Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу № 244-б
Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жана айыл чарба субъекттерин агроөнөр жай комплексиндеги жаңы техникалар жана заманбап технологиялар менен тааныштыруу, айыл чарба техникаларын сатуу рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-жылдын 14-16-ноябрында Бишкек шаарынын Эски аянтында "АгроТехЭкспо-2018" республикалык көргөзмөсү (мындан ары - Көргөзмө) өткөрүлсүн.
2. Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө Көргөзмөнү өткөрүү боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) Көргөзмөнү өз убагында даярдоодо жана өткөрүүдө жооптуу органдар болуп аныкталышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- ата мекендик, чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр жана айыл чарба техникаларын, машиналарды жана жабдууларды өндүрүүчүлөр менен бирге Көргөзмөнүн ишин уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөктөшүүсү аркылуу чет өлкөлүк техника өндүрүп чыгаруучу ишканалар менен компанияларга чакыруу каттарын жөнөтүшсүн;
- Көргөзмөгө катышуучу уюмдардын тизмесин түзсүн, экспоненттерди каттасын, өз продукцияларын көрсөтүү үчүн аларды Эски аянтка жайгаштырууга орундарды бөлүштүрсүн, көргөзмөнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын калькуляциясын түзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан сырткары жактардан чет өлкөлүк жеткирип берүүчүлөрдүн техникаларды, машина жана жабдууларды Кыргыз Республикасына алып кирүүсүнө байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнү камсыздасын.
7. Бишкек шаардык мэриясы (макулдашуу боюнча) күн сайын таштандыларды жыйнап жана чыгарууну камсыз кылсын, соода аянттарын уюштурууга көмөктөшсүн.
8. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирге өткөрүлүүчү Көргөзмө тууралуу маалымдасын жана айыл чарба субъекттеринин көргөзмөсүнө катышууну каалагандардын санын аныктасын:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъекттерин лизингдик кредиттөөнү жеткирүүчүлөр менен бирге презентацияласын, Көргөзмөнүн катышуучуларын жана келгендерди иштеп жаткан кредиттик багыттар жана техниканын лизингинин шарттары тууралуу маалыматтык материалдар менен камсыздасын.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көргөзмөнүн коопсуздугун жана кайтарууну камсыздасын, Көргөзмөнүн аймагына жакын турган көчөлөрдө транспорт каражаттарынын каттамдарына убактылуу чектөө киргизүүнү уюштурсун, ошондой эле жеткирип берүүчүлөрдүн өтүнүчтөрү боюнча Көргөзмө боло турган жайга айыл чарба техникаларынын колоннасын коштоп барууда көмөктөшсүн.
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
2018-жылдын 14-16-ноябрында болуучу "АгроТехЭкспо-2018" республикалык көргөзмөсүн даярдоо жана өткөрүү боюнча УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бишкек шаарынын вице-мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо департаментинин директору;
"Аталык Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору (макулдашуу боюнча).