестивалдарына жана башка радио жана телекөрсөтүү иш-чараларына катышуу үчүн активдүү чакырышат.
5-берене.
Тараптар эки өлкөнүн радио жана телекөрсөтүү тармагында алмашууга жана кызматташууга активдүү көмөктөшөт, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик даярдоо жана тажрыйба алмашуу мүмкүндүгүн берет.
6-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиешелүү протокол менен таризделип, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптарга кайсы бир финансылык милдеттенмелерди таңуулабайт.
7-берене.
Бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык өз компетенцияларынын чегинде ишке ашырылат.
8-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 3 (үч) жылга чейин колдонулат. Эгерде кол койгон Тараптар бул Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай мурун жазуу жүзүндө билдирме жибербесе, бул Макулдашуунун мөөнөтү автоматтуу түрдө кийинки эки жылга улантылат.
Бул Макулдашуу 20 ___-жылдын "___" _________________ шаарында үч нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жобосун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана/же колдонууга байланыштуу ар кандай талаштар өз ара консультациялар жана сүйлөшүү аркылуу жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкы башкармалыгы үчүн |
________________________________ |
| ________________________________ |