Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 189-б
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Тышкы соода-экономикалык кызматташуу аймагын уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Тышкы соода-экономикалык кызматташуу аймагын уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жака коргоо агенттиги (мындан ары - кыргыз тарап) жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги (мындан ары - кытай тарап), стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү, "Бир жол, бир максат" демилгесин ишке ашырууга көмөктөшүү жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, теңдик жана өз ара пайда көрүү принцибине ылайык, достук консультацияларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы-соода-экономикалык кызматташтык аймагын уюштуруу (мындан ары - ТСЭКА) боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Тараптар ТСЭКАны уюштуруу кытай ишканаларынын инвестицияларын Кыргыз Республикасына тартууга, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептешет.
2-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасындагы ТСЭКАда кызыкчылыгы бар кытай ишканаларынын иш жүргүзүүсүн колдошот жана көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар кытайлык компаниялар ТСЭКАда өзүнүн ишин жүргүзүүдө төмөнкү принциптерди жетекчилигине алуулары керек деп эсептешет:
- иштерди ак-ниет жана сапаттуу аткаруу;
- өз ара урматтоо, теңдик жана өз ара пайда көрүү.
4-берене.
Кытай тарап Кыргыз Республикасындагы ТСЭКАда кытайлык ишканаларга иштерин жүргүзүүгө активдүү көмөк көрсөтөт, инвестициялары тартуу жана ТСЭКАнын иштөө процесстерине керектүү жардам көрсөтөт. Кытай тарап ТСЭКАны уюштуруу үчүн кыргыз тарап менен өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр, ошондой эле кыргыз кызматкерлерин окутуу боюнча иштерди колдойт.
Кыргыз тарап ТСЭКАны уюштуруу Кыргыз Республикасында чет элдик инвестициялык долбоор экендигин ырастайт жана аны уюштуруу процесстеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестицияларды тартууга, жер участогун алууга, салык салуунун жана бажы төлөмдөрүнүн жеңилдетилген шарттарына, визалык колдоого көмөк көрсөтөт.
5-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасындагы ТСЭКАда өз ишин жүргүзүүчү кытай ишканалары үчүн кредиттик-финансылык уюмдардын финансылык ресурстарды беришин колдошот.
6-берене.
Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын базасында өтүп турат.
7-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Меморандумга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат, алар өзүнчө макулдашуулар менен таризделип, меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп калат.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин жарактуу болот.
Ушул Меморандум Тараптардын эч кандай финансылык жана юридикалык милдеттенмелерин болжолдобойт жана карабайт. Ушул Меморандум Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы принциптерин гана болжолдойт, конкреттүү милдеттенмелер өзүнчө макулдашууларга кол коюу жолу менен аныкталат.
Ушул Меморандумга карата бир да Тарап экинчи Тарапты милдеттенмелери же карыздары менен түйшүккө салбайт жана тиешелүү түрдө өзүнчө макулдашууларды түзбөй туруп экинчи Тараптын агенти катары иш жүргүзө албайт.
2018-жылдын "___" ____________ _________________ шаарында кол коюлган, эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги үчүн |