Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 3-июлу № 233-б
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсеси,
өз ара урматтоо, ишеним, өнөктөштүк жана кызматташтык принциптерине негизденүү менен,
Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ), Аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюмунун (АЗОСАИ), Шанхай кызматташтык уюмунун ишинин жоболорун жана негизги принциптерин, Тараптар катышуучулар болгон кызматташуунун жана башка форматтарын жетекчиликке алуу менен,
тышкы мамлекеттик аудит жаатында натыйжалуулукту жогорулатууга умтулуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
Тараптар өзүнүн компетенциясында иш алып баруу жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен ушул Макулдашууга ылайык кызматташтыкты ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар эки тараптуу негизде, ошондой эле ИНТОСАИ, АЗОСАИ жана ШКУнун алкагында да кызматташууну өнүктүрүү ниетин билдиришет.
3-берене.
Тараптардын кызматташуусунун негизги багыттары жана формалары:
1) тажрыйба алмашуу жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча иш-чараларды уюштуруу, анын ичинен тышкы мамлекеттик аудитти жакшыртуу боюнча консультацияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү, конференцияларды өткөрүү;
2) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү, анын алкагында Тараптардын ар бири өз ара макулдашуу боюнча өз кызматкерлеринин кесиптик билимин жана көндүмүн өркүндөтүү максатында конференцияларга, семинарларга, стажировкаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында уюштурулуучу эл аралык мүнөздөгү башка иш-чараларга катышуу үчүн экинчи Тараптын делегацияларын же айрым адистерин чакырат;
3) Тараптардын иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон маалымат-маалымдоо материалдарын, анын ичинен тышкы мамлекеттик аудит жаатындагы стандарттарды жана методологиялык иштеп чыгууларды алмашуу;
4) биргелешкен же ошол эле учурдагы аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды өткөрүү;
5) ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аныкталган шарттарды эске алуу менен кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттары жана формалары.
4-берене.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча биргелешкен же ошол эле учурдагы аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын материалдарын, ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында башка маалыматтарды бири-бирине беришет.
Мында Тараптар жогоруда аталган материалдарды алганда, анын купуялуулугун кепилдейт, буга аларда баяндалган маалымат Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ачык болуп эсептелген учурлар кирбейт.
Тараптардын ар бири эгерде маалымат берген Тарап алынуучу маалыматтын жайылтылышын каалабаса анын купуялуулугун камсыздайт.
Эгерде, Тараптардын биринин пикири боюнча маалымат берүү өз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же жана башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо же мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка купуя сырларды бузууга алып келсе, мындай маалыматты толук же жарым-жартылай берүүдөн баш тарта алат, бул жөнүндө Тараптар бири-бирине маалымдайт.
5-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө делегацияларды же айрым кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдар, эгерде Тараптардын алдын ала макулдашуусунда башкача каралбаса, Тараптардын жеке каражаттарынан жүргүзүлөт.
6-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну ишке ашырууда жазуу жүзүндө жана оозеки баарлашуу үчүн англис тилин колдонушат.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу менен байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору тараптардын өз ара сүйлөшүүсү боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнчө протокол менен таризделиши керек.
9-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
10-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири аны токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу биргелешкен же ошол эле учурдагы аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде токтотулбайт.
Бишкек шаарында 2018-жылдын ___ ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы |
| Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору |
Улукбек Марипов |
| Ху Зеджун |