Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2018-жылдын 4-июну № 399
(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 2-июлундагы № 445 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө" чечиминин (мындан ары - Чечим) 2-пунктун жана 3-пунктунун 4-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Чечимди ишке ашырууга багытталган укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун эң кыска мөөнөттө иштеп чыгуу планын (мындан ары - Иш планы) бекитсин;
- Иш планына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко эксперттик жардам көрсөтүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
5. Министрликтердин, комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топко көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, уктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ