Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-майы № 175-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техника-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташтыктын алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техника-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталышып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү "Археологиялык эстеликтерди изилдөө, консервациялоо, реставрациялоо жана музейге айландыруу (Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана шаарчалары)" долбоорун жана башка долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 100 (жүз) миллион кытай юаны өлчөмүндөгү кайтарымсыз грантты бөлүп берет. Конкреттүү маселелерди Тараптар кошумча түзө турган макулдашууларда караштырат.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы башка Тараптын атынан кытай юанында № 2017/2-грант деген гранттык эсебин өз ара ачышат, ал пайыздарды жана жыйымдарды эсептебестен колдонулат. Гранттык каражаттарды пайдаланууда эсептерди жүргүзүү тартиби Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык ишке ашырылат. Банктар Тараптарга аталган эсептердеги каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз билдирип турушат.
3-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттерди Тараптар толук аткарганга чейин колдонулат.
Бишкек шаарында 2018-жылдын "___" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде ар бир Тарап үчүн бирден нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |