Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу № 242-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Беларусь Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы Маданият чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Беларусь Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы Маданият чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары ''Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Беларусь Республикасынын Маданият министрлиги,
маданият чөйрөсүндөгү кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин элдеринин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүү мамилелерин өнүктүрөөрүнө терең ишенимин билдирип,
маданият чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө жалпы мүдөөнү жетекчиликке алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар компетенцияларынын чегинде жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык маданият чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууга жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттенишет.
2-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин концерттик уюмдарынын жана чыгармачыл союздарынын ортосунда музыкалык, хореографиялык искусство боюнча түздөн-түз байланыштарды түзүүгө, ошондой эле аткаруучулар, музыкалык жана хореографиялык коллективдердин ортосунда чыгармачыл алмашууга жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү эл аралык конкурстарга жана фестивалдарга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар театралдык коллективдердин жана өз алдынча аткаруучулардын гастролдорун, эл алдына чыгуусун уюштурууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле театралдык фестивалдарга эки тараптуу катышуу жолу менен Тараптардын мамлекеттеринин театрларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар музей иштери жаатында эксперттерди жиберишүү, маалымдама материалдарды, ошондой эле музей иштери чөйрөсүндөгү илимий конференциялар жана семинарлар жөнүндө маалыматтарды алмашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын музейлери жана галереяларынын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар музей көргөзмөлөрүн, анын ичинде заманбап көркөм өнөр көргөзмөлөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт. Көргөзмөлөрдү өткөрүү шарттары, убакыты, өткөрүү жайы ар бир конкреттүү учурда уюштуруучулар тарабынан аныкталат.
5-берене.
Тараптар эки мамлекеттин китепканаларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды түзүүгө, анын ичинде китепкана иши боюнча адистерди жиберишүүгө, адабият, басылмаларды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар эксперттердин семинарларга жана конференцияларга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле китеп көргөзмөлөрүн, методикалык жана библиографиялык материалдарды алмашуусун колдошот.
6-берене.
Тараптар кинематография чөйрөсүндө түздөн-түз байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга, анын ичинде эл аралык кинофестивалдарга катышууга, маалымат, жарнама жана башка материалдарды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелеринин ортосунда түздөн-түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү эл аралык конкурстарга жана фестивалдарга маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана студенттеринин катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Тараптар тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана калыбына келтирүү чөйрөсүндө кызматташтыкты колдойт.
9-берене.
Тараптар элдик чыгармачылык чөйрөсүндө кызматташат жана ушул жаатта эксперттерди жиберишет.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү эл аралык фольклордук фестивалдар жөнүндө маалыматтарды алмашат жана өздөрүнүн өкүлдөрүнүн ушул иш-чараларга катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
10-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууну камсыз кылуучу иш-чараларды ишке ашыруунун конкреттүү шарттары Тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар уюмдарынын ортосунда түздөн түз эки тараптуу консультациялардын алкагында кызматташуунун жана паритеттин негизинде аныкталат.
11-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде ушул Макулдашуунун максатына жооп берген башка маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн четке какпайт.
12-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечишет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө билдирбесе, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда ушул Макулдашуунун алкагында ишке ашырылуучу бардык долбоорлор жана иш-чаралар Макулдашууда мурда айтылган шарттарга ылайык токтотулууга тийиш.
_______________ шаарында ___-жылдын "__" ____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |
| Беларусь Республикасынын Маданият министрлиги үчүн |
________________________________ |
| ________________________________ |