Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 6-июну № 196-б
Бишкек шаарында 2018-жылдын 6-7-июнунда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" жана "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоорлорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколдоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" жана "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо" долбоорлорун каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Пирматов Исхак Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Зулпукаров Торобай Закирович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, (макулдашуу боюнча); |
Сабиров Шухрат Маматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; |
Омокеев Айбек Талгатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору; |
Сыдыков Бакыт Толомушович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Умтулов Нурлан Джумалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Акынбеков Алмаз Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөр башкармалыгынын тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялоо секторунун башчысы; |
Арпачиев Данияр Карагулович | - | Каракол шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Темирбаев Турдалы Абдикеримович | - | Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Ишембиев Канатбек Абылович | - | Каракол "Сууканал" ишканасынын" директору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Айтбай Исмаилович | - | "Жалал-Абад суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |